Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-ноябры № 726
Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча "Темир" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө
Мамлекеттик ишканалардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96 жана 97-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча "Темир" мамлекеттик ишканасы жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- "Темир" мамлекеттик ишканасын жоюу жол-жобосун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-мартындагы № 141 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча "Темир" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 191 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча "Темир" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы № 387 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Ушул токтомдун жоюу жол-жобосу аяктаган күндөн тартып күчүнө кире турган 3-пунктун кошпогондо, ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Исаков |