Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-августы №107 /XXIV -27
Долбоор аркылуу 2020-жылга коюлган иштерди аткаруу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында 2020-жылдын 1-июлундагы айылдын жалпы жыйынында көтөрүлгөн маселени талкуулап долбоор аркылуу ‘Гүл Балалык” балдар бакчасынын чатырын жана эскилиги жеткен терезелерин которуу иштерин ишке ашыруу жөнүндө маселени карал айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Долбоорду ишке ашыруу учун 5 адамдан турган курам демилгечи топ болуп бекитилсин.
2. ‘Гүл Балалык” балдар бакчасынын чатырын жана терезелерин которуу иштерине 2020-жылы терезе которууга каралган 180,0мин сом айыл өкмөтүнүн өздүк салым катары колдонулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы: | Ш.Андашов |