Загрузка документа…
2-тиркеме | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 токтомуна |
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уставы
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 99 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мүлкү мамлекеттин менчигинде турган мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруучу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы) эсептелет.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Специализированное монтажно-эксплуатационное управление Главного управления по обеспечению безопасности дорожного движения Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ИИМ ЖКККББ АМЭБ" МИ";
- расмий тилде: "ГП "СМЭУ ГУОБДД МВД КР".
6. Ишкана өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрүнө, штамптарына, белгиленген үлгүдөгү бланктарына ээ.
7. Мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантия) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
8. Кыргыз Республикасымын Өкмөтү Ишкананын кирешесинин бөлүгүн алууга укуктуу.
9. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы ал бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
10. Ишкананын кызматкерлеринин өкүлчүлүгүн кесиптик бирликтер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеген кесиптик бирликтер ишке ашырат.
11. Ишкананы жана анын филиалдарын күтүү, жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттарын (ЖТК) долбоорлоого, орнотууга, эксплуатациялоого жана оңдоого чыгымдар түзүлгөн келишимдер аркылуу, анын ичинде келишимдерди каржылоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
12. Ишкана заказчы катары чыга алат жана долбоордук, куруу-монтаждык, жөндөө боюнча жана башка жумуштарды жүргүзүү үчүн тиешелүү подряддык уюмдарды тарта жана башка ишканаларда зарыл буюмдарды даярдоого заказдарды жайгаштыра алат.
13. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, М.Горький көчөсү, 20.
14. Ишкана аппараттык программалык комплексти техникалык тейлөө, жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын (светофор объекттери, жол белгилери) орнотуу жана күтүү аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча өз ишин жүргүзөт.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
15. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) укуктук тартипти сактоону камсыз кылууга байланышкан стратегиялык маанидеги товарларды өндүрүүдөгү, жумуштарды аткаруудагы жана кызматтарды көрсөтүүдөгү мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;
2) мамлекеттик башкаруу органынын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү боюнча Ишкананын түз мамлекеттик заказды аткаруусу;
3) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу.
16. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын (светофор объекттерин, жол белгилерин) орнотуу, техникалык тейлөө жана күтүү аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу;
2) белгиленген эрежелерге жана стандарттарга ылайык көчөлөрдүн өтүүчү бөлүгүнө горизонталдуу жана вертикалдуу жол чиймелерин түшүрүү, калыбына келтирүү жана өчүрүү боюнча иштерди аткаруу;
3) Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото, видео фиксациялоочу аппараттык-программалык комплексти техникалык тейлөө
17. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) светофор объекттерин, жол кыймылын жөнгө салуу аппаратураларын, жол кыймылын жөнгө салуунун автоматташтырылган башкаруу системаларын, жол кыймылын уюштурууда колдонулуучу байланыш линияларын жана башка техникалык каражаттарды, жабдууларды орнотуу, реконструкциялоо, монтаждоо, жөндөө, оңдоо;
2) бардык модификациялардагы жол белгилерин орнотуу, алмаштыруу жана калыбына келтирүү;
3) жөө жүрүүчүлөр үчүн тосмолорду орнотуу;
4) жол чиймелерин түшүрүү;
5) жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттарын эксплуатациялоо;
6) жол белгилерин, тирөөчтөрдү, кронштейндерди жана башка даярдоолорду, түйүндөрдү, ошондой эле жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын бекитүү үчүн деталдарды жана жол кыймылын уюштурууда колдонулуучу башка техникалык буюмдарды жасоо;
7) светофор объекттерин башкаруу аппаратураларынын заманбап системасын киргизүү жана аларды жөнгө салуу;
8) жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттарын киргизүүнүн жылдык жана келечектүү пландарын иштеп чыгууга катышуу, керектүү материалдарга жана жабдууларга муктаждыкты аныктоо;
9) жөнгө салуунун техникалык каражаттарын эксплуатациялоо боюнча аткарылган жумуштардын мезгилдүүлүгүн (тизмесин) жыл сайын аныктоо;
10) эксплуатациялоодогу жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттарына техникалык документтерди жүргүзүү жана аларды эсепке алуу;
11) жеткирүүчүлөрдөн материалдарды жана жөнгө салуунун техникалык каражаттарын алуу, аларды эсепке алуу жана сактоо, аларды багыты боюнча так пайдаланууну контролдоо;
12) жөнгө салуу каражаттарын долбоорлоого тапшырмаларды даярдоо, долбоорлорду макулдашуу жана долбоордук документтерди кабыл алуу;
13) жөнгө салуунун техникалык каражаттарынын курулушу жана оңдоо иштери аяктаган объекттерин заказчыга көрсөтүү;
14) бухгалтердик, ыкчам жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү, кассалык операцияларды жүргүзүү, эмгек акыны белгиленген тартипте эсептөө жана төлөө;
15) жол кыймылынын коопсуздугу, автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, куруу технологиясы жаатында илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана башка иштерди жүргүзүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
18. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды жүргүзүүгө;
2) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын базар конъюнктурасына жараша өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
4) өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) уюштуруучулук-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жарандар менен өз алдынча келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого;
7) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада жумуштарды аткарууга жеке жактарды белгиленген тартипте тартууга;
8) Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде кызматтык зарылчылыкка байланыштуу жана эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн чет өлкөгө жиберүүгө;
9) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну ишке ашырууга;
10) эл керектөөчү товарларды жана өндүрүштүк-техникалык багыттагы товарларды өндүрүүгө жана сатууга;
11) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күйүүчү-майлоочу материалдарды, ар кандай көмүр суутектүү кошулмаларды сатып алууга жана сатууга, ар кандай типтеги май куюучу станцияларды ачууга;
12) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте товарларга (жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө) бааларды (тарифтерди) белгилөөгө жана бекитүүгө;
13) консультация берүү жана окутуу үчүн Ишкананын кызматкерлерин жана келишимдин негизинде башка адистерди тартууга;
14) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө;
15) келишимдик негизде чарба жүргүзүү укугунда ага тиешелүү болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана материалдык баалуулуктарды мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарга менчик ээсинин макулдугу менен өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө, ошондой эле ижарачы катары чыгууга;
16) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу боюнча башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
19. Ишкана өзүнүн максатына жетүү үчүн жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумуш аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга, алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдары, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
6) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
20. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, намысына жана кадыр-баркына тийиштүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
4. Ишкананын мүлкү жана финансы каражаты
21. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат.
22. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда мүлккө ээ. Мүлктү колдонуунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик менчик болуп саналган, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлктү чарбалык жүргүзүү укугу эсептелет.
23. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылуучу башка материалдык баалуулуктар түзөт.
24. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилген мүлк;
2) ага бекитилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, түшүмдөр жана продукциялар;
3) чарбалык ишинин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардан жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) мамлекеттик ишканаларынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык башка булактар.
25. Жеке финансылык-чарбалык ишинин кирешелеринин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен Ишкана тарабынан кайрадан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишкананын уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун ишке ашырат.
26. Ишкананын мүлкүн ажыратууга, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
27. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоону жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун натыйжаларын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
5. Ишкананын финансы-чарбалык иши
28. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт.
29. Ишканага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча республикалык бюджеттен, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча жергиликтүү бюджеттен Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган тартипте максаттуу бюджеттик ассигнованиелер жана субсидиялар берилиши мүмкүн.
30. Ишканага мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бөлүнүүчү кредиттер түрүндө берилет.
31. Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансылык-чарбалык ишин жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мөөнөткө иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
32. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) максаттарын жана ишинин негизги багыттарын баяндоону;
2) тармакты жана рынокту, ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн сыпаттоону;
3) ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгын негиздөөнү;
4) финансылык жана мүлктүк абалды баалоону;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планды;
8) тобокелдиктерди талдоону.
33. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын алдыдагы жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктарын, анын ичинде өткөн жылдагы Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берет.
34. Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча таза кирешенин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен өлчүмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө, кийин республикалык бюджетке жиберүү менен анын алыш-бериш эсебине которот.
35. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
36. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
37. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кийин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштоо үчүн Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди берүү;
9) Фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
38. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелери боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иштери жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле финансылык-чарбалык ишин жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисин ээлеген кызматынан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ.
39. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарынын өз убагында түзүлүшүн камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана алга жылдырууну камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүгө;
4) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болгон маалыматты үчүнчү жактарга жайылтпоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалымат берүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органына мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттенмелер да жүктөлгөн.
7. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
40. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которула турган таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишине баа берүү;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине берүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата жумуш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
13) Ишканага таандык мүлктүн максаттуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо;
14) ушул Устав менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
41. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иштери жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишине баа берүүнүн жана Ишкананын финансылык-чарбалык иштеринин натыйжалуулугун талдоонун негизинде мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин ээлеген кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине берүүгө;
3) Ишкананын жетекчисинин орун басарын ээлеген кызмат ордунан бошотууга, Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонууга;
4) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
6) Ишканага таандык болгон мүлктүн максаттуу пайдаланылышынын натыйжалуулугун жана сакталышын контролдоо үчүн жооптуу кызматкерлерге текшерүүлөрдү жүргүзүү жана ишкананын аймагына баруу боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө.
8. Ишкананы башкаруу
42. Ишкананын учурдагы ишин Ишкананын директору башкарат.
43. Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органынын жетекчисинин сунушунун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат.
Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бошотулат.
44. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалган Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын жетекчиси эмгек келишими түзүлгөндөн кийин өз милдеттерин аткара баштайт.
45. Ишкананын жетекчиси төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:
1) ишине канааттандырарлык эмес баа берилсе жана Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча;
2) ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаганда же талаптагыдай эмес аткарылганда;
4) Ишкананын финансылык-экономикалык ишиндеги көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялык эмес иш- аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
46. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө Ишкананын келерки жылга карата бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун киргизүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органынын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) эмгек акы фондун кошуп алганда кызматкерлерди жумушка алуу жана бошотуу шарттарын бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
47. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ишкананын Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында, белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан керектүү маалыматтарды суроого жана алууга;
5) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ болууга.
48. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансылык-экономикалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, рекомендацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын түрдүү чөйрөдөгү иши менен байланышкан бардык маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болгон маалыматты үчүнчү жактарга жайылтпоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалымат берүүгө.
Ишкананын директоруна мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттенмелер да жүктөлгөн.
49. Ишкананын Директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
50. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
2) Ишкананын кызыкчылыгын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
7) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин башкарат;
8) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштөгү техникалык коопсуздукту сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
51. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
52. Ишканада директордун бир орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунуштоосу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызматтан бошотулат.
53. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
54. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордуна дайындалганга чейин анын милдеттерин аткаруу Ишкананын директорунун орун басарына жүктөлөт.
55. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана ээлеген кызматынан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартат жана укуктарды пайдаланат.
56. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын кызматкерлерине сый акыларды берүү тартибин Ишкананын директору аныктайт.
57. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
9. Ишкананын жетекчилик курамы
58. Төмөнкүлөр Ишкананын жетекчилик курамына киришет:
1) директор;
2) директордун орун басары;
3) башкы бухгалтер.
59. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар Ишкананын иши жөнүндө мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болгон маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
60. Төмөнкүлөр Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдардан боло алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап туруу уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) мүлккө жана экономикалык иш жүргүзүүнүн тартибине каршы кылмыш жасагандыгы, коррупциялык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы башка кылмыштар үчүн, анын ичинде жоюлган соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттин жетекчи кызмат орундарын ээлеген, анын банкроттуулугуна алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеген учурдагы бир эле мезгилде жеке же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан, коммерциялык юридикалык жактардын башкаруусуна катышууга укуксуз.
10. Ишканадагы эсепке алуу жана отчеттуулук
61. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
62. Ишкананын жетекчиси квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүдөй отчетторду берет:
1) ички аудиторго (эгерде ички аудит кызматы бар болсо);
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
11. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
63. Ишкана бириктирүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү же кайра түзүү түрүндө кайра уюштурулат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, ажыратуу же бөлүү түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
64. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
65. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ачык акционердик коомго же акцияларынын (үлүштөрүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде болгон (акционерлешкен) жоопкерчилиги чектелген коом болуп түзүлөт.
Ишкананы кайра түзүүнүн натыйжасында уюшулган чарбалык коом бардык укуктар жана милдеттенмелер, анын ичинде эмгектик мамилелер боюнча анын укук мураскери болуп саналат.
66. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечимине ылайык.
67. Ишкананы жоюу иштери үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуучу Ишкананын, Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылчылыкка жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде Ишкананын ыкчам башкаруу укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
68. Ишкананын иш процессинде даярдалган документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.