Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы N 48 токтому менен бекитилген |
1. Жобо Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин (мындан ары - Кыргыз Республикасынын ЖПК) жана башка мыйзам актыларынын талаптарына ылайык кылмыштар жана окуялар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алууну, каттоону жана текшерүүнү уюштуруунун бирдиктүү тартибин белгилейт.
2. Бул Жобонун колдонулушу төмөнкү органдарга жана кызмат адамдарына, аларга тийиштүү бөлүгүндө жайылтылат:
- алдын-ала тергөө органдарына;
- алгачкы текшерүү органдарына;
- тергөөчүлөргө;
- прокурорлорго;
- тездетилген сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу алгач текшерүүчү ыйгарым укуктуу органдарга;
- изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн органдардын ыкчам бөлүктөрүнүн кызматкерлерине;
- Кыргыз Республикасынын ЖПКда жана башка ченемдик-укуктук актыларда белгиленген тартипке ылайык кылмыштар жана окуялар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алууга, каттоого, текшерүүгө жана контролдоого ыйгарым укуктуу башка кызмат адамдарына;
- жергиликтүү сотторго (ушул Жобонун 12, 19 жана 26-пункттарынан тышкары).
3. Ушул Жобонун 2-пунктунда аталган органдардын кызмат адамдары кылмыштар жана окуялар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу, каттоо жана текшерүү боюнча аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жана милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке, анын ичинен жазык жоопкерчилигине тартылышат.
4. Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) кылмыш жөнүндө билдирүү - кылмыш жөнүндө арыз, күнөөсүн мойнуна алгандыгы жөнүндө арыз, уюмдун кызмат адамынын кылмыштын белгилерин тапкандыгы жөнүндө билдирүүсү. Аларга процесстик жана башка документтер, ошондой эле кылмыштын белгилеринин алгачкы текшерүү органы, тергөөчү, прокурор тарабынан тикелей табылышы кирет:
- арыз ээси кол койгон кылмыш жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
- кылмыш жөнүндө оозеки арызды алуунун протоколу;
- башка кылмыш жөнүндө оозеки билдирүү киргизилген тергөө аракетинин протоколу;
- жеке айыптоо иштери боюнча адамдын арызы;
- башка кылмыш жөнүндө оозеки билдирүү киргизилген сот жыйынынын протоколу;
- күнөөсүн мойнуна алгандыгы жөнүндө арыз;
- күнөөсүн мойнуна алгандыгы жөнүндө оозеки арызды кабыл алуу протоколу;
- уюмдун кызмат адамынын билдирүүсү;
- прокурордун жана укук коргоо органынын кызмат адамынын рапорту;
- жалпыга маалымдоо каражаттарындагы билдирүү;
2) кабыл алуу - Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 155-беренесине ылайык укугу бар же ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кылмыш жөнүндө билдирүүнүн кабыл алынышы;
3) кылмыш жөнүндө билдирүүнү каттоо - ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан ведомстволук актыларга ылайык кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоо үчүн арналган Кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү эсепке алуу китебине (мындан ары - КАБЭК) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча) тийиштүү каттоо номерин ыйгаруу менен кылмыш жөнүндө кабыл алынган билдирүүдө камтылган кыскача маалыматтардын киргизилиши, ошондой эле бул билдирүүдө анын КАБЭКта белгиленгендиги тууралуу маалыматтардын чагылдырылышы;
4) каттоодон жашырылган кылмыш жөнүндө билдирүү - алар тууралуу маалыматтар каттоо документтерине атайылап киргизилбеген жана тийиштүү каттоо номери ыйгарылбаган кылмыш жөнүндө билдирүү;
5) тергөөгө чейинки текшерүү - Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 155 жана 156-беренелеринде каралган, кылмыш жөнүндө билдирүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүгө укугу бар жана/же ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлгөн аракеттер.
5. Кылмыштар жана окуялар жөнүндө маалыматтар келип түшкөн формасына жана кароо тартибине жараша эки топко бөлүнөт:
- укук коргоо органдарына келип түшкөн жана жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык кылмыштар жөнүндө айтылган жазык ишин козгоого түрткү жана негиз болуп саналган кылмыштар жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр. Бул топ КАБЭКта катталууга тийиш. Жогоруда саналгандардан тышкары, ички иштер органдары КАБЭКта дайыны жок жоголгон жарандар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү катташат;
- укук коргоо органдарына телефон, телеграф ж.б. боюнча келип түшкөн, жазык ишин козгоо үчүн формалдуу негиз болуп саналбаган, кылмыштын белгилеринин бар экендигин же жоктугун аныктоо максатында кошумча текшерүү аракеттерин талап кылган окуялар жөнүндө башка маалыматтар жана белек билдирүүлөр ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Маалыматтарды эсепке алуу журналына (мындан ары - МЭЖ) катталууга тийиш. Маалымат ырасталган жана кылмыш жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз же билдирүү түшкөн учурда, аталган арыз же билдирүү КАБЭКке көчүрүлүүгө тийиш. Маалымат (материалдар) ырасталбаган учурда укук коргоо органынын жетекчисинин же анын орун басарынын макулдугу менен кызмат адамынын рапортунун негизинде ал кароосуз калтырылат жана номенклатуралык иште (нарядда) сакталат.
6. Укук коргоо органынын иш кагаздарын жүргүзүү кызматына (канцелярияга) почта, телефакс ж.б. аркылуу келип түшкөн кылмыштар жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр кириш корреспонденциясынын жалпы эрежелери боюнча катталат, органдын начальнигине же аны алмаштырган адамга баяндалат, ал маалыматтын мазмунуна жараша арызды, билдирүүнү КАБЭКке каттоо жөнүндө жазуу жүзүндө көрсөтмө берет жана аны текшерүү тартиби тууралуу чечим кабыл алат. Мындай маалыматты текшерүү үчүн аткарууга КАБЭКке каттабастан берүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле укук коргоо органынын иш кагаздарын жүргүзүү кызматында бул органга арыз ээси тарабынан түздөн-түз берилген кылмыштар жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарды жана билдирүүлөрдү эсепке алууга тыюу салынат.
7. Байланыш каналдары аркылуу келип түшкөн анонимдүү кайрылуулар, анын ичинде белгисиз адамдардын билдирүүлөрү МЭЖге жазылат жана андагы камтылган жазыктык укук бузуулар жөнүндө маалымат ырасталган учурда гана Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 150-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун талаптарына ылайык кызмат адамынын рапорту боюнча КАБЭКке көчүрүлүшү мүмкүн.
8. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 155-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алуудан негизсиз баш тартуу Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 131 жана 132-беренелеринде белгиленген тартипте прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.
9. КАБЭКти, МЭЖди жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы жана кылмыштар жана окуялар жөнүндө келип түшкөн маалыматтарды толук каттабагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик укук коргоо органынын жетекчисине жана мындай арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алууга жана каттоого укугу бар жана ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына жүктөлөт.
2-глава. Кылмыштар жана окуялар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алууну уюштуруу
10. Ушул Жобонун 2-пунктунда саналган органдарда кылмыштар жана окуялар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алууну түздөн-түз уюштуруу жана тийиштүү түрдө контролдоо ошол органдардын жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.
11. Кылмыштар жана окуялар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алууга, аларды Кыргыз Республикасынын ЖПКнын талаптарына ылайык тариздөөгө укуктуу кызмат адамдары болуп алгачкы текшерүү органынын кызматкерлери, тергөөчүлөр, прокурорлор, соттор (жеке айыптоо иштери боюнча адамдардын арыздарына, ошондой эле соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айтылган кылмыштар жөнүндө оозеки билдирүүлөргө карата) эсептелет.
12. Кылмыштар жана окуялар жөнүндө билдирүүлөрдү күнү-түнү кабыл алуу, аларды тийиштүү түрдө тариздөө кезмет бөлүктөрүнүн кызмат адамдарына тапшырылышы мүмкүн, эгерде мындай бул органдардын түзүмүндө (курамында) болсо.
13. Жеке жана коомдук коопсуздукка коркунуч туудурган кылмыштар жана окуялар жөнүндө башка маалыматтар боюнча кылмыштын белгилери табылса, ушул Жобонун 2-пунктунда аталган кызмат адамы тийиштүү рапорт түзүүгө жана КАБЭКке каттоого токтоосуз берүүгө милдеттүү.
14. Өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык кылмыш жөнүндө билдирүүнү кабыл алган кызмат адамы, эгерде мындай билдирүү башка булактардан алынбаса, арыз ээсине аны кабыл алган адам жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле кабыл алынган датаны жана саатын көрсөтүү менен бул билдирүүнүн кабыл алынгандыгы жөнүндө документти (ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча кабарлоо талону) кол койдуруу аркылуу берүүгө милдеттүү.
15. Кабарлоо талондорунун бланктары жана алардын дүмүрчөктөрү так отчеттук документ болуп саналат. Кабарлоо талондорунун толтурулган дүмүрчөктөрү кылмыш жөнүндө билдирүүнү кабыл алган кызмат адамы тарабынан бул билдирүүнү каттоочу кызмат адамына тапшырылат (отчет жана кабарлоо арыз ээсине берилген учурдан тартып үч жыл аларды сактоону уюштуруу үчүн).
16. Укугу бар же ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кылмыш жөнүндө кабыл алынган билдирүүнү каттоо чараларынын көрүлбөшүнө же берилген билдирүүнү каттоодон баш тартылышына, ошондой эле кылмыш жөнүндө билдирүүнүн кабыл алынгандыгы жөнүндө арыз ээсине кабарлоо талонун берилбешине жол берилбейт. Кылмыш жөнүндө билдирүүнү каттабаган кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке, анын ичинде жазык жоопкерчилигине тартылат.
17. Ушул Жобонун 2-пунктунда саналган органдардын административдик имараттарынын жайларында стенддерде же башка жалпыга көрүнүктүү жерлерде төмөнкүлөр милдеттүү түрдө жайгаштырылат:
- кылмыштар жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздардын, күнөөсүн мойнуна алгандыгы жөнүндө арыздын үлгүлөрү жана аларды мамлекеттик жана расмий тилде жазуу боюнча талаптар;
- жеке айыптоо иштери боюнча адамдардын арыздарынын үлгүлөрү;
- мындай билдирүүлөрдү кабыл алууга, ошондой эле кылмыш жөнүндө оозеки арызды, күнөөсүн мойнуна алгандыгы жөнүндө оозеки арызды кабыл алуу протоколдорун тариздөөгө укугу бар же ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмеси;
- Кыргыз Республикасынын ЖПК ылайык кылмыштар жана окуялар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу (же кабыл албоо) менен байланышкан иш-аракеттерине даттанууга мүмкүн болгон жетекчилер жана башка кызмат адамдары, анын ичинде прокурорлор жана соттор жөнүндө маалыматтар (ээлеген кызматы, аты-жөнү, органдын дареги жана кызматтык телефон номери).
3-глава. Кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү каттоону уюштуруу
18. Кылмыштар жөнүндө билдирүүнү кабыл алууга укугу бар же ыйгарым укуктуу кызмат адамы, эгерде ушул Жободо башка белгиленбесе, кабыл алынган билдирүүнү КАБЭКке токтоосуз каттоо чарасын көрүүгө милдеттүү.
Кызмат адамынын кылмыш жөнүндө билдирүүнү каттоого токтоосуз кабыл алуусуна тоскоолдук жараткан себептер болгон учурда (мисалы, каттоо ордунан бир кыйла алыстыгына, табигый кырсыктарга, өзгөчө кырдаалдарга ж.б. байланыштуу) мындай билдирүүнү каттоо байланыштын ар кандай каналдары (факс, телефон байланышы же интернет) аркылуу берилген (алынган) маалыматтын негизинде ишке ашырылышы мүмкүн.
19. Кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү күнү-түнү каттоо боюнча милдеттер кезмет бөлүктөрүнүн кызмат адамдарына жүктөлөт, эгерде мындай бул органдардын түзүмүндө (курамында) болсо.
20. Өз түзүмдөрүндө (курамында) күнү-түнү иштеген кезмет бөлүктөрү болбогон органдарда кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү каттоо боюнча милдеттер ошол органдардын жетекчилери тарабынан тийиштүү уюштуруу-тескөөчү документти чыгаруу менен өзүнүн бир кызматкерине жүктөлөт.
21. Сот тарабынан кабыл алынган жана каралуучу жеке айыптоо иштери боюнча адамдардын арыздарын каттоо соттук иш кагаздарын жүргүзүүгө ылайык сотто ишке ашырылат.
22. Тергөөгө караштуулугу, сотко караштуулугу (жеке айыптоо иштери боюнча) боюнча келип түшкөн же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн сот жыйындарынын протоколдорунун жана башка кылмыштар жөнүндө оозеки билдирүүлөр киргизилген тергөө аракеттеринин протоколдорунун көчүрмөлөрүн каттоо алар текшерүү үчүн келип түшкөн орган тарабынан ишке ашырылат.
23. КАБЭКте төмөнкү маалыматтар чагылдырылышы керек:
- катталган кылмыш жөнүндө билдирүүгө ыйгарылган катар номери;
- кылмыш жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын, билдирүүнүн качан түшкөнү (датасы, сааты, мүнөтү);
- кылмыш жөнүндө ким билдиргени (аты-жөнү, дареги, арыз ээсинин телефону, ишкананын, уюмдун аталышы, дареги жана телефону, кабарлоо талонун каттоо номери);
- кылмыш жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнүн кыскача мазмуну (убактысы, оорду, жагдайы, шектүүнүн аты-жөнү жана башка маалыматтары), Кыргыз Республикасынын КЖК беренесинин аталышы жана №;
- арыз, билдирүү боюнча көрүлгөн чаралар, ыкчам тергөө тобунун курамы (ЫТТ), окуя болгон жерге чыккан убактысы, алынган предметтердин жана документтердин тизмеси;
- арызды, билдирүүнү кароо ким тарабынан жана кимге, качан тапшырылган;
- арызды, билдирүүнү аткаруу үчүн алган адамдын колу, алган датасы жана убактысы;
- жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык арызды, билдирүүнү текшерүүнүн жыйынтыгы (жазык ишин козголгон дата жана №, Кыргыз Республикасынын КЖКнын беренеси, тергөөчүнүн аты-жөнү, жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган дата жана №, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын беренеси, тергөөчүнүн аты-жөнү, арыз жана билдирүү берилген дата жана кириш №, кызмат адамынын аты-жөнү).
24. КАБЭК так отчеттук документ болуп саналат жана аны жүргүзгөн органда ага кылмыштар жөнүндө акыркы билдирүү катталган учурдан тартып 15 жылдан кем эмес сакталат.
25. КАБЭКте арыз ээсинин (жабырлануучунун) жеке жашоосу, анын жеке жана үй-бүлөлүк сыры жөнүндө маалыматты, ошондой эле мыйзам менен корголгон башка жашыруун маалыматтарды чагылдырууга тыюу салынат.
4-глава. Кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү текшерүүнү уюштуруу
26. Ушул Жобонун 2-пунктунда саналган органдардын жетекчилери өз компетенциясынын чегинде жана мыйзамга ылайык алар окуя болгон жерге түздөн-түз келгенде, ошондой эле белгиленген тартипте аларга баяндалып катталган билдирүүлөр менен таанышууда өздөрү жеке кабыл алган, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлгөн кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү текшерүүнү уюштурат:
- кылмыштын алдын алуу жана болтурбоо боюнча;
- кылмыш жасаган адамдарды табуу жана кармоо максатында аларды "изин суутпай" аныктоо жана куугунтуктоо боюнча;
- кылмыш изин бекитүү боюнча кечиктирилгис тергөө иш-аракеттеринин өндүрүшү боюнча;
- оор же өзгөчө оор кылмыштарды ж.б. жасаган адамдарды табуу жана кармоо боюнча атайын пландарды ишке ашыруу боюнча.
Күнү-түнү режимде кабыл алынуучу, токтоосуз чара көрүүнү талап кылган кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү текшерүүнү уюштуруу ушул Жобонун 2-пунктунда саналган органдардын түзүмүндө (курамында) болгон кезмет бөлүктөрүнүн кызмат адамдары тарабынан да ишке ашырылат.
27. Кабыл алынган кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү текшерүүгө укуктуу кызмат адамдары болуп тергөөчү, прокурор, судья (жеке айыптоо иштери боюнча) жана тездетилген сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу алгачкы текшерүү органы тарабынан ыйгарым укук берилген адам саналат.
28. Жеке жана коомдук коопсуздукка коркунуч туудурган кылмыштар жана окуялар жөнүндө башка маалыматтарды (телефон менен, интернетте берилген, ыкчам-иликтөө ишинин ж.б. натыйжасында алынган) текшерүүнүн тартиби жана мөөнөтү ушул Жобо жана ведомстволук ченемдик актылар менен регламенттелет.
29. Жеке айыптоо иштери боюнча адамдардын арыздары Кыргыз Республикасынын ЖПКда каралган тартипте судьялар тарабынан каралат.
30. Кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү текшерүүгө же текшерүүнү уюштурууга укугу бар же ыйгарым укуктуу кызмат адамы, билдирүүдө камтылган токтоосуз чара көрүүнү талап кылган маалыматтарды эске алуу менен өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөр боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө милдеттүү:
- кылмыштын алдын алуу жана болтурбоо боюнча;
- кылмыштын белгилерин табуу, окуя болгон жерди кайтаруу, кылмыш издерин, ошондой эле бекитүүнү, алууну жана изилдөөнү талап кылуучу далилдерди сактоо жана белгилөө боюнча;
- кылмыш жасоого даярданып жаткан, кылмыш жасап жаткан же жасаган адамдарды кылмыш жасаган жеринен же аны жасагандан кийин түздөн-түз же изин суутпай аныктоо жана кармоо боюнча издөө жана ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү боюнча.
Кылмыш жөнүндө билдирүү боюнча көрүлгөн кечиктирилгис чаралар жана алардын жыйынтыктары жөнүндө 12 сааттан ашпаган максималдуу кыска мөөнөттө ушул Жобонун 2-пунктунда аталган органдын тийиштүү жетекчисине бул билдирүүнү андан ары текшерүүнү уюштуруу үчүн билдирилиши керек.
31. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 156-беренесинде каралган кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү текшерүүнүн мөөнөтү алар катталган күндөн тартып эсептелет. Башка укук коргоо органына ведомстволук караштуулугун (же аймактуулугун) эске алуу менен өткөрүлүп берилген кылмыштар жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр боюнча текшерүүнүн мөөнөтү үзгүлтүккө учуратылбайт жана Кыргыз Республикасынын ЖПКнын ченемдерине ылайык узартылышы мүмкүн.
32. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 156-беренесине ылайык тергөөгө чейинки текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тергөөчү, прокурор жана алгачкы текшерүү органы тарабынан ыйгарым укук берилген кызмат адамы тездетилген сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырат, жазык ишин козгойт же аны козгоодон баш тартат. Эгерде мындай арыздарды же билдирүүлөрдү кароо башка органдардын ведомстволук караштуулугуна (же аймактуулугуна) таандык болсо, анда аларга жөнөтүлүшү керек. Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган жазык иштери, ошондой эле материалдар каттоого жана эсепке алынууга тийиш.
33. Кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алууда, каттоодо жана кароодо мыйзамдуулуктун сакталышын контролдоо укук коргоо жана сот органдарынын тийиштүү жетекчилерине жүктөлөт. Жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу, каттоо жана кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын тийиштүү көзөмөлдөөчү прокурор көзөмөлдөйт.
|
| Кылмыштар менен окуялар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын бирдиктүү тартиби тууралуу жобонун 1-тиркемеси |
Форма
Кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү эсепке алуунун № ____ КИТЕБИ ________________________________________________________
Инв. № ______
| БАШТАЛДЫ | 20__-ж. "__" ____________ |
| АЯКТАДЫ | 20__-ж. "__" ____________ |
|
| КЫЛМЫШТАР ЖӨНҮНДӨ АРЫЗДАРДЫ ЖАНА БИЛДИРҮҮЛӨРДҮ ЭСЕПКЕ АЛУУ КИТЕБИНИН ГРАФАЛАРЫНЫН МАЗМУНУ |
№ | Кылмыш жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз, билдирүү качан түшкөн (датасы, сааты, мүнөтү) | Кылмыш жөнүндө ким билдирген (арыз ээсинин аты-жөнү, дареги, телефону, ишкананын, мекеменин жана уюмдун аталышы, дареги жана телефону), кабарлоо талонунун каттоо номери | Кылмыш жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнүн кыскача мазмуну (убактысы, орду, жагдайлары) Кыргыз Республикасынын КЖК беренеси |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
Арыз, кезметчилердин билдирүүлөрү боюнча көрүлгөн чаралар; окуялар; алынган буюмдук далилдердин тизмеси; ыкчам тергөө тобунун курамы жана кылмыш болгон жерге чыккан убакыт | Жазуу жүзүндөгү арызды, билдирүүнү кароо ким тарабынан, кимге, качан тапшырылган | Жазуу жүзүндөгү арызды, билдирүүнү аткаруу үчүн алган адамдын колу. Алган убактысы жана датасы | Арызды, билдирүүнү текшерүүнүн жыйынтыгы, кылмыш ишин козгоо же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомдун № жана датасы, арыз, билдирүү, материал коомдук таасир этүү чараларын көрүү үчүн же тергөөгө караштуулугу боюнча башка органдарга өткөрүлүп берилген чыгыш № жана датасы |
5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
| Кылмыштар менен окуялар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын бирдиктүү тартиби тууралуу жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Укук коргоо органдарына телефон, факс боюнча, интернеттеги, күзөт сигнализациясынын приборлорунун жана башка сигналдардын иштөөсү түрүндө түшкөн окуялар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуунун № _____ ЖУРНАЛЫ
Инв. № ______
| БАШТАЛДЫ | 20__-ж. "__" _____________ |
| АЯКТАДЫ | 20__-ж. "__" _____________ |
№ | Маалымат качан түшкөн (датасы, сааты, мүнөтү) | Ким билдирген: арыз ээсинин аты-жөнү, дареги, телефону, ишкананын, уюмдун, мекеменин аталышы, дареги, телефону, борборлоштурулган күзөттүн пултундагы кезметчинин (диспетчердин) аты-жөнү | Маалыматтын мазмуну (убактысы, орду, жагдайлары) |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
Маалымат боюнча кезметчи тарабынан көрүлгөн чаралар | Маалыматты текшерүүнүн жыйынтыктары | ||
маалымат ырасталды | арыз (билдирүү) мыйзамда белгиленген тартипте келип түштү жана кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү эсепке алуу китебине көчүрүлдү | Маалымат ырасталган жок (текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамынын же ички иштер органы боюнча кезметчинин жазуусу) | |
5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
| Кылмыштар менен окуялар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын бирдиктүү тартиби тууралуу жобонун 3-тиркемеси |
Форма
КЫЛМЫШ ЖӨНҮНДӨ АРЫЗДЫ ЖЕ БИЛДИРҮҮНҮ КАБЫЛ АЛУУ, КАТТОО ЖӨНҮНДӨ КАБАРЛОО ТАЛОНУНУН ДҮМҮРЧӨГҮ (Кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алган кызматкерде калат) № 000001
Арыз (билдирүү) __________________________________________ _________________________________________________________ (Арыз ээсинин аты-жөнү, мекеменин аталышы) _________________________________________________________ ____________________________________________ кабыл алынды Кыскача мазмуну __________________________________________ _________________________________________________________ _________________________________________________________ _________________________________________________________ Арызды кабыл алган кызматкердин аты-жөнү, колу, ээлеген кызматы жана атайын наамы _________________________________________________________ _________________________________________________________ саат "___" "___" мин. 20__-ж. "__" ________________ Кабарлоо талонун алган адамдын аты-жөнү жана колу _______________________________________________________ _______________________________________________________ КАБЭКте катталган _______________________________________ ________________________________________________________ (датасы, №) Арызды каттаган кызмат адамынын аты-жөнү жана колу ________________________________________________________ ________________________________________________________ ________________________________________________________ МО
|
К е с ү ү
л и н и я с ы
| КЫЛМЫШ ЖӨНҮНДӨ АРЫЗДЫ ЖЕ БИЛДИРҮҮНҮ КАБЫЛ АЛУУ, КАТТОО ЖӨНҮНДӨ КАБАРЛОО ТАЛОНУНУН ДҮМҮРЧӨГҮ (Арыз ээсине же кылмыш жөнүндө билдирген адамга берилет) № 000001 Арыз (билдирүү) ___________________________________________ _________________________________________________________ _________________________________________________________ (Арыз ээсинин аты-жөнү, мекеменин аталышы) _________________________________________________________ ____________________________________________ кабыл алынды Арызды __________________________________________________ _________________________________________________________ (Кызматкердин аты-жөнү, ээлеген кызматы) _______________________________________________ кабыл алды __________________________________________________________ КАБЭКте катталган _________________________________________ _________________________________________________________ (дата, №) __________________________________________________________ (органдын аталышы, дареги жана кызматтык телефону) __________________________________________________________ __________________________________________________________ __________________________________________________________ саат "___" "___" мин.с 20__-ж. "__" ________________ Кызматкердин колу _________________________________________ __________________________________________________________ (Аты-жөнү, ээлеген кызматы) __________________________________________________________ МО |