Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-январындагы № 12 токтому менен бекитилген |
Ишкердик субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтарынын коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоонун тартиби тууралуу ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоонун тартибин аныктайт.
2. Керектөөчүлөр коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугунун деңгээли тууралуу "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымдалат.
3. Калкка маалымат ушул Жобонун 3-главасына ылайык берилет.
4. Коомдук тамактануу объектиндеги коопсуздуктун абалы жөнүндө маалымат ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын чагылдыруучу стикерди жайгаштыруу аркылуу калкка жеткирилет.
5. Стикер коомдук тамактануунун текшериле турган ар бир объектинде жайгаштырылат.
6. Берилген стикерлер тууралуу маалымат санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтына жайгаштырылат.
2-глава. Стикерди берүүнүн жана алмаштыруунун тартиби
7. Стикер пландуу текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча же ишкердик субъектинин ар бир коомдук тамактануу объектине контролдук текшерүү дайындалган учурда берилет.
8. Коомдук тамактануунун жаңыдан ачылган объекттерине стикер биринчи пландуу текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча берилет.
9. Берилген стикер кийинки пландуу же контролдук текшерүүнүн жыйынтыгы чыгарылганга чейин ишкердик субъектинде сакталат.
10. Кийинки пландуу текшерүүнүн жыйынтыгы чыгарылганга чейин стикер төмөнкү учурларда алмаштырылышы мүмкүн:
- "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясында каралган тартипте жана негиздер боюнча жүргүзүлгөн пландан тышкары текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча;
- "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясында каралган тартипте жана негиздер боюнча жүргүзүлгөн кайра текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча.
11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик субъекти текшерилүүгө тийиш болбогон учурда, стикер ишкердик субъектинин арызы боюнча "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясында каралган тартипте жүргүзүлүүчү пландан тышкары текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча берилиши мүмкүн.
12. Стикер санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын (аймактык бөлүнүшүнүн) жетекчиси тарабынан кол коюлган стикерди берүү жөнүндө чечимдин негизинде санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (аймактык бөлүнүшү) тарабынан берилет.
13. Стикерди ыйгаруунун жыйынтыктарына даттануу текшерүүнүн жыйынтыктарына даттануу үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
3-глава. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча стикерлерди берүү жана аларды жайгаштыруу
14. Стикер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 токтому менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлеринин 9-главасына ылайык текшерүү баракчаларын колдонуунун жыйынтыктары боюнча берилет.
15. Текшерүү баракчаларын колдонуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй стикерлер берилет:
- текшерүү баракчасынын "А" тобунун суроолорунун тизмегине киргизилген бардык талаптардын аткарылышы жана "Б" тобунун суроолорунун тизмегине киргизилген талаптарга 10 пайыздан көн эмес дал келбеши - талаптарга туура келет;
- текшерүү баракчасынын "А" тобунун суроолорунун тизмегине киргизилген бардык талаптардын аткарылышы жана "Б" тобунун суроолорунун тизмегине киргизилген талаптарга 25 пайызга чейин дал келбеши - бир аз жакшыртууну талап кылат;
- текшерүү баракчасынын "А" тобунун суроолорунун тизмегине киргизилген бардык талаптардын аткарылышы жана "Б" тобунун суроолорунун тизмегине киргизилген талаптарга 35 пайызга чейин дал келбеши - бир кыйла жакшыртууну талап кылат.
16. Стикер текшерүү актысына кол коюлган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде текшерүү жүргүзгөн кызмат адамы тарабынан ишкердик субъектине жиберилет.
17. Стикер 21 х 29,7 сантиметр өлчөмүндө (А4) жасалат.
18. Ишкердик субъекти алынган стикерди текшерүүдөн өткөн коомдук тамактануу объектинде жайгаштырат.
19. Стикер коомдук тамактануу объектинин имаратынын витрина, эшик, терезе, дубал сыяктуу келген адамдарга көрүнгөн жерлерине жайгаштырылат.
20. Ишкердик субъекти алынган стикердин сүрөтүн, анын ичинде ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн стикердин өлчөмүн өзгөртүү менен өзүнө таандык болгон коомдук тамактануу объекттеринде чектелбеген санда жайгаштырууга укуктуу.
|
| Ишкердик субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтарынын коопсуздугунун деңгээли жөнүндө калкты маалымдоонун тартиби тууралуу жобого тиркеме |