Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек ш. 2003-жылдын 19-апрели № 83
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«ЭМГЕК АКЫНЫ, ПЕНСИЯЛАРДЫ, ПОСОБИЕЛЕРДИ ЖАНА БАШКА СОЦИАЛДЫК ТӨЛӨӨЛӨРДҮ ӨЗ УБАГЫНДА БЕРҮҮНҮ КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖӨНҮНДӨ» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН 1-СТАТЬЯСЫНДАГЫ «ЖАНА БАШКА СОЦИАЛДЫК ТӨЛӨӨЛӨРДҮ» ДЕГЕН ТЕРМИНДИН ЧЕЧМЕЛЕНИШИ ТУУРАЛУ
1-статья. «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж, N 7 90-ст.) 1-статьясындагы «жана башка социалдык төлөөлөрдү» деген термин мыйзамда белгиленген учурларда менчигинин жана чарба жүргүзүүнүн формасына карабастан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан жарандарды материалдык (акчалай) камсыз кылуунун формалары катары түшүнүү керек, аларга: эмгектен жабыр тартуудан же кесиптик оорууга чалдыгуудан улам тарткан зыяндын ордун толтуруу, компенсациялар, бир жолку пособиелер кирет.
2-статья. Ушул Мыйзамдын күч-аракети өзүнүн колдонулушу убактысы боюнча керине кетүү күчүнө ээ болот жана «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып эмгек акыларды, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү берүү кечиктирилген ар бир учурга карата таралат.
3-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
|