Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 30
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 75-беренесине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийиминин предметтеринин жана айырмалоо белгилеринин сыпатталышы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийип жүрүү эрежелери 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийиминин предметтери менен камсыздоо ченемдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлерин формалык кийиминин предметтери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине аталган максаттарга тиешелүү финансылык жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлерин кийип жүрүү мөөнөтүн эске алуу менен формалык кийиминин предметтери менен камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийимин тигүү жана сатып алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 62 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 524 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийими жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
1-тиркеме
1. Формалык кийимдин предметтери
1. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийиминин предметтерине төмөнкүлөр кирет:
а) кийимдин формасы, анын ичинде:
- эки жакка кымтылама пальто;
- плащ;
- куртка;
- пиджак;
- жеңи узун жана кыска көйнөктөр;
- шымдар;
- юбка;
- кашне;
- мээлей;
б) баш кийим, анын ичинде:
- папаха;
- тумак;
- фуражка;
- пилотка;
- кепи;
в) кышкы, сезондук жана жайкы бут кийим;
г) погондор;
д) айырмалоо белгилери жана фурнитура.
2. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийими айырмалоо белгилери менен төрт комплекттен турат:
- өкүлдүк форманын комплекти;
- күндөлүк форманын комплекти;
- атайын (талаа) формасынын комплекти.
2. Эркектер үчүн өкүлдүк форманын комплекти
3. Эркектер үчүн өкүлдүк форманын комплекти пальтодон, пиджактан жана шымдан, жеңи узун ак көйнөктөн, жеңи кыска ак көйнөктөн, папахадан, шапкеден, фуражкадан, галстуктан, кашнеден, курдан, өтүкчөдөн, батинкеден жана туфлиден турат.
4. Эки жакка кымтылама пальто, денеге жарым кыналган, жеңдери орнотулма формада, күңүрт жашыл түстөгү нооту же драптан, топчуланган жарым жүндүү, жылуулаткан же башка ичилиги, кара түстөгү цигейкадан топчуланган жүн жакасы менен жасалат.
Алтын түстөгү аноддолгон алюминийден эки катар жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин элементи түшүрүлгөн алты топчусу менен пальто. Сол жеңинде курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органына таандыгынын шеврону тигилет (1-тиркеме).
5. Пиджак күңүрт көк түстөгү жүн кездемеден, денеге жарым кыналган формада, ичилиги жибектен, эки жакка кымтылама, кайырма жакасы жана лацканы менен жасалат. Алтын түстөгү аноддолгон алюминийден эки катар жайгашкан, диаметри 20 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин элементи түшүрүлгөн алты формалык топчусу бар. Жеңдердин кайрылган учтарынын жазысы 8 сантиметр, кайрылган учтарынын үстүнөн - жашыл түстөгү милте. Сол жеңинин сырткы жагында жеңдеги белги - курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы органына таандыгынын шеврону(2-тиркеме).
Пиджакка погондор тигилет. Пиджактын чөнтөктөрү бар: сырткы - эки капталдагы түз клапандары менен, ички - эки түз төш чөнтөктөр.
6. Шымдар түз, багалеги сыртка кайырма, капталдагы тигилиши боюнча - жашыл түстөгү милте, анын четтерин бойлой жазысы 2 сантиметр, жашыл түстөгү лампастар (2-тиркеме).
7. Көйнөк узун жеңдери менен ак түстөгү пахта кездемесинен жасалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандары менен. Жеңдери бир топчуга топчулануучу тигилген манжеттери менен.
8. Ак түстөгү жеңдери кыска көйнөк. Пахта кездемесинен жасалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандары менен.
9. Фуражка күңүрт көк түстө, формалык костюм тигилген кездемеден жасалат. Түбү сүйрү, төрт капталы бар, кыры жашыл түстөгү бархаттан, маңдайкы калканчыдан турат. Түбүнүн четинен жана кырынын үстүнкү четинен - жашыл түстөгү милте. Фуражканын кырынын алды жагында - кокарда. Маңдайкы калканчынын үстү кара лакталган булгары менен капталган, төмөнкү жагы - замша же кара түстөгү жүн кездемеден. Маңдайкы калканчынын үстүңкү кырына эки формалык топчуга алтын түстөгү өрүлгөн боо тагылат (3-тиркеме).
10. Папаха кадимки каракөлдөн.
11. Тумак кадимки каракүлдөн. Ортосунда алдыңкы жагында кокарда тагылат (4-тиркеме).
12. Галстук күңүрт жашыл түстө.
13. Кашне ак түстө.
14. Белдеги кур кара түстө, булгаарыдан.
15. Жарым өтүк кара түстө, жылууланган, булгаарыдан, кышкы.
16. Батинке кара түстө, жылууланган, булгарыдан.
17. Туфли кара түстө кадимки булгарыдан.
3. Аялдар үчүн өкүлдүк форманын комплекти
18. Аялдар үчүн өкүлдүк форманын комплекти пальтодон, пиджактан жана шымдан же юбкадан, жеңи узун ак түстөгү көйнөктөн (блузкадан), жеңи кыска ак түстөгү көйнөктөн (блузкадан), шапкеден, пилоткадан, галстуктан, кашнеден, курдан, өтүктөн жана туфлиден турат.
19. Эки жакка кымтылама пальто, денеге жарым кыналган, жеңдери орнотулма формада, күңүрт жашыл түстөгү нооту же драптан. Пальто топчуланган жарым жүндүү, жылуулатуучу же башка ичилиги, кара түстөгү цигейкадан топчуланган жүн жакасы менен.
Пальтодо алтын түстөгү аноддолгон алюминийден эки катар жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин элементи түшүрүлгөн алты топчусу бар. Сол жеңинде курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органына таандыгынын шеврону тигилет (5-тиркеме).
20. Пиджак күңүрт көк түстөгү жүн кездемеден, денеге жарым кыналган формада, бир аз узун, ичилиги жибектен, эки жакка кымтылама, кайырма жакасы жана лацканы менен жасалат. Сол жеңинин сырткы жагында жеңдеги белги - курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы органына таандыгынын шеврону. Алтын түстөгү аноддолгон алюминийден эки катар жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин элементи түшүрүлгөн алты формалык топчусу бар. Жеңдердин кайрылган учтарынын жазысы 8 сантиметр, кайрылган учтарынын үстүнөн - жашыл түстөгү милте. Пиджакка погондор тигилет. Пиджактын чөнтөктөрү бар: сырткы - эки капталдагы түз клапандары менен, ички - эки түз төш чөнтөктөр (6-тиркеме).
21. Шымдар түз, багалеги сыртка кайырма, капталдагы тигилиши боюнча - жашыл түстөгү милте, анын четтерин бойлой жазысы 2 сантиметр жашыл түстөгү лампастар (6-тиркеме).
22. Юбка жүн кездемеден, күңүрт көк түстө, түз бычылган.
23. Көйнөк (блузка) ак түстө, узун жеңдери менен, жакасы кайырма жана тике турат, төш чөнтөктөрү клапандары менен, бүтүн шырылган куру бар. Алды жагы ылдыйга чейин тилик жана таноо менен, аркасы кокетка менен. Жеңдери узун тилик жана тигилген манжеттери менен. Көйнөктүн алды, клапандар, бели топчуга топчуланат.
24. Көйнөк (блузка) ак түстө кыска жеңдери менен. Пахта кездемесинен жасалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандар менен.
25. Тумак кадимки каракөлдөн. Ортосунда алдыңкы жагында кокарда тагылат.
26. Пилотка костюмдун түсүнө түспөлдөш жарым жүндүү, ортоңку алды жагында белгиленген үлгүдөгү кокарда тагылат (7-тиркеме).
27. Галстук күңүрт жашыл түстө.
28. Кашне ак түстө.
29. Кур булгаарыдан, кара түстө.
30. Өтүк кара түстө, жылууланган, булгаарыдан, кышкы.
31. Туфли кара түстө кадимки булгаарыдан.
4. Эркектер үчүн күнүмдүк форманын комплекти
32. Эркектер үчүн күнүмдүк форманын комплекти плащтан, курткадан, пиджактан жана шымдан, жеңи узун көк көйнөктөн, жеңи кыска көк көйнөктөн, шапкеден, фуражкадан, галстуктан, кашнеден, курдан, өтүкчөдөн, батинкеден жана туфлиден турат.
33. Резиналаштырылган плащ жүн, күңүрт жашыл түстөгү эки катмар кездемеден жасалат, куру бар, жакасы кайырма. Сол жеңине курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы органына таандыгынын шеврону тигилет (8-тиркеме).
34. Куртка күңүрт көк түстөгү суу өтпөгөн кездемеден, "сыдырмасы", капюшону менен, үстүнө капталган чөнтөктөрү менен, капталдагы чөнтөктөрү - түз жайгашкан, кесилген сыяктуу, клапаны менен. Куртканын ичилиги бар. Куртканын белин бойлой кулиса боосу бар. Капюшон жана ичилиги - синтепондон, топчуларга топчуланат (9-тиркеме).
35. Пиджак зымырыт жашыл түстөгү жарым жүндүү кездемеден жасалат, денеге жарым кыналган силуэтте, бир жакка кымтылама, алтын түстөгү аноддолгон алюминийден төрт формалык топчуларга топчуланат, кайырма жакасы жана лацканы менен. Жеңдердин учтары кайрылган, эки катар тигилген. Сол жеңиндеги белги - курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы органына таандыгынын шеврону.
Капталдагы чөнтөктөрү - түз жайгашкан, кесилген сыяктуу, клапаны менен (10-тиркеме).
36. Шымдар түз, багалеги сыртка кайырма, капталдагы тигилиши боюнча - жашыл түстөгү милте, анын четтерин бойлой жазысы 2 сантиметр жашыл түстөгү лампастар (10-тиркеме).
37. Көйнөк узун жеңдүү көк түстө. Пахта кездемесинен жасалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандары менен. Жеңдери бир топчуга топчулануучу тигилген манжеттери менен.
38. Көк түстөгү жеңдери кыска көйнөк. Пахта кездемесинен жасалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандары менен.
39. Шапке кадимки каракөлдөн. Ортосунда алдыңкы жагында кокарда тагылат.
40. Фуражка күңүрт көк түстө, формалык костюм тигилген кездемеден даярдалат. Ал сүйрү формадагы төбөсүнөн жана төрт капталынан, жашыл түстөгү баркыт кырынан жана маңдайкы калканычтан турат. Төбөсүнүн кырына жана кырынын өйдөкү жээгине жашыл түстөгү кант бастырылат. Фуражканын алдыңкы кырына кокарда тагылат. Калканыч жогору жагынан кара лакталган булгаары менен тартылган, ылдый жагынан кара түстөгү замшы же жүн кездеме менен тартылган. Калканычтын үстүнөн кырына эки формалык топчуга алтын түстөгү өрүлгөн боо топчуланат.
41. Кепка - сүйрү, костюмдун түсүнө өңдөш жарым жүндүү кездемеден жасалат, арткы бөлүгү алды жагынан бийик болот. Алдыңкы жагындагы курамасы 3 см болот, калканчасы 3 тилкелүү. Бардык деталдары формасын кармап туруу үчүн флизилин менен чапталат (11-тиркеме).
42. Галстук зымырыт-жашыл түстө болот.
43. Кара түстөгү моюн орогуч.
44. Кара түстөгү булгаарыдан жасалган бел куру.
45. Булгаарыдан жасалган кара түстөгү кончу кыска жылуу өтүктөр, кышкы.
46. Булгаарыдан жасалган кара түстөгү жылуу батинкелер.
47. Накта булгаарыдан жасалган кара түстөгү туфли.
5. Аялдар үчүн күнүмдүк форманын комплекти
48. Аялдар үчүн күнүмдүк форманын комплектине плащ, пиджак жана шым же юбка, узун жеңдүү көк көйнөк (блузка), кыска жеңдүү көк көйнөк (блузка), тумак, пилотка, галстук, моюн орогуч, кур, өтүк, батинке жана туфли кирет.
49. Резиналанган кездемеден плащ күңүрт жашыл түстөгү катмарланган жүндүү кездемеден даярдалат. Сол жеңине курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы органдарына таандык шеврон тигилет (12-тиркеме).
50. Пиджак зымырыт-жашыл түстүү, бир жакка кымтылама ичилиги менен жарым кыналган формада, жарым жүндүү кездемеден даярдалат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин элементинин сүрөтү менен алтын түстөгү аноддолгон алюминийден жасалган формалык үч топчуга топчулана турган бүчүлүгү болот, жакасы жана өңүрү кайырма. Жеңдердин учтары кайрылган, эки катар тигилген. Сол жеңине курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы органдарына таандык шеврон тигилет. Капталдагы тилик чөнтөктөрү туурасынан жайгашкан, клапаны бар (13-тиркеме).
51. Шым коё берилген, түз формада, каптал тигишинде жашыл түстөгү кант бастырылган.
52. Юбка кош тигиштүү болот. Юбканын алдыңкы бөлүгүндө белден ылдый эки жеринен учтары кайрылат, арт жагындагы бөлүктө белден ылдый эки таноо тигиши болот жана ортосунда шлицасы бар. Юбка ичтелет. Юбканын узундугу тизеден ылдый. Тигилишинин ортосунда сыдырма салынган. Юбканын бели бир топчуга топчулануучу бир илмеги менен кайып тигилген (13-тиркеме).
53. Узун жеңдүү, көк түстөгү көйнөк (блузка). Пахта кездемеден даярдалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандары менен. Жеңине бир топчуга топчулануучу манжет тигилет.
54. Кыска жеңдүү, көк түстөгү көйнөк (блузка). Пахта кездемеден даярдалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандары менен.
55. Тумак накта каракүлдөн тигилген. Алдыңкы бөлүгүнүн ортосуна кокарда кадалган.
56. Пилотка костюмдун түсүнө ылайык келген жарым жүндүү кездемеден жасалат.
57. Галстук зымырыт жашыл түстө болот.
58. Кара түстөгү моюн орогуч.
59. Кара түстөгү булгаарыдан жасалган бел куру.
60. Булгаарыдан жасалган кара түстөгү жылуу өтүк, кышкы.
61. Булгаарыдан жасалган кара түстөгү батинке.
62. Накта булгаарыдан жасалган кара түстөгү туфли.
6. Атайын (талаа) формасынын комплекти
63. Атайын (талаа) формасынын комплектине костюм, талаа костюму, куртка, кепка жана бийик берцтүү батинке кирет.
64. Костюм курткадан жана шымдан турат. Куртка борбордук борттуу илмек-сыдырма менен, капталындагы тилинип жасалган сыдырмага сыдырылуучу "рамкалуу" чөнтөктөрү менен, каптамалар (жабышмалар) өңүрүнүн кокеткаларына эки тараптан тең төш чөнтөктөрүнө тийиштүү бөлүнүштүн аталышы менен тигилет. Сол жеңине курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын органдарына таандык шеврон тигилет (14-тиркеме).
Шымы түз, тигиштүү стрелкалары менен алдыңкы жактарында каптал чөнтөктөрү бар. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө сыдырма орнотулган. Арт жактары таналган. Арткы оң жак капталында баракча сындуу клапаны менен тилинип жасалган чөнтөгү болот, ал текстилдүү илмекке (жабышчаак) топчуланат. Бели кайып тигилет, топчуга топчуланат. Көлөмүн жөнгө салуу үчүн бели каптал жагынан чоюлчаак тасма менен тартылган (14-тиркеме).
65. Талаа костюму куртка жана шымдан турат. Куртка топчулама-сыдырмасы менен, шамалдан коргоочу клапаны болот, жеңинин чыканак жагына суу өткөрбөөчү кездемеден калыңдап тигилет. Оң жеңинде кырынан 12 см аралыкта бекитилген үлгүдөгү жең капталмасы тигилет (мүмкүн жабышчаактары менен). Капюшондо беттин түзүлүшүнө карата жөнгө салгыч бар. Кнопкалуу клапандар менен тилинген жана капталма чөнтөктөрү бар, капталмалар (жабышчаактар) кокетканын өңүрлөрүнүн эки тарабына төш чөнтөктөрдүн үстүнө тийиштүү бөлүнүштүн аталышы менен тигилет (15-тиркеме).
Шымдары түз, ал суу өтпөгөн кездемеден даярдалат, тизе жагы каптамалар менен калыңдалган, шымдардын белинде жана төмөн жагында резинка бар, шымдын кошумча фиксациясы тизе жагында болот, шымдын төмөн жагында пуфта бар (15-тиркеме).
66. Куртка жарым жүндүү зымырыт жашыл түстөгү кездемеден жасалат, борбордук борттуу 4 топчуга бүчүлөнөт жана белинде 2 топчусу бар. Өңүрлөрү коштолгон "рамкалуу" үстүнкү тилкелүү чөнтөктөрү фигуралуу формадагы клапандары менен алтын түстөгү аноддолгон алюминийден жасалган топчуларга топчуланат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин элементтеринин сүрөтү бар. Сол жеңине курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын органдарына таандык шеврон тигилет (16-тиркеме).
67. Куртка жарым жүндүү зымырыт жашыл түстөгү кездемеден жасалат, борбордук борттуу сыдырмага сыдырылат. Куртка ичтелген. Өңүрлөрү коштолгон "рамкалуу" үстүнкү тилкелүү чөнтөктөрү фигуралуу формадагы клапандары менен топчуга топчуланат, тийиштүү бөлүнүштүн аталыштары менен каптап тигилмелери (жабышчаак) төш чөнтөктөрүнүн үстүнө өңүрлөрүнүн кокеткаларына эки жагынан тигилет. Сол жеңине курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын органдарына таандык шеврон тигилет. Напогонниктери топчуланат, мүмкүн болгон варианты: чечиле турган погондорду бекитүү үчүн ийин жактагы тигиштерде өткөргүчтөр жайгашкан, ийин тигиштерине перпендикулярдуу кылып эки тилинбеген түйүндөр оролгон. Сол жактагы өңүрүнүн ичилигинде баракча менен ички чөнтөгү бар. Каптал чөнтөктөрү сыдырылат (17-тиркеме).
68. Куртка күңүрт көк түстөгү суу өткөрбөөчү кездемеден борбордук борттуу сыдырма топчулама менен болот. Тийиштүү бөлүнүштүн аталышы менен капталмалар (жабышчаактар) төш чөнтөктөрдүн үстүнө эки тарабынан кокетканын өңүрлөрүнө тигилет. Сол жеңине курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы органдарына таандык шеврон тигилет. Чечилме погондорду бекитүү үчүн ийиндеги тигиштерге өткөктөр жайгаштырылган. Каптал чөнтөктөрү сыдырмага сыдырылат (18-тиркеме).
69. Кепка - сүйрү, костюмдун түсүнө өңдөш жарым жүндүү кездемеден жасалат, арткы бөлүгү алды жагынан бийик болот. Алдыңкы жагындагы курамасы 3 см болот, калканчысы 3 тигиштүү. Бардык деталдары формасын кармап туруу үчүн флизилин менен чапталган.
70. Бийик берцтүү, өңү кара, жылуу, кышкы батинке.
71. Бийик берцтүү, өңү кара, жаз-күз кийилүүчү батинке.
7. Айырмалоо белгилерин сыпаттоо
72. Жең белги - Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органына таандык шеврону кочкул көк түстөгү стилденген калкан түрүндөгү, төмөндү көздөй сүйрү болуп ичкерген жана төмөнкү чекитинде 134 градустагы туюк бурчту түзгөн белгини билдирет. Шеврондун эни - 70 мм, узундугу төмөнкү чекитке чейин - 82 мм.
Шеврондо Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын жашыл түстөгү эмблемасы тартылган, эмблеманын алдында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин элементи (түндүк) менен эни 8 мм болгон кызыл түстөгү лентасы бар - борборунда жана капталдарында желбиреген ленталары бар. Шеврондо кыргыз тилинде жазылган сары түстөгү жазуу бар: "Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттиги". Шеврон периметри боюнча эни 1 мм сары түстөгү сызыкча менен жана ички тегереги боюнча кыргыздын улуттук орнаменттеринин элементтери менен шеврондун кырынан 2 мм аралыкта курчалган. Шеврон резиналуу, жердиги кездеме материалдан штамптоо ыкмасы менен түстүү полимер материалдардан жасалат. Ошондой эле ал тигилиши да мүмкүн.
Шеврон сырткы кийимдин сол жеңинин ортосуна, ийинден шеврондун үстүнкү кырына чейин 12 см аралыкта тагылат (19-тиркеме).
73. Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын эмблемасында бир жагынан ийне жалбырактуулар түрүнүн (бир жылдык өскөн) үч тарамдалган бутактары жана экинчи жагынан бир бутакта өсүүчү жалбырактуу дарактардын жалбырактары (токой жаңгагы) сүрөттөлгөн. Бири борбордук жана экөө капталында 45 градустагы бурч менен эки тарапка кетет. Бутактардын узундугу 15 мм, эни - 5 мм.
Эмблема алтын түстөгү аноддолгон алюминийден жасалат жана формалык кийимдердин погондоруна бекитилет (20-тиркеме).
74. Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кокардасы сүйрү формада болот, ийне жалбырактуулардын бутактары менен венок сымал капталган жана алтын түстөгү аноддолгон алюминийден жасалат. Анын борборуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн. Арт жагы тегиз, папахага жана накта каракүлдөн тигилген тумакка, фуражкага, формалуу кепкага кокарда бекитилүүчүсү бар (21-тиркеме).
75. Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын төш белгиси стилденген күңүрт көк түстөгү калкан түрүндө, төрт бурчтуу формада, мамлекеттик тилде жазылган "Жаратылыш ресурстары департаменти", "Токой-аңчылыкты жайгаштыруу", "Курчап турганы чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттиги", "Мамлекеттик токой коргоо", "Айлана-чөйрөнү коргоо" жана расмий тилде: "Охрана окружающей среды" деген сары түстөгү жазуулары менен (22, 23, 24, 25-тиркемелер).
76. Ийин погондору созулган алты бурчтук, узун параллелдүү жактары менен болот. Погондордун узундугу 13-14-см, жердиги жашыл түстө, погондордун талаасы жашыл түстөгү тилкелери менен күңүрт көк түстө болот. Погондорго токой чарбасынын эмблемасы погондун төмөнкү кырынан 110 мм аралыкта бекитилет.
Параддык погондор: жашыл тилкелүү алтын түстөгү лента, жердиги жашыл. Жогорку жетекчиликтин форма кийиминин пиджагынын жакасынын кырларына алтындалган ичке жип менен сайылган лаврдын бутагы тигилет.
Айырмалоо белгилеринин таблицасы
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык айырмалоо белгилери |
1 | 2 | 3 |
1 | Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы органынын жетекчилери; - курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери | Погондун үстү жагына алтын жалатылган жип менен тутам болуп бекитилген лавр бутакчалары менен курчалган токой чарбасынын эмблемасы сайылган. Эмблеманын төмөнкү кырынан погондун төмөнкү кырына чейинки аралык 95 мм. Погондун төмөнкү кырынан 40 мм аралыкта алтындалган жип менен диаметри 32 мм болгон томпок беш учтуу жылдыз сайылган |
2 | Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери; - курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери; - курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарлары | Погондун бетине эки көрүнүштүү туташ жана көрүнүштөрдүн ортосуна диаметри 20 мм болгон үч алтын жалатылган томпок бешбурчтуу жылдызчалар бекитилет. Жогорку бөлүгүнө курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Погондун төмөнкү кырынан 2 жылдызчанын борборуна чейин 38 мм, погондун төмөнкү кырынан ортодогу жылдызчага чейин - 70 мм, погондун төмөнкү кырынан эмблеманын төмөнкү кырына чейинки аралык - 110 мм. Талаа погондорунда көрүнүштөр жок |
3 | Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери; - аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин орун басарлары; - мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, токой чарбаларынын директорлору жана өз алдынча баланстагы токойчулуктардын токойчулары | Погондун үстүндө эки көрүнүш бар, жогорку бөлүгүнө курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Диаметри 20 мм болгон алтын жалатылган 2 (эки) томпок жылдызча бекитилет. Погондун төмөнкү кырынан биринчи жылдызчага чейинки аралык - 43 мм, жылдызчалардын арасы - 40 мм. Погондун төмөнкү кырынан токой чарбасынын эмблемасынын төмөнкү кырына чейинки аралык - 110 мм. Талаа погондорунда көрүнүштөр жок |
4 | Аймактык башкармалыктардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери; - курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын, ведомстволук бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын башкы адистери; - мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын жана токой чарбаларынын директорлорунун орун басарлары | Погондун бетинде бир көрүнүш. Үстү жагына курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Ортосунда диаметри 20 мм бир беш учтуу жылдызча бекитилет. Погондун ылдыйкы четинен жылдызчанын ортосуна чейинки аралык - 61 мм, погондун ылдыйкы четинен эмблеманын ылдыйкы четине чейин - 110 мм. Талаа погондорунда көрүнүш жок |
5 | Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын ведомстволук бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын жетектөөчү адистери: - токой чарбаларынын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын бардык категориядагы инженерлери; - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын улук илимий кызматкерлери; - улук аңчылар; - улук егерлер | Погондун бетинде бир көрүнүш. Үстү жагына курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Погондо алтын түстөгү аноддолгон алюминийден төрт беш учтуу диаметри 15 мм жылдызчалар бекитилет. Погондун ылдыйкы четинен 2 жылдызчанын ортосуна чейинки аралык - 38 мм, погондун ылдыйкы четинен эмблеманын ылдыйкы четине чейин - 110 мм. Талаа погондорунда көрүнүш жок |
6 | Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын, ведомстволук бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын адистери: - токой чарбаларынын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойчулары; - участоктордун начальниктери; - илимий кызматкерлер; - аңчылар | Погондун бетинде бир көрүнүш. Үстү жагына курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Погондо алтын түстөгү аноддолгон алюминийден үч беш учтуу диаметри 15 мм жылдызчалар бекитилет. Погондун ылдыйкы четинен 2 жылдызчанын ортосуна чейинки аралык - 38 мм, погондун ылдыйкы четинен ортоңку жылдызчага - 70 мм, погондун ылдыйкы четинен эмблеманын ылдыйкы четине чейин - 110 мм. Талаа погондорунда көрүнүш жок |
7 | Токойчунун жардамчылары жана курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кенже илимий кызматкерлери | Погондун бетинде бир көрүнүш. Үстү жагына курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Погондун бетинин ылдыйкы жагында диаметри 15 мм эки беш учтуу жылдызча параллелдүү жайгашкан. Погондун ылдыйкы четинен жылдызчалардын ортосуна чейинки аралык - 30 мм, жылдызчалардын ортосундагы аралык - 30 мм, погондун ылдыйкы четинен эмблеманын ылдыйкы четинен чейин - 110 мм. Талаа погондорунда көрүнүштөр жок |
8 | Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын токой устасы жана техник-токойчу адиси | Погондун бетинде бир көрүнүш. Үстү жагына курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Погондун бетинин орто жагында диаметри 15 мм бир беш учтуу жылдызча жайгашкан. Талаа погондорунда көрүнүштөр жок |
9 | Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын токойчулары жана егерлери. | Погондун бети күңүрт көк түстө, үстү жагына курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет |
2-тиркеме
1. Ушул эрежелер Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин айырмалоо белгилери менен формалык кийимдерин кийип жүрүү тартибин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 75-беренесине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык иштелип чыкты.
2. Кызмат учурунда Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлери ээлеген кызматына жараша формалык кийимди кийип жүрүшөт.
3. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлери үчүн өкүлдүк (параддык), күнүмдүк жана атайын (талаа) формалык кийими бекитилген. Күндөлүк жана талаа формалык кийимдери жайкы жана кышкы болуп бөлүнөт.
4. Формалык кийим төмөнкү учурларда кийилет:
1) салтанаттуу иш-чараларда, расмий кабыл алууларда, ошондой эле майрам күндөрүндө - параддык форма;
2) күнүмдүк кызматтык милдеттерди аткарууда - күндөлүк форма;
3) талаа шартында иштерди аткарууга байланышкан кызматтык милдеттерди аткарууда жана атайын иш-чараларды өткөрүүдө - атайын (талаа) форма.
5. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) формалык кийимдин нерселерин, ошондой эле формалык жана жарандык кийимди аралаштырууга;
2) бекитилбеген үлгүдөгү айырмалоо белгилери менен формалык кийимди кийип жүрүүгө;
3) каралгандан тышкары, башка түстөгү өкүлдүк (параддык) форманын көйнөгүн кийип жүрүүгө.
6. Шапке, фуражка, пилотка, кепи түз кийилет, кыйшайбайт, алардын алдыңкы кыры каштан бир-эки манжанын эниндей болушу керек, фуражканын, кепканын калканчылары каштын деңгээлинде. Эмблема орто ченде, чекенин үстүндө болушу керек.
7. Плащ кур менен курчалып кийилет.
8. Пальто, плащ, параддык пиджак, күнүмдүк пиджак бардык топчуларга топчуланат.
9. Бардык курткалар бүт топчуларына топчуланып кийилет.
10. Өкүлдүк (параддык) жана күндөлүк форма галстук менен кийилет, галстук көйнөктүн үчүнчү жана төртүнчү топчуларынын аралыгына кыпчыгыч менен көйнөккө бекитилет.
11. Бут кийим ар дайым таза жана бооланган болушу керек.
12. Кашне пальтонун, куртканын, плащтын жакасына кымтыланып кийилет.
13. Өкүлдүк (параддык) формалык кийимде Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгилери - медалдар жана ордендер тагылып кийилет.
14. Күндөлүк формалык кийимде сыйлыктардын символдору (планкалар) жана башка айырмалоо белгилери тагылат.
15. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды бүтүрүү белгилери башкалардан төмөн тагылат.
3-тиркеме
№ | Формалык кийимдин предметтеринин аталышы | Бир адамга предметтер-дин саны | Кийүү мөөнөтү (жыл) |
Эркектердин кийими | |||
1 | Күнүмдүк фуражка | 1 | 2,5 |
2 | Папаха | 1 | 2,5 |
3 | Мээлей | 1 | 2,5 |
4 | Кадимки каракүлдөн шапке (тумак) | 1 | 2,5 |
5 | Параддык фуражка | 1 | 2,5 |
6 | Эки жакка кымтылама пальто | 1 | 4 |
7 | Резиналаштырган плащ | 1 | 5 |
8 | Эркектин параддык пиджагы жана шым | 1 | 3 |
9 | Эркектин күнүмдүк пиджагы, курткасы жана шымы | 1 | 2 |
10 | Ак түстөгү кашне | 1 | 4 |
11 | Кара түстөгү кашне | 1 | 4 |
12 | Кара түстөгү өтүкчө, жылууланган, булгаары, кышкы | 1 | 2 |
13 | Кара түстөгү батинке, булгаарыдан | 1 | 2,5 |
14 | Кара түстөгү кадимки булгаарыдан туфли | 1 | 2 |
15 | Деңиз түстөгү галстук | 1 | 2 |
16 | Күңүрт жашыл түстөгү галстук | 1 | 2 |
17 | Ак түстөгү жеңи узун көйнөк | 2 | 2 |
18 | Ак түстөгү жеңи кыска көйнөк | 2 | 2 |
19 | Көк түстөгү жеңи узун көйнөк | 2 | 2 |
20 | Көк түстөгү жеңи кыска көйнөк | 2 | 2 |
21 | Белди бууган булгаарыдан кур, кара түстө | 1 | 5 |
Аялдын кийими | |||
22 | Пилотка | 1 | 2,5 |
23 | Кадимки каракүлдөн шапке | 1 | 2,5 |
24 | Эки жакка кымтылама пальто | 1 | 4 |
25 | Резиналаштырган плащ | 1 | 5 |
26 | Аялдын параддык пиджагы жана юбка же шым | 1 | 3 |
27 | Аялдын күнүмдүк пиджагы жана юбка же шым | 1 | 2 |
28 | Ак түстөгү кашне | 1 | 4 |
29 | Кара түстөгү кашне | 1 | 4 |
30 | Жүн өтүк | 1 | 2 |
31 | Кара түстөгү батинке, булгаарыдан | 1 | 2,5 |
32 | Булгаарыдан, кара, классикалык туфли | 1 | 2 |
33 | Ак түстөгү жеңи узун көйнөк (блузка) | 2 | 2 |
34 | Ак түстөгү жеңи кыска көйнөк (блузка) | 2 | 2 |
35 | Көк түстөгү жеңи узун көйнөк (блузка) | 2 | 2 |
36 | Көк түстөгү жеңи кыска көйнөк (блузка) | 2 | 2 |
37 | Күңүрт жашыл түстөгү галстук | 1 | 2 |
38 | Деңиз түстөгү галстук | 1 | 2 |
39 | Белди бууган булгаарыдан кур, кара түстө | 1 | 5 |
Атайын (талаа) формасы | |||
40 | Жарым жүндүү куртка | 2 | 2 |
41 | Талаа костюму (куртка жана шым) | 1 | 2 |
42 | Сыдырма жана шамалдан коргогон клапаны менен куртка | 1 | 2 |
43 | Суу өтпөгөн кездемеден куртка | 1 | 2 |
44 | Кепка | 1 | 2 |
45 | Бийик берц менен кышкы батинке | 1 | 2 |
46 | Бийик берц менен жайкы батинке | 1 | 2 |
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ