Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-сентябры №108/ XXV
Үгүт иштерин жүргүзүүгө имараттарды ижарага берүү жана ижара акысын бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарын шайлоого байланыштуу шайлоочуларга үгүт иш чараларын жүргүзүүгө,санитардык нормаларды жана COVID-19 шарты боюнча талаптарды камсыз кылуу менен өткөрүүгө Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нурманбет айыл өкмөтү партиялардын өкүлдөрүнө кызматтык кеңсе (Нурманбет айылдык клубу) шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн бирдей шарт түзүү менен берсин
2. Партиялардын өкүлдөрү төмөнкүлөрдү камсыз кылышсын:
-Кыргыз Республикасынын “Шайлоолор жөнүндө” Кодексине ылайык шайлоочулар менен жолугушуу учурунда коомдук тартипти сакташсын; -пандемия убагындагы COVID-19 шартына ылайык шайлоочуларды жана имаратты дезинфекциялык каражаттар менен камсыз кылсын
-шайлоочулар ортосундагы аралык 1,5-2 метр болуусу камсыздалсын
3. Ижарага берилген имараттын ижара акысы 1 саатына 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.Ижара акысы айыл өкмөтүнүн атайын эсебине которулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин тартип,мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Андашов |
. |