Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы № 38
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жер казынасын пайдалануучулардын жаратылышты коргоочу заманбап технологияларды өндүрүшкө киргизүүсүн өбөлгөлөө, Кыргыз Республикасынын алтын казуу тармагын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кооптуу калдыктардын классификаторундагы:
01-калдыктар тобу төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
01 | Тоо кен өнөр жайынын калдыктары |
|
|
Шахталар менен карьерлердеги калдыктар: - пайдалуу кендердин бардык тобунун кен калдыктары, аларда радионуклиддердин камтылышы "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген деңгээлден жогору болот; | 01011 | N010100/P00/Q01/WS00/T1/C00/H00/D(R) 00/GD000 | |
- рудалуу жана күйүүчү пайдалуу кендердин кен калдыктары; | 01014 | N010100/P00/Q01/WS00/T4/C00/H00/D(R) 00/GD000 | |
- руда эмес жана башка пайдалуу кендердин кен калдыктары; | 01015 | N010100/P00/Q01/WS00/T5/C00/H00/D(R) 00/GD000 | |
Минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринен кийинки калдыктар: |
|
| |
- куюу, пасталык же болбосо жарым кургак ыкмасы менен жыйналган, минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринде (гидрометаллургияда, пирометаллургияда, реагенттерди колдонуу менен байытууда) зыянсыздандырылбаган калдыктар; | 01022 | N010200/P00/Q11/WS00/T2/C00/H00/D(R) 00/GD000 | |
- материалдын 36 пайыздан ашуун нымдуулугунда куюу ыкмасы менен жыйналган, минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринде (гидрометаллургияда, пирометаллургияда, реагенттерди колдонуу менен байытууда) зыянсыздандырылган калдыктар; | 01023 | N010200/P00/Q11/WS00/T3/C00/H00/D(R) 00/GD000 | |
- айлантып суу менен жабдуу системасын пайдалануу менен материалдын 36 пайыздан ашуун нымдуулугунда куюу ыкмасы менен жыйналган же пасталык ыкмада жыйналган, минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринде (гидрометаллургияда, пирометаллургияда, реагенттерди колдонуу менен байытууда) зыянсыздандырылган калдыктар; | 01024 | N010200/P00/Q11/WS00/T4/C00/H00/D(R) 00/GD000 | |
- үймөктөп суюктукта эритүү жана суу менен жуу методдору менен калдык сактоочу жайлар (таштандылар) толук зыянсыздандырылгандан кийин алтыны алынган руданын калдыктары; | 01024 | N010200/P00/Q11/WS00/T4/C00/H00/D(R) 00/GD000 | |
- химиялык реагенттерди пайдаланбастан байытуунун гравитациялык жана башка физикалык методдорун колдонуу менен минералдык чийки заттарды кайра иштетүүдөн кийинки калдыктар; | 01025 | N010200/Р00/Q11/WS00/T5/C00/H00/D(R) 00/GD00001024 | |
- айлантып суу менен жабдуу системасын пайдалануу менен, сакталышынын туруктуулугун жогорулатуучу цементтөөчү кошулмалары бар пасталык ыкма менен (материалдардын 20-36% нымдуулугунда) жыйналган, минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринде (гидрометаллургияда, пирометаллургияда, реагенттерди колдонуу менен байытууда) зыянсыздандырылган калдыктар; | 01025 | N010200/P00/Q11/WS00/T5/C00/H00/D(R) 00/GD00001024 | |
- материалдардын 20 пайыздан төмөн нымдуулугунда жарым кургак ыкмада жыйналган, айлантып суу менен жабдуу системасын пайдалануу менен минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринен (гидрометаллургияда, пирометаллургияда, катуу таасир этүүчү уулуу заттардан башка реагенттерди колдонуу менен байытууда) кийинки калдыктар | 01025 | N010200/Р00/Q11/WS00/T5/C00/H00/D(R) 00/GD00001024 |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |