Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 758
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы № 668 "Жерди бузуп зыян келтиргени үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жерлерди бузуудан келтирилген зыяндардын өлчөмдөрүн эсептөөнү жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы № 668 "Жерди бузуп зыян келтиргени үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Кыргыз Республикасында жерлерди бузгандыктан келтирилген зыяндардын өлчөмдөрүн эсептөө үчүн таксалар" 2-тиркемесиндеги "минимум эмгек акы" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |