Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы N 48 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Жобо бардык укук коргоо органдары үчүн кылмыштарды, аны жасаган адамдарды, жазык иштеринин кыймылын, анын ичинде тездетилген сотко чейинки өндүрүш иштерин, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын, башка объекттерди эсепке алуунун, ошондой эле сот тарабынан айыптоо өкүмү чыгарылып, мыйзамдуу күчүнө кирген учурларда жеке айыптоо боюнча кылмыштарды эсепке алуу үчүн маалымат берүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо кылмыштарды эсепке алууга тиешелүү бөлүгүндө колдонулуучу төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
- каттоо - каттоо номерин ыйгаруу менен жазык ишин козголгон фактысын белгилөө;
- эсепке алуу - эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматтарды андан ары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгы тарабынан эсепке алуу документтеринде чагылдырылган объекттер жөнүндө маалыматтардын статистикалык отчетуна киргизүү менен алгачкы текшерүү органы тарабынан тездетилген сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья тарабынан эсепке алуу документтерине жазуу;
- каттоо документтери - каттоо китептери жана журналдары;
- эсепке алуу объекттери - кылмыш (жасалган мезгилине карабастан жасалган факты боюнча: жазык иши козголгон, реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган, жеке айыптоо иши боюнча айыптоо өкүмү чыгарылган), кылмыш жасаган адам, жазык иши, анын ичинде тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн жана ал боюнча кабыл алынган чечим, кылмыштар менен келтирилген материалдык зыяндар жана анын ордун толтурууну камсыздоо, жабырлануучу жана жазык иштери боюнча башка чечимдер;
- эсепке алуу документтери - эсепке алуу журналдары, статистикалык карточкалар:
- № 1.0 формасы - козголгон, анын ичинде тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн жазык ишине бирдиктүү статистикалык карточка, реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалы;
- № 1.1 формасы - кылмыштын бетин ачуу жөнүндө, жазык ишин, анын ичинде тездетилген сотко чейинки өндүрүш жазык ишин аяктоо жөнүндө, реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалы жөнүндө бирдиктүү статистикалык карточка;
- № 2.0 формасы - айыпталуучуга, реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган адамга бирдиктүү статистикалык карточка;
- прокурор тарабынан айыптоочу корутунду бекитилген адамга карата алфавиттик карточка, тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн протоколу же реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чыгарылган токтом;
- № 3 формасы - жазык ишинин кыймылы жөнүндө бирдиктүү статистикалык карточка;
- № 1.П формасы - жабырлануучуга карата бирдиктүү статистикалык карточка (жазык ишинин, анын ичинде тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн жазык ишинин аякташы боюнча, реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалы боюнча толтурулат);
- № 1.2 формасы - сотто жазык ишин кароонун жыйынтыгы жөнүндө бирдиктүү статистикалык карточка;
- № 2.1 формасы - соттолуучуга карата бирдиктүү статистикалык карточка;
- кылмыштар тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоо китеби (мындан ары - КАБКК).
- кылмыштарды, жазык иштерин (материалдарды, протоколдорду) жана кылмыш жасаган адамдарды эсепке алуунун бирдиктүү журналы;
- кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды, жазык иштерин жана кылмыштар жөнүндө материалдарды эсепке алууну контролдоо журналы;
- жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган материалдарды эсепке алуу журналы;
- эсепке алуудан жашырылган объект - ал жөнүндө маалымат эсепке алуу документтеринде чагылдырылбаган же мамлекеттик статистикалык отчетуна киргизилбеген эсепке алуу объекти;
- эсепке алынган объект - ал жөнүндө маалыматтар статистикалык отчетуна киргизилген эсепке алуу объекти. Жазык ишин териштирүүнүн жана соттук кароонун жыйынтыктарына жараша статистикалык отчеттун маалыматтарын оңдоого тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн кайтарылган иштерден жана Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 316-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык актоо өкүмү чыгарылган жана андан ары Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 221-беренесине ылайык отчеттук мезгилде токтото турулган иштерден тышкары аяктаган отчеттук мезгил болуп саналган отчеттук жылдын чегинде гана жол берилет;
- бети ачылбаган кылмыш - Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3 жана 4-пункттарынын негизинде тергөө токтото турулган кылмыш, жазык иши.
Бети ачылбаган кылмыштардын катарына төмөнкүлөр кирет:
- жазык иши козголгон датага жана кылмышты эсепке алуу датасына карабастан, жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча учурдагы отчеттук мезгилде өндүрүштөн алгачкы жолу токтото турулган жазык иштери;
- териштирүүнүн процессуалдык мөөнөтү аяктаган, бирок иш боюнча процессуалдык чечимдер кабыл алынбаган же жазык иши боюнча статистикалык карточкалар прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүнүштөрүнө түшпөгөн жазык иштери;
- мурда өндүрүштөн токтото турулгандардын ичинен прокурор тарабынан кайра жаңыланган жана жокко чыгарылган жазык иштери;
- тергөөнүн мөөнөтү тийиштүү прокурорлор тарабынан узартылган жазык иштери;
- тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн кайтарылган жана Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 316-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык актоо өкүмү чыгарылган жана андан ары Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 221-беренесине ылайык отчеттук мезгилде токтото турулган жазык иштери.
Кылмыштар, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3 жана 4-пункттарынын негизинде токтото турулган жазык иштери боюнча териштирүү жазык ишинин сотко жиберилгендиги же анын токтотулгандыгы жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин гана бети ачылбаган жазык иштеринен алып салынат.
Кылмыштардын ачылышы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында: O - Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 239-беренесинин, 409-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун, 416-4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун тартибинде сотко жөнөтүү менен отчеттук мезгилде биринчи жолу аяктаган жана Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 9, 10, 11 жана 12 (айып коюу менен), 13, 14-пункттары жана 29-беренесинин 1-бөлүгү боюнча сотко чейинки баскычта реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган иштер;
H - бети ачылбаган кылмыштардын саны.
3. Реабилитацияланбаган негиздер:
Жазык ишин токтотуу же жазык ишин козгоодон баш тартуу төмөнкү негиздер боюнча жүзөгө ашырылат:
- жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү учуруна карата каза болгон адамга (Кыргыз Республикасынын ЖПК 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пункту);
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболоруна ылайык жазык жоопкерчилигинен бошотууга тийиш болгон адамга карата (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пункту);
- эгерде мунапыс жөнүндө актыга байланыштуу жасалган жосун үчүн жаза колдонуу жокко чыгарылса (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пункту);
- эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту);
- жабырлануучу жеке жана жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) Кыргыз Республикасынын КЖКнын 66-статьясына ылайык айыпталуучу жабырлануучу менен макулдашууга жетишкенде (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-пункту, айып коюу менен);
- жаран (адам) жабырлануучу болуп саналбаган иш боюнча прокурор жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пункту);
- жабырлануучу жана прокурор ачык айыптоону колдоодон баш тартканда (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пункту);
- жагдайдын өзгөрүшүнө байланыштуу, эгерде жасалган жосун коомдук-кооптуу мүнөзүн жоготсо (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту);
- эгерде адам коомго коркунуч жаратпай калса (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту), алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында күнөөлүү адамдар тарабынан жасалган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндө; Кыргыз Республикасынын КЖКнын 224, 225, 303-315-статьяларында каралган кылмыштар жөнүндө жазык иштеринен тышкары;
- коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза каралган анча оор эмес кылмыштар боюнча жазык ишин аксакалдар сотунун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө айыпталуучу жабырлануучу менен макулдашууга жетишкенде (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту).
4. Реабилитацияланган негиздер:
Төмөнкү негиздер боюнча жазык иштери токтотулган же жазык ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечимдер кабыл алынган:
- кылмыш окуясы болбогондо (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту);
- жосунда кылмыштын курамы болбогондо (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту);
- жазык мыйзамынан алып караганда зыян келтирген жосун укук ченемдүү болгондо (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту);
- жабырлануучу даттануу менен кайрылбаганда (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин -бөлүгүнүн 4-пункту), Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 159-беренесинин 2-бөлүгүнүн тартибинде прокурордун жана тергөөчүнүн демилгеси боюнча жазык иши козголгон учурлардан тышкары;
- бул адамга карата ошол эле айыптоо боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү же жазык куугунтугу мүмкүн эместигин көрсөткөн соттун жокко чыгарылбаган чечими чыккандыгына байланыштуу (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту);
- бул адамга карата ошол эле жосун боюнча ишти токтотуу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун жокко чыгарылбаган токтому чыккандыгына байланыштуу (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пункту);
- адамдын кылмышты аягына чыгаруудан ыктыярдуу баш тарткандыгына байланыштуу (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пункту);
- эгерде кошумча далилдерди чогултуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр акырына чыкса, айыпталуучунун кылмышты жасагандыгын көрсөткөн жетиштүү далилдер жок болсо (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 225-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту).
Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 316-беренесинин талаптарына ылайык жазык иштери боюнча актоо өкүмүн чыгаруу да реабилитацияланган негиздерге кирет.
5. Эгерде жазык ишин козгоо учурунда төмөндөгүлөр болсо, кылмыш анык эместик шарттарында жасалган деп эсептелет:
- кылмыш жасаган адам аныкталган эмес;
- шектүү ыкчам-издөө иш-чараларынын же жеке тинтүүнүн жыйынтыгында аныкталган;
- кылмыш жазык ишин териштирүүдө аныкталган.
Эгерде шектүү адам Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 94-беренесинин тартибинде кылмыш жасалган учурдан тартып 24 саат аралыгында аныкталса жана кармалса, анык эместик шарттарында жасалган кылмыш "изин суутпай" ачылды деп эсептелет.
2-глава. Каттоо жана эсепке алуу субъекттери
6. Төмөнкүлөр каттоо субъекттери болуп саналат:
- прокуратура органдары (анын ичинде аскер прокуратурасы);
- ички иштер органдары;
- улуттук коопсуздук органдары;
- экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдар (финансылык полиция);
- жазаларды аткаруу кызматынын органдары;
- сот органдары;
- алгачкы текшерүү органдары өзүнүн компетенциясына ылайык жасалган кылмыш жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү каттоону камсыздайт (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 38-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту).
7. Төмөнкүлөр кылмыштарды эсепке алуунун субъекттери болуп саналат:
- эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу документтеринде белгилөө милдети жүктөлгөн тездетилген сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө алгачкы текшерүү органы тарабынан ыйгарым укук берилген кызмат адамдары, тергөөчү, прокурор жана судьялар;
- эсепке алуу документтеринде чагылдырылган объекттер жөнүндө маалыматтарды статистикалык отчетуна киргизүү милдети жүктөлгөн прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүнүштөрү;
8. Бишкек жана Ош шаарлары, облустар боюнча прокуратура органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүнүштөрү тарабынан берилген статистикалык маалыматтарды топтоону жана жалпылоону Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгы жүзөгө ашырат.
9. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгы кылмыштуулуктун абалын жана аны менен күрөшүүнүн жыйынтыктарын чагылдыруучу мамлекеттик маалыматтык ресурстар катары берилген ведомстволор аралык статистикалык маалыматтар базасынын кармоочусу болуп саналат.
10. Статистикалык карточкалардын милдеттүү толтурулуучу реквизиттерин, ошондой эле эсепке алуу документтерин толтуруунун жана берүүнүн тартибине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү (ушул Жобонун 2-бөлүгү) башка эсепке алуу субъекттери менен аларга тиешелүү бөлүгүн макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы белгилейт.
3-глава. Кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү эсепке алуу
11. Ар кандай жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу арыздар же билдирүүлөр кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоо китебине катталат (мындан ары - КАБКК).
12. КАБККга каттала турган кылмыштар жөнүндө арыздарга жана билдирүүлөргө төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын ЖПКга ылайык таризделген жана арыз ээси тарабынан кол коюлган (кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалымат бергендиги үчүн жазык жоопкерчилиги тууралуу эскертилгенден кийин) жарандардын оозеки же жазуу түрүндөгү арызы;
- Кыргыз Республикасынын ЖПКга ылайык таризделген күнөөсүн мойнуна алгандыгы жөнүндө жана күнөөсүн мойнуна алып келген адамдар тарабынан кол коюлган оозеки же жазуу түрүндөгү арызы;
- уюмдардын кызмат адамдарынын жазуу түрүндөгү билдирүүлөрү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган билдирүүлөр;
- кылмышты түздөн-түз, анын ичинде тергөө процессинде тапкандыгы жөнүндө, алгачкы текшерүү органдарынын, тергөөчүнүн, прокурордун жазуу түрүндөгү билдирүүсү же билдирмеси.
Ички иштер органдары жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары КАБККга дайынсыз жоголгон жарандар тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү каттайт.
13. Жеке айыптоо иштеринен тышкары сотко келип түшкөн кылмыштар жөнүндө арыздар же билдирүүлөр прокурорго жиберилет, ал тергөө караштуулугуна жараша мыйзамда каралган мөөнөттө тийиштүү укук коргоо органына жиберет, ал жерде КАБККга милдеттүү түрдө катталат.
14. Сотко келип түшкөн жеке айыптоо иштери боюнча кылмыштар жөнүндө арыздар же билдирүүлөр соттук иш кагаздарын жүргүзүүгө ылайык катталышы керек. Кылмыштар, аны жасаган адамдар №№ 1.0, 1.П, 1.2, 2.1 формасындагы статистикалык карточкаларды жана алфавиттик карточкаларды судья тарабынан толтуруу жолу менен эсепке алынат жана чечим мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин токтоосуз КАБККга каттоо үчүн прокуратуранын аймактык органдарына жиберилет жана андан ары прокуратура органдарынын тийиштүү укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүнүштөрүнө өткөрүлүп берилет.
1-инстанциядагы соттун чечимине даттануу учурунда 1-инстанциядагы сот жазык иши жогору турган инстанциядан келип түшкөндөн кийин № 1.0, 1.П, 1.2 жана 2.1 формасындагы статистикалык карточкалар жана алфавиттик карточкалар менен бирге прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүнүштөрүнө 2-инстанциядагы соттун же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечиминин көчүрмөсүн жөнөтөт.
15. Алгачкы текшерүү органы, тергөөчү жана прокурор ар кандай жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу арыздарды же билдирүүлөрдү кабыл алууга, каттоого жана кароого милдеттүү. Алардын тейлөө аймагы башка, башка укук коргоо органдардын тергөөсүндө, кылмыштын белгилеринин бар экендиги тууралуу маселени чечүү үчүн маалыматтар жетиштүү эмес деген же башка себептер менен арыздарды же билдирүүлөрдү кабыл алуудан баш тартууга укугу жок. Кылмыштар жөнүндө арызды, билдирүүнү кабыл алуудан баш тартуу же аны жашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
16. Ар кандай жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу арыздарды же билдирүүлөрдү алган учурда аларды кабыл алуу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктар берилген кызмат адамы арыз ээсине талон-кабарлоо берүүгө милдеттүү. Талон-кабарлоо эки бөлүктөн: бирдей каттоо номерге ээ болгон айырма барактап жана дүмүрчөктөн турат. Арызды же билдирүүнү кабыл алуунун убактысы жана датасы жөнүндө маалыматты камтыган айырма барак арыз ээсине берилет. Арыз ээси, арыздын же билдирүүнүн кыскача мазмуну, кабыл алуу убактысы жана датасы, ошондой эле КАБККнын номери жөнүндө маалымат белгиленген талондун дүмүрчөгү кабыл алган жана каттаган органда калат. Талондун дүмүрчөгү арыздарды же билдирүүлөрдү каттоонун толуктугун текшерүүдө, ошондой эле мындай маалыматтарды кабыл алуу милдети жүктөлгөн кызмат адамдарынын ишин текшерүүдө, аларга карата даттанууларды кароодо пайдаланылат.
17. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 156-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыштар жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынат:
- жазык ишин козгоо тууралуу;
- жазык ишин козгоодон баш тартуу тууралуу;
- келип түшкөн арыздар же билдирүүлөр башка органдардын караштуулугуна (же аймактуулугуна) тиешелүү болсо, мындай арыздарды же билдирүүлөрдү ошол органдарга жиберүү.
18. Жазык ишин козгоо же аны козгоодон баш тартуу тууралуу чечим прокурор же тергөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 156-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө кабыл алынышы керек.
Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 156-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жазык ишин козгоо же аны козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кылмыш тууралуу арызды же билдирүүнү берген адамга, уюмга же кызмат адамына билдирилет.
Административдик же тартип бузуу жоругу жөнүндө маалыматтар камтылган арыздарды, билдирүүлөрдү кабыл алууда тергөөчү, прокурор Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 156-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык түшкөн арызды же билдирүүнү административдик же тартиптик негизде кароого жиберүүгө укуктуу.
19. Кабыл алынган чечим тууралуу маалыматтар КАБККнын тийиштүү графасына жазылат, ал боюнча кылмыштар тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү кароонун иш жүзүндөгү мөөнөтү аныкталат.
20. Кылмыштар тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун, каттоонун жана чечүүнүн деталдуу тартиби, ошондой эле КАБККга, МЭЖге киргизүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, "Кылмыштар жана окуялар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоо, эсепке алуу жана кыймылынын бирдиктүү тартиби жөнүндө" типтүү жобого ылайык кабыл алынган ведомстволук нускамалар менен аныкталат.
4-глава Кылмыштарды эсепке алуу
21. Ар бир кылмыш жасалган убактысына карабастан аны жасоо фактысы боюнча эсепке алууга жатат (Кыргыз Республикасынын КЖКнын конкреттүү ченеми боюнча анын юридикалык квалификациясынын негизинде): жазык иши козголгон; реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом чыгарылган; жеке айыптоо иши боюнча айыптоо өкүмү чыгарылган.
22. Кылмыштарды эсепке алуунун негиздери төмөнкүлөр:
- жазык ишин козгоо тууралуу токтом;
- реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом;
- жазык ишин (жазык куугунтуктоосун) токтотуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу жана мурда кылмышты эсепке алуудан чыгаруу менен токтотулган жазык иши боюнча өндүрүштү кайра жаңылоо тууралуу токтом;
- башка жазык ишинен мурда эсепке алынбаган кылмыш жөнүндө жазык ишин же материалдарды өз алдынча өндүрүшкө бөлүп алуу тууралуу токтом;
- мурда катталбаган башка кылмыш жөнүндө же мурда катталбаган кылмышты териштирүүнүн жүрүшүндө кошумча табылган материалдарды териштирип жаткан ишке бириктирүү;
- сот тарабынан жеке айыптоо иши боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүн чыгаруу;
- чет мамлекеттин компетенттүү органынан келип түшкөн жазык ишин өндүрүшкө алуу жөнүндө токтом;
- прокурор тарабынан бекитилген тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн протоколу.
23. Кылмыштарды, ошондой эле эсепке алуунун башка объекттерин эсепке алуу сот, прокурор тергөөчү же алгачкы текшерүү органы тарабынан тездетилген сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан баштапкы эсепке алуунун (№ 1.0, 1.1, 2.0, 3.1.П, 1.2 жана 2.1 формаларынын статистикалык карточкалары жана алфавиттик карточка) тийиштүү документтерин толтуруу, андан ары аймактык укук коргоо органдарынын эсепке алуу-каттоо бөлүнүштөрүнө өткөрүп берүү менен жүзөгө ашырылат. Эсепке алуу-каттоо бөлүнүштөрү маалыматты баштапкы эсепке алуу документтеринен маалыматтар базасына киргизет жана электрондук жана кагаз вариантындагы бул документтерди прокуратура органдарынын укуктук статистикасынын региондук бөлүнүштөрүнө өткөрүп берет.
24. Эгерде кылмыштын жасалган ордун аныктоо мүмкүн болбогон учурда, ал билинген (табылган) орду боюнча эсепке алууга жатат. Республиканын бир нече регионунун аймагында жасалган, жазык ишин териштирүүдө аныкталган кылмыштар жасалган орду боюнча прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүнүшүнө эсепке алуу документтерин жөнөтүү аркылуу ар бир кылмыштын жасалган орду боюнча эсепке алынат.
25. Эсепке алуу субъекттеринин борбордук аппараттарынын тергөөчүлөрү тарабынан козголгон жазык иштерин эсепке алууну териштирүү ишин бүтүргөн прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүнүшү жүргүзөт. Реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган кылмыштар да ушундай эле түрдө эсепке алынат.
26. Тездетилген сотко чейинки өндүрүш тартибинде териштирилген кылмыштарды эсепке алууну териштирүү ишин бүтүргөн прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүнүшү жүргүзөт.
27. Соттор тарабынан каралган жеке айыптоо жазык иштери боюнча кылмыштарды эсепке алууну ушул Жобонун 14-пунктуна ылайык 1-инстанциядагы соттор тарабынан берилген документтердин негизинде прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүнүшү жүргүзөт.
28. Жазык ишин козгоо жөнүндө, бөлүү жөнүндө, бириктирүү жөнүндө, тергөөгө караштуулугу (аймактуулугу) боюнча өткөрүп берүү жөнүндө, жазык иши боюнча тергөөнү узартуу, кайра жандандыруу, токтото туруу жөнүндө; реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө процессуалдык чечим кабыл алынган учурдан баштап жазык иши боюнча эсепке алуу документтери териштирүү жүргүзгөн адам тарабынан - бир сутканын аралыгында, тергөөнүн бүтүшү жана жазык ишин сотко, анын ичинде медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу токтом менен бирге жөнөтүү жөнүндө - 5 сутканын аралыгында, жазык ишин токтотуу жөнүндө (жазык иши менен бирге) - 10 сутканын аралыгында укук коргоо органдарынын каттоо-эсепке алуу бөлүнүштөрүнө жиберилет. Каттоо-эсепке алуу бөлүнүштөрү бардык түшкөн эсепке алуу документтерин бир сутканын аралыгында прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүнүштөрүнө жиберет.
Эсепке алуу документтерин электрондук алып жүрүүчү аркылуу же бир эле убакта кагаз түрүндө жөнөтүү менен корголгон электрондук байланыш каналдары боюнча жөнөтүүгө жол берилет.
29. Укук коргоо органдарынын каттоо-эсепке алуу бөлүнүштөрү бардык түшкөн эсепке алуу документтерин эсепке алууга милдеттүү, түшкөн эсепке алуу документтердин мөөнөтүн өткөрүүгө же эсептен чыгарууга укугу жок.
Эсепке алуу документтери жазык ишинин материалдарына дал келбегендиги аныкталган учурда укук коргоо органынын каттоо-эсепке алуу-бөлүнүшүнүн кызматкери эсепке алуу документтериндеги көрсөтүлгөн дал келбестиктерди жоюу үчүн териштирүү жүргүзгөн адамга жөнөтөт.
Эсепке алуу документин эсепке алууга мүмкүн болбогондо кайра тариздөө үчүн эсепке алуу документи укук коргоо органынын каттоо-эсепке алуу бөлүнүшүнүн кызматкери тарабынан суткалык мөөнөттө кайра берүүсүн контролдоо менен кайтарылышы мүмкүн.
Отчеттук мезгилдин аягында укук коргоо органынын эсепке алуу-каттоо бөлүнүшүнүн кызматкери колдо болгон маалыматтарды жазык иштерин кароонун жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү соттор менен салыштырып текшерет.
30. Ушул Жобонун 32-пунктун бузуу менен эсептик документтерди берүүдө прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүнүшүнүн кызматкери бул эсепке алуу документтерин эсепке алуудан чыгарып салат.
31. Дайыма сакталууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3 жана 4-пункттарына ылайык токтото турулган жазык иштери боюнча эсепке алуу документтеринен тышкары, эсепке алуу документтери прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүнүштөрүндө жазык иши тергөө өндүрүшүнөн токтотулган же аяктаган жана жазык иши сот тарабынан каралган жана аларды кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат келип түшкөн шарттарда алардын негизинде статистикалык отчеттуулук түзүлгөндөн кийин бир жылдан кем эмес сакталат.
32. Төмөнкүлөр бир кылмыш катары эске алынат:
1) аткаруучунун эксцесси болбогон шартта бир нече адам тарабынан биргелешип жасалган (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин (мындан ары - Кыргыз Республикасынын КЖК) 30-статьясы);
2) бир берененин (анын бөлүгүнүн) диспозициясында баяндалган, эки же андан көп өз алдынча жосундардан турган курамдык кылмыштар бир кылмыш катары квалификацияланган учурда (мисалы: олуттуу зыян келтирген, башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу же бузуу менен байланышкан бейбаштык; куралды же атайын каражаттарды жана башкаларды колдонуу менен кызмат абалынан аша чабуу);
3) натыйжасында бир нече адам жабырлануучу болгон бир кылмыштуу жосун (мисалы, бир турак жайдан ар башка адамдарга (жашоочуларга) таандык болгон буюмдарды, баалуу буюмдарды, акчаларды жана башканы уурдоо; алдамчылык, мында адам (адамдардын тобу) бир кылмыштуу аракет аркылуу (финансылык пирамидаларды, жарандарды башка мамлекеттерге жумушка жөнөтүү боюнча кызмат көрсөткөн жалган фирмаларды түзүү менен жана башка аркылуу) келтирилген зыяндын санына жана суммасына карабастан мүлккө (акчаларга, баалуу кагаздарга жана башкаларга) ээлик кылат;
4) созулган кылмыш, башкача айтканда, убакыттын белгилүү мезгил аралыгында бир кылмыштуу жосунду жасоо (мисалы, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун ар башка адамдарга таандыгы жана ар башка булактардан сатылып алынгандыгы тергөө органдары тарабынан далилденбеген шартта, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо же алып жүрүү; баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз сактоо же сатуу);
5) улануучу кылмыш, башкача айтканда, бирдей ниет, кол салуунун бирдиктүү объекти, мүмкүн болгон кылмыш кесепеттери менен бириккен бирдей максатка багытталган жана бир кылмыш катары квалификацияланган юридикалык окшош жосундардан (аракеттерден же аракетсиздиктен) турган кылмыштар (мисалы, карамагына берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же коротуу, ошондой эле мүлктү мыйзамсыз ээлеп алууга жалпы максаттуу бир катар окшош кылмыштуу аракеттерди, мүлктү бир канча жолу кайтарымсыз алып коюуну камтыган кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо);
6) бир берененин диспозициясында (анын бөлүгүндө) баяндалган бир же андан көп өз алдынча жосундардан турган курамдуу кылмыштар бир кылмыш (идеалдуу жыйынды) катары квалификацияланган учурда аларды жасоо, мында эң оор кылмыш эсепке алынат (мисалы, эшиктерди талкалап, мыйзамсыз кирүү менен уурдоо, уруп-сабоо же ден соолукка зыян келтирүү менен бейбаштык).
33. Эки жана андан көп кылмыш катары эсепке алынат:
1) эки же андан ашуун кылмыштар жасалып, алардын бири үчүн да адамдар соттолгон эмес (реалдуу жыйынды - Кыргыз Республикасынын КЖКнын 15-статьясынын9
1-бөлүгү, мисалы, террорчулуктагы адам өлтүрүү, башка кылмышты жашыруу максатында өрттөө), ошондой эле Кыргыз Республикасынын КЖКнын эки же андан көп статьяларында каралган кылмыштын белгилерин камтыган аракеттер (же аракетсиздиктер);
2) Кыргыз Республикасынын КЖКнын бир статьясы боюнча квалификацияланган кылмыштарды бир нече адамдын алдын ала сүйлөшүүсүз бир убакта жасоосу, мында ар бир катышуучу бири-биринен көз карандысыз аракеттенген;
3) аткаруучунун башка тең катышуучулар тарабынан ниеттелбеген кылмышты жасоосу (аткаруучунун экцесси - Кыргыз Республикасынын КЖКнын 32-статьясы);
4) эки жана андан көп окшош кылмыштарды жасоо, эгерде алар бирдиктүү улануучу кылмыштын эпизоддору болуп саналбаса.
Кылмыштардын айрым курамдарын эсепке алуунун өзгөчөлүгү мамлекеттик бийликтин кызыктар органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан аныкталат.
34. Реабилитацияланган негиздер боюнча же төмөнкү негиздер боюнча актоочу өкүм чыгарылган учурларда токтотулган кылмыштар, жазык иштери жана тездетилген сотко чейинки өндүрүш иштери эсептен чыгарылат:
- кылмыш окуясы болбогондо (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту);
- жосунда кылмыштын курамы болбогондо (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту);
- жазык мыйзамынан алып караганда зыян келтирген жосун укук ченемдүү болгондо (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту);
- жабырлануучу даттануу менен кайрылбаганда (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин -бөлүгүнүн 4-пункту), Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 159-беренесинин 2-бөлүгүнүн тартибинде прокурордун жана тергөөчүнүн демилгеси боюнча жазык иши козголгон учурлардан тышкары;
- бул адамга карата ошол эле айыптоо боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү же жазык куугунтугу мүмкүн эместигин көрсөткөн соттун жокко чыгарылбаган чечими чыккандыгына байланыштуу (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту);
- бул адамга карата ошол эле жосун боюнча ишти токтотуу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун жокко чыгарылбаган токтому чыккандыгына байланыштуу (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пункту);
- адамдын кылмышты аягына чыгаруудан ыктыярдуу баш тарткандыгына байланыштуу (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пункту);
- сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылган жазык иштери боюнча кылмыштар (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 316-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту).
35. Кылмыш төмөнкүдөй учурларда эсептен чыгарылбайт:
- бир эле адамга карата башка жазык иши менен бириктирүү үчүн жазык иши өткөрүлүп берилгенде;
- жазык иши андан ары териштирүү үчүн борбордук аппараттардын тергөө бөлүнүштөрүнө өткөрүлүп берилгенде;
- жазык иши көзөмөлдөөчү прокурорго өткөрүлүп берилгенде;
- ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык иши токтотулганда;
- эгерде кошумча далилдерди чогултуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр акырына чыкса, айыпталуучунун кылмышты жасагандыгын көрсөткөн жетиштүү далилдердин жоктугу үчүн жазык иши токтотулганда (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 225-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту);
- кылмыш жасоого соттолуучунун катыштыгы далилденбегендиги үчүн сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылганда (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 316-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту).
36. Кылмыштын өз алдынча курамы аныкталбаган жана реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылбаган өзүнчө кылмыш катары эске алынган кылмыштуу жосундун эпизоддору көзөмөлдөөчү прокурордун чечими боюнча эсепке алуудан чыгарылууга тийиш. Мында эсепке алуунун объекти катары кылмышты эсепке алуу документтеринен чыгарууга кылмыштын курамынын жоктугу негиз катары көрсөтүлөт (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту).
37. Чет мамлекеттин компетенттүү органынан жазык иши түшкөн учурда кылмыштарды жана эсепке алуунун башка объекттерин жазык ишин өндүрүшүнө алган орган эсепке алат. Териштирүү өндүрүшү үчүн түшкөн жазык иштери жаңыдан козголгон жазык иштери сыяктуу эле катталат жана жаңы каттоо номери ыйгарылат.
38. Жазык куугунтугун жүзөгө ашыруу үчүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жазык иши жиберилген учурда эсепке алуунун объекттери эсептен чыгарылбайт.
39. Кылмыштарды жана эсепке алуунун башка объекттерин эсепке алуу, эсепке алуу документтерин түзүү учурундагы талаш маселелер тийиштүү көзөмөлдөөчү прокурор тарабынан чечилет.
40. Тергөөчү, прокурор Кыргыз Республикасынын ЖПКга ылайык жазык ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин Кыргыз Республикасынын КЖКнын бир же бир канча статьясы боюнча квалификациялангандыгына карабастан бардык табылган кылмыштарга эсепке алуу документтерин түзөт.
41. Териштирүү процессинде табылган кылмыш боюнча жазык ишин козгоо учурунда аны каттоо жана эсепке алуу ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
42. Эгерде прокурор айыптоо корутундусун бекитүүдө же жазык ишин токтотууда тергөөчү же алгачкы текшерүү органынан тездетилген сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө ыйгарым укуктар берилген кызмат адамы тарабынан бардык кылмыштардын эске алынбагандыгын аныктаса, ал жеке өзү аларга эсепке алуу документтерин түзүүгө же тергөөчүгө же алгачкы текшерүү органы тарабынан ыйгарым укуктар берилген кызмат адамына тиешелүү көрсөтмө берүүгө укуктуу.
5-глава. Кылмыш жасаган адамдарды эсепке алуу
43. Төмөнкү бардык адамдар эсепке алынууга тийиш:
- реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылгандар;
- реабилитацияланган негиздер боюнча жазык ишин же жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө токтом чыгарылгандар;
- прокурор тарабынан тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн протоколу бекитилгендер;
- жазык иши прокурор тарабынан сотко айыптоо корутундусу менен жөнөтүлгөндөр;
- жеке айыптоо жазык иши боюнча айыптоо өкүмү чыгарылгандар.
44. Кылмыш жасаган адамдарды эсепке алуу үчүн негиздер:
- реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом;
- жазык ишин же жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө токтом (реабилитацияланбаган негиздер боюнча);
- прокурор тарабынан бекитилген тездетилген сотко чейинки өндүрүш протоколу;
- айыптоо корутундусу;
- мыйзамдуу күчүнө кирген жеке айыптоо иши боюнча айыптоо өкүмү.
45. Жазык иштери бир өндүрүшкө бириктирилген бир нече кылмыш жасаган адамга карата жасалган бардык кылмыштарын көрсөтүү менен бир эсепке алуу документи түзүлөт.
Бир отчеттук жылдын аралыгында эки жана андан көп кылмыш жасаган жана ал жөнүндө териштирүү бири-биринен көз карандысыз жүргүзүлгөн эки жана андан көп жазык иштери боюнча жоопкерчиликке тартылган адамдарга карата эки жана андан көп эсепке алуу документи түзүлөт.
46. Ага карата реабилитацияланган негиздер боюнча жазык иши токтотулган же төмөнкү негиздер боюнча актоо өкүмү чыгарылган адам эсептен чыгарылууга тийиш:
- кылмыш окуясы болбогондо (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту);
- жосунда кылмыштын курамы болбогондо (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту);
- жазык мыйзамынан алып караганда зыян келтирген жосун укук ченемдүү болгондо (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту);
- жабырлануучу даттануу менен кайрылбаганда (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин -бөлүгүнүн 4-пункту), Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 159-беренесинин 2-бөлүгүнүн тартибинде прокурордун жана тергөөчүнүн демилгеси боюнча жазык иши козголгон учурлардан тышкары;
- бул адамга карата ошол эле айыптоо боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү же жазык куугунтугу мүмкүн эместигин көрсөткөн соттун жокко чыгарылбаган чечими чыккандыгына байланыштуу (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту);
- бул адамга карата ошол эле жосун боюнча ишти токтотуу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун жокко чыгарылбаган токтому чыккандыгына байланыштуу (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пункту);
- адамдын кылмышты аягына чыгаруудан ыктыярдуу баш тарткандыгына байланыштуу (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пункту);
- сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылган жазык иштери боюнча кылмыштар (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 316-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту).
- эгерде кошумча далилдерди чогултуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр акырына чыкса, айыпталуучунун кылмышты жасагандыгын көрсөткөн жетиштүү далилдердин жок болсо (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 225-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту);
- Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 316-беренесинин талаптарына ылайык актоо өкүмү чыгарылган.
47. Ушул Жобонун 44-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер болгон учурда, тергөөчү, алгачкы текшерүү органы тарабынан тездетилген сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө ыйгарым укуктар берилген кызмат адамы жана прокурор кылмыш жасаган адамга токтоосуз № 2.0 формасындагы статистикалык карточканы жана алфавиттик карточканы толтурат. Толтурулган жана тергөөчү, алгачкы текшерүү органы тарабынан тездетилген сотко чейинки жүргүзүүгө ыйгарым укуктар берилген кызмат адамы, тийиштүү укук коргоо органынын жетекчиси жана прокурор тарабынан кол коюлган карточкалар териштирген органдын эсепке алуу-каттоо бөлүнүштөрүнө тапшырылат. № 2.0 формасындагы статистикалык карточка № 1.1 статистикалык карточка жана айыпталуучуга карата алфавиттик карточка менен бирге милдеттүү тапшырылышы керек.
48. № 2.0 формасындагы статистикалык карточка кылмыш жасаган ар бир адамга толтурулат. Эгерде адам бир канча кылмыш жазаса, анда ага айып коюлган Кыргыз Республикасынын КЖКнын бардык статьяларын көрсөтүү менен бир карточка түзүлөт. Бул учурда отчеттуулукта айыптоо кыйла оор кылмыш боюнча чагылдырылат.
6-глава. Жазык иштерин жана алар боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдерди, ошондой эле реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын каттоо жана эсепке алуу
49. Козголгон жазык иштери жана реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары жөнүндө маалыматтар түшкөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирилбестен жазык ишин козгоо жөнүндө же реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган органдын Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алуунун бирдиктүү журналына (мындан ары - Бирдиктүү журнал) катталат.
Тергөөчү, тездетилген сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө алгачкы текшерүү органы тарабынан ыйгарым укуктар берилген кызмат адамы жасалган кылмышка эсепке алуу документтерин көрсөтүү менен эсепке алуу-каттоо бөлүнүшүнөн жазык ишинин, анын ичинде реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары боюнча катар номерин алат (Бирдиктүү журналдагы жана №№ 1.0, 1.П, 1.1, 2.0 статистикалык карточкалардагы жана алфавиттик карточкалардагы баш тартылган материалдын номерин көрсөтүү менен).
50. Төмөнкү кабыл алынган процессуалдык чечимдер жазык иштерин жана алардын кыймылын эсепке алуунун негиздери болуп саналат:
- жазык ишин козгоо жөнүндө;
- прокурор тарабынан тездетилген сотко чейинки өндүрүш протоколун бекитүү жөнүндө;
- жазык иштерин бириктирүү жөнүндө;
- териштирүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө;
- тергөөнү токтото туруу жөнүндө;
- териштирилип жаткан жазык иши менен байланышпаган кылмыштын белгилери болгон учурда бир же бир нече айыпталуучуга же белгисиз адамдарга карата жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө;
- жазык ишин тергөөгө караштуулугу боюнча же аймактуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө;
- жазык ишин токтотуу жөнүндө;
- прокурор тарабынан айыптоо корутундусун бекитүү жөнүндө;
- прокурор тарабынан медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн жазык ишин сотко жөнөтүү жөнүндө токтомду бекитүү тууралуу;
- жазык ишин токтотуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу жана жазык иши боюнча өндүрүштү кайра улантуу жөнүндө;
- токтото турулган тергөөнү кайра улантуу жөнүндө;
- прокурор тарабынан тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн жазык ишин кайтаруу жөнүндө;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү;
- жазык ишин соттуулугу боюнча соттордун токтомдорун аткарууга жиберүү жөнүндө;
- жазык ишин чет мамлекеттердин компетенттүү органдарында жазык куугунтугун жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө.
51. Жазык иштерин номерлештирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан аныкталат (ушул Жобонун 5-тиркемеси).
52. Жазык ишинин кыймылы иш боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынгандан кийин прокурор же тергөөчү тарабынан токтоосуз толтурулуучу № 3 формадагы статистикалык карточка боюнча эске алынат:
1) жазык иштерин бириктирүү;
2) жазык иштерин бөлүп алуу;
3) тергөөнү токтото туруу;
4) токтото турулган жазык ишин кайрадан улантуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 228-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык прокурор тарабынан жокко чыгарылган учурда;
5) токтотулган жазык ишин кайрадан улантуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 228-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык прокурор тарабынан жокко чыгарылган учурда;
6) прокурор же сот тарабынан тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн тергөөчүгө жазык ишин кайтаруу;
7) тергөөгө караштуулугу же аймактуулугу боюнча жазык ишин өткөрүп берүү;
8) тергөөнүн мөөнөтүн узартуу;
9) жазык ишин соттуулугу боюнча соттордун токтомдорун аткаруу үчүн жиберүү;
10) жазык ишин чет мамлекеттердин компетенттүү органдарында жазык куугунтугун жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө.
53. Бир катар кылмыштар боюнча айыпталуучу адам сот тарабынан кылмышты жасагандыгына күнөөсү далилденбегендиги үчүн айрым эпизоддорго ылайык акталган учурда жазык иши ар бир далилденбеген эпизоддорго карата өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынат жана кылмыш жасаган адамды аныктоого чараларды көрүү үчүн тийиштүү прокурорго берилет (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 316-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык). Прокурордон көрсөтүлгөн ишти алган укук коргоо органы кылмышты жасаган убактысына жана иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн аяктагандыгына карабастан, кабыл алынган процессуалдык чечимге ылайык № 3 формасындагы статистикалык карточканы коюу менен аларды отчеттук мезгилде токтоосуз эсепке алууга тийиш.
Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн сот тарабынан жазык иши кайтарылган учурда андан аркы териштирүүнүн мөөнөтү Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 166-беренесинин 4 бөлүгүнө ылайык белгиленет.
54. Жазык иштерин тергөө караштуулугу же аймактуулугу боюнча өткөрүп берүүдө кылмыш кайтадан эсепке алынбайт жана эсепке алуудан чыгарылбайт.
55. Жазык иши аймактуулугу же тергөөгө караштуулугу боюнча төмөнкү эрежелер боюнча өткөрүлүп берилет:
- жазык ишин бир ведомствого таандык бир тергөө бөлүнүшүнөн башкасына (райондук же облустук деңгээлдеги), ошондой эле бир облустун же Бишкек шаарынын ичиндеги ар башка ведомствонун бир тергөө органынан башкасына (райондук же облустук деңгээлдеги) өткөрүп берүү облустун же Бишкек шаарынын прокурору же прокурордун тармакты жетектеген орун басары аркылуу гана жүргүзүлөт, ал чагылдырылган реквизиттердин тууралыгын жана толуктугун текшерүү менен № 3 формасынын статистикалык карточкасына кол коюуга тийиш;
- ар башка облустардын же Бишкек жана Ош шаарларынын бир тергөө бөлүгүнөн башкасына, ошондой эле республикалык деңгээлдеги өз алдынча укук коргоо органынын тергөө бөлүнүшүнөн башкасына жана тескерисинче өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аркылуу гана жүргүзүлөт, мында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүнүшүнүн тийиштүү жетекчиси же анын орун басары чагылдырылган реквизиттердин тууралыгын жана толуктугун текшерүү менен № 3 формасынын статистикалык карточкасына кол коюуга тийиш.
56. Бир укук коргоо органдан ошол райондун (шаардын) башка укук коргоо органына териштирүү өндүрүшү үчүн кайрадан түшкөн иштер катталбайт жана баштапкы каттоо номери менен өндүрүш аяктайт.
57. Тергөөгө караштуулугу боюнча же аймактуулугу боюнча бир райондон (шаардан) башка районго (шаарга) түшкөн жазык иштери иш түшкөн райондун (шаардын) Бирдиктүү журналына жазылууга тийиш жана жазык ишин козгогон органдын каттоо номери менен өндүрүш аяктайт.
58. Кылмышты жасоо орду боюнча териштирүү үчүн жазык ишин бир облустан башка облуска жөнөтүүдө алган териштирүү органы жазык ишинин мурда катталбагандыгын тактайт. Териштирүү баштапкы каттоо номери менен аяктайт.
59. Жазык иши боюнча түрдүү облустардын аймагында жасалган бир нече кылмыш териштирилип жаткан учурда иш өндүрүшүндө турган тергөөчү же прокурор Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгы аркылуу кылмыштын жасалган орду боюнча эсепке алуу үчүн прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуунун тийиштүү регионалдык бөлүнүштөрүнө статистикалык карточкаларды жөнөтөт.
60. Териштирүү өндүрүшү үчүн башка мамлекеттерден түшкөн жазык иштери кайрадан козголгон жазык иши сыяктуу эле катталат жана аларга жаңы каттоо номери ыйгарылат.
61. Жазык иштерин кылмышка кошо катышып жасаган адамдарга карата өзүнчө өндүрүшкө бөлүп алган учурда, бөлүнүп алынган иштер "А", "Б" жана ушу сыяктуу литерди кошуп, каттоо номерин ыйгаруу менен Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алууну контролдоо журналына катталат, бирок кылмыш кайтадан эсепке алынбайт. Көрсөтүлгөн бөлүнүп алынган жазык иштери боюнча маалымат маалыматтар базасына киргизилет.
62. Кылмышты бир эле адам жасагандыгына байланыштуу жазык иштерин бир өндүрүшкө бириктирсе, эске алынган кылмыштардын саны өзгөрбөйт.
63. Бир эле кылмыш боюнча козголгон эки же андан көп жазык иштерин бириктирүүдө, ал боюнча жазык иши биринчи козголгон кылмыш эсепте калат. Калган кылмыштар эсептен чыгарылат, мында эсепке алуу документтеринде эсепке алуудан чыгаруу үчүн негиз катары кылмыштын курамынын жоктугу көрсөтүлөт (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту).
7-глава. Материалдык зыяндын ордун толтуруунун жана кылмыштуу иштин предметтерин алуунун жыйынтыктарын эсепке алуу
64. Жазык ишин териштирүүнүн, тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө тергөөчү, алгачкы текшерүү органы тарабынан тездетилген сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө ыйгарым укуктар берилген кызмат адамы жана прокурор тарабынан аныктала турган кылмыш менен келтирилген материалдык зыян жана анын ордун толтурууну камсыздоо жөнүндө маалымат эсепке алынууга тийиш.
65. Материалдык зыянды эсепке алуунун негизи болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- прокурор бекиткен айыптоо корутундусу;
- прокурор бекиткен тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн протоколу;
- реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин токтотуу жөнүндө токтом;
- реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом.
66. Кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын белгиленген суммасы жана анын ордун толтурууну камсыздаган сумма № 1.1 формасындагы статистикалык карточкада чагылдырылат (кылмыштын бетин ачуу жөнүндө, жазык ишин аяктоо тууралуу бирдиктүү статистикалык карточка).
8-глава. Жабырлануучулар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу
67. Төмөнкүдөй ар бир жеке адам жөнүндө маалымат эсепке алынууга тийиш:
- мыйзамда белгиленген тартипте жабырлануучу деп таанылган;
- ага карата кылмыш жасоонун натыйжасында каза болгон.
68. Кылмыштын кесепети адамдын өлүмүнө алып келген жазык иши боюнча жабырлануучу деп таанылган адамдар - жакын туугандары жөнүндө маалыматтар эсепке алынууга тийиш эмес.
69. Жабырлануучуларды эсепке алууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- жабырлануучу деп таануу жөнүндө токтом;
- реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом;
- жабырлануучу деп таануу жөнүндө соттун аныктамасы;
- жабырлануучу деп таануу жөнүндө токтом (аныктама) чыгарылбаган учурда, адамдын өлүм фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом.
70. Ар бир жабырлануучу жөнүндө маалымат № 1.П формасындагы өзүнчө статистикалык карточкада чагылдырылат (жабырлануучуга карата бирдиктүү статистикалык карточка).
9-глава. Жазык иштери жана соттолуучулар боюнча сот чечимдерин эсепке алуу
71. Төмөнкүлөр боюнча сот чечимдери эсепке алынууга тийиш:
- айыптоо корутундусу менен сотко түшкөн жазык иштери боюнча;
- тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн прокурор бекиткен протоколу боюнча;
- медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтомдор боюнча;
- жеке айыптоо иштеринин мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмдөрү боюнча.
72. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдерин жана соттолуучуларды эсепке алуунун негиздери төмөнкүлөр:
- айыптоо өкүмү (анын ичинде тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн иштери боюнча);
- актоо өкүмү;
- жазык ишин же жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө соттун токтому;
- медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун токтому.
73. Айыптоо корутундусун, тездетилген сотко чейинки өндүрүш протоколун бекитүү үчүн жазык ишин прокурорго жөнөтүүдө тергөөчү, алгачкы текшерүү органы тарабынан тездетилген сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамы аларга № 1.2 формасынын статистикалык карточкасын (сотто жазык ишин кароонун жыйынтыктары жөнүндө бирдиктүү статистикалык карточка) жана № 2.1 формасын (соттолуучуга бирдиктүү карточка) бириктирет, аларга тийиштүү эсепке алуу маалыматтары киргизилет.
74. Сот чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден же жогору турган инстанциядан жазык иши кайтарылгандан (даттанылган учурда), же болбосо ишти тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн кайтарылгандан кийин, №№ 1.2 жана 2.1 формасындагы статистикалык карточкаларда сот өндүрүшүнө тиешелүү маалымат чагылдырылат, ал ишти караган судьянын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт жана үч сутканын ичинде алар прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуунун тийиштүү региондук бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт.
75. Айыптоо өкүмү чыгарылган жеке айыптоо иштери боюнча эсепке алуу маалыматтары №№ 1.2 жана 2.1 формасындагы бирдиктүү статистикалык карточкаларга киргизилет жана бир убакта айыптоо өкүмүнүн аткарууга карата кайрылуусу менен аталган карточкалар прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуунун региондук бөлүмдөрүнө жиберилет.
76. Прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуунун региондук бөлүмдөрү соттордун чечими жөнүндө маалыматты Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алууну контролдоо журналына чагылдырат жана отчеттук жылдын чегинде статистикалык отчетко тийиштүү оңдоолорду киргизет. Мындан кийин №№ 1.2 жана 2.1 формасындагы статистикалык карточкалар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгынын борбордук аппаратына жиберилет.
77. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгы маалымат базасына маалыматтарды киргизгенден кийин №№ 1.2 жана 2.1 формасындагы статистикалык карточкаларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алфавиттик-маалымдама картотекасына өткөрүп берет.
78. Алфавиттик-маалымдама картотекасына маалыматтарды киргизгенден кийин №№ 1.2 жана 2.1 формасындагы статистикалык карточкалар укук коргоо органдарынын аймактык эсепке алуу-каттоо бөлүмдөрүнө берилет, мында бул карточкалардагы маалыматтар Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алуунун бирдиктүү журналына киргизилет.
10-глава. Контроль жана көзөмөл
79. Каттоо жана эсепке алуу субъекттеринин жетекчилери:
- эсепке алуу документтерин ишенимдүү, объективдүү жана толук толтурууга жана прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүнө өз убагында берүүгө жоопкерчилик тартышат;
- ушул Жобонун талаптарынын аткарылышын контролдошот;
- ушул Жобонун талаптарынын бузулушу жөнүндө прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүнүн билдирүүлөрү боюнча талаптагыдай чараларды көрүшөт;
- эсепке алуу-каттоо тартибинин абалын өз компетенцияларынын чегинде контролдошот.
80. Прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүнүн жетекчилери өз компетенцияларынын чегинде:
- эсепке алуу документтерин толтуруунун аныктыгын жана объективдүүлүгүн жана алардын өз убагында берилишин контролдошот жана көзөмөлдөшөт;
- эсепке алуу документтеринин реквизиттери туура эмес толтурулса, бул документтерди аларды берген бөлүмдөргө кайра кайтарышат же бурмалоого жол берген күнөөлүү адамдарды табуу жана катачылыктарды жоюу багытында өз компетенциясынын чегинде текшеришет (документтерди кайтарып бербестен карточкаларга кол койгон тергөөчүнү, прокурорду ж.б. чакырышат);
- ушул Жобонун талаптарын бузуулар аныкталса, аларды жоюу жана күнөөлүү тийиштүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу максатында прокурордук таасир этүү чараларын көрүшөт.
81. Көзөмөлдөөчү прокурорлор же жогору тургандар карточкаларды эсепке алууну жокко чыгаруу укугуна ээ (судьялар кол койгондордон тышкары) жана бул жөнүндө токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмүнө жөнөтөт. Статистикалык карточкаларды жокко чыгаруу укугуна ошондой эле прокуратура органдарынын борбордук аппаратынын жана укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүнүн жетекчилери ээ.
82. Прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүнүн жетекчилери келип түшкөн эсепке алуу документтеринде камтылган көрсөткүчтөрдүн кылмыштуулугу жөнүндө статистикалык отчетто толук, ишенимдүү, объективдүү жана өз убагында чагылдыруу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
2-БӨЛҮМ
1-глава. Эсепке алуу документтери менен иштөөнү уюштуруу
83. Эсепке алуу документтери статистикалык отчетто чагылдырылууга тийиш болгон эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматтарды топтоого жана системалаштырууга арналган.
84. Эсепке алуу документтери болуп статистикалык карточкалар, ошондой эле эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматтарды автоматташтырылган иштеп чыгууга арналган, электрондук түрдө чагылдырылышы эсептелет.
85. Мамлекеттик жана ведомстволук статистикалык көрсөткүчтөрдү (статистикалык эсепке алууну) түзүүнү камсыздоо үчүн ушул Жобонун 2-пунктунда ("Эсепке алуу документтери") аталган статистикалык карточкалар (же баштапкы эсепке алуу документтери) пайдаланылат.
86. Кылмыш ишине номер ыйгаруу, эсепке алуу объекттери жөнүндө негизги маалыматтарды жазуу, ошондой эле эсепке алуунун толуктугу үчүн контролду камсыздоо үчүн төмөнкүдөй журналдар пайдаланылат:
- Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алуунун бирдиктүү журналы ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык;
- Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алууну контролдоо журналы ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык;
- Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган материалдарды эсепке алуу журналы ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык.
2-глава. Бирдиктүү статистикалык карточкаларды толтуруунун жана берүүнүн жалпы эрежелери
87. №№ 1.0, 2.0, 3 жана 1.1 формаларынын бирдиктүү статистикалык карточкалары эки бөлүктөн, ал эми №№ 1.1, 1.2, 2.1 формаларыныкы ушул Жобонун 4-тиркемесинде келтирилген үч бөлүктөн турат.
88. Бирдиктүү статистикалык карточкаларды төмөнкүлөр толтурушат:
- 1-бөлүк - каттоо-эсепке алуу бөлүмүнүн кызматкери;
- 2-бөлүк - прокурор, тергөөчү, тездетилген сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы, судья;
- 3-бөлүк - № 1.1 формасында - ыкчам-издөө жана башка иш-чараларды жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтардын негизинде органдын жетекчиси тарабынан, № 1.2 формасында - ишти биринчи жана экинчи инстанциялардын соту тарабынан кароонун жыйынтыктары жөнүндө бирдиктүү статистикалык карточка - жазык иши жана жеке айыптоо иштери боюнча чыгарылган чечимдин негизинде - судьялар тарабынан.
89. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органы тарабынан тездетилген сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамы статистикалык карточкаларды толтурушат, кол коюшат жана Бирдиктүү журналга маалыматтарды киргизүү, маалыматтарды электрондук алып жүрүүчүгө которуу үчүн жана андан ары прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмүнө жөнөтүү үчүн укук коргоо органдарынын каттоо-эсепке алуу бөлүмүнө беришет.
90. Баштапкы эсепке алуу документтеринин реквизиттерин толтуруу машинка, компьютер же кол менен (даана кол жазма менен) тексттик маалыматты көчүрүү, ошондой эле реквизиттин тийиштүү маанисин сызуу же тегеректөө аркылуу жүргүзүлөт.
91. Баштапкы эсепке алуу документтери окулгудай жана кыскартууларсыз толтурулат. Кылмыш жасаган адамдын аты-жөнү басма тамгалар менен жазылат. Баштапкы эсепке алуу документтерине кол койгон адамдын аты-жөнү толук көрсөтүлүшү керек.
92. Баштапкы эсепке алуу документтерин толтурууда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан түзүлүүчү төмөнкүдөй маалымдамалар колдонулат жана маалыматтарды автоматташтырып иштеп чыгууда кодификациялоодо жана статистикалык отчетторду түзүүдө пайдаланылат:
- № 1 маалымдама - кылмыш жасалган жер;
- № 2 маалымдама - кылмыштуу кол салуу же мыйзамсыз жүгүртүү предмети;
- № 3 маалымдама - улуттар;
- № 4 маалымдама - өлкөлөр (мамлекеттер);
- № 5 маалымдама - валюта;
- № 6 маалымдама - баңги каражаттары;
- № 7 маалымдама - жабырлануучулардын жана кылмыш жасаган адамдардын социалдык абалы;
- № 8 маалымдама - жабырлануучулардын жана кылмыш жасаган адамдардын кызматтык абалы;
- № 9 маалымдама - топтун мүнөздөмөсү;
- № 10 маалымдама - кылмыштын кошумча мүнөздөмөсү;
- № 11 маалымдама - жабырлануучулар;
- № 12 маалымдама - кылмыш колдонуу менен жасалган;
- № 13 маалымдама - тармактардын классификатору;
- № 14 маалымдама - чарба жүргүзүүчү субъекттердин уюштуруу-укуктук формалары;
- № 15 маалымдама - кылмыш жасоо ыкмасы;
- № 16 маалымдама - райондун (шаардын) шифры;
- № 17 маалымдама - териштирүүнүн жыйынтыгы;
- № 18 маалымдама - куралдар, ок-дарылар жана жарылуучу материалдар;
- № 19 маалымдама - иштин линиясы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин беренелеринин тизмеги.
93. Баштапкы эсепке алуу документтеринин толтурулган реквизиттеринин мазмуну жазык ишиндеги материалдарга толугу менен дал келүүсү керек.
Баштапкы эсепке алуу документтерине киргизилген оңдоолор аны оңдогон адамдын аты-жөнүн жана киргизген күнүн көрсөтүү менен анын колу аркылуу милдеттүү тартипте күбөлөндүрүлүшү керек.
3-глава. № 1.0 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасын толтуруу жана берүү
94. № 1.0 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы кылмышты аны жасоо убактысына карабастан жасоо фактысы боюнча жазык иши козголгон, реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган; жеке айыптоо иши боюнча реабилитацияланбаган негиздер боюнча айыптоо өкүмү чыгарылган же токтотулган ар бир кылмышка карата (Кыргыз Республикасынын КЖКнын конкреттүү ченеми боюнча аны юридикалык классификациялоонун негизинде) өзүнчө коюлат.
95. № 1.0 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасын толтуруунун негизи төмөнкүлөр:
- жазык ишин козгоо жөнүндө токтом;
- реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом;
- тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн прокурор бекиткен протоколу;
- жазык ишин (жазык куугунтугун) кыскартуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу жана мурда кылмышты эсепке алуудан чыгаруу менен токтотулган жазык иши боюнча өндүрүштү кайра улантуу жөнүндө токтом;
- чет мамлекеттин компетенттүү органынан түшкөн жазык ишин өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө токтом;
- жазык ишин бөлүп алуу жөнүндө токтом;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү же жеке айыптоо иши боюнча реабилитацияланбаган негиздер боюнча ишти токтотуу жөнүндө токтом.
96. № 1.0 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы тийиштүү прокурордун күбөлөндүрүлгөн мөөрү жана кол тамгасы болгондо гана прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрү тарабынан эсепке алынат.
97. № 1.0 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасын толтурууда төмөнкүдөй талаптар аткарылышы керек:
- 1-7, 9-15 жана 19-реквизиттерди сөзсүз толтуруу керек, калган реквизиттер жазык ишинин материалдарына ылайык толтурулат;
- 8-реквизит аяктабаган кылмышка карата гана толтурулат; реквизитте кылмыш даярдалуу, кол салуу баскычында укук коргоо органынын кайсы түзүмүнүн кызматкерлери же коомчулуктун кайсы күчтөрү менен алдын алынгандыгы көрсөтүлөт; 8-реквизитте маалыматтар болгондо 17-реквизитти сөзсүз толтуруу керек;
- 14-реквизитте кылмыштын фабуласы кыскача баяндалат, мында кылмышты жасоо күнү жана убактысы, жасалган жери жана ыкмасы, мүнөздүү өзгөчөлүктөрү жана башка олуттуу жагдайлар, жабырлануучулардын аты-жөнү, келтирилген зыяндын же залалдын мүнөзү (келтирилген материалдык зыяндын же келтирилген залалдын суммасы жазык иши козголгон учурда эске алынат);
- 14.1-реквизитте баңгизаттарын алган учурда баңгизаттын түрү (№ 6 маалымдама боюнча) жана салмагы (грамм менен) көрсөтүлөт;
- эгерде кылмыш коомдук жайда, анын ичинде көчөдө жасалса, анда 20-реквизит милдеттүү түрдө толтурулат.
"Кылмыш коомдук жайда жасалды" көрсөткүчүндө төмөнкү жерлерде жасалган кылмыштар жөнүндө маалыматтар чагылдырылат:
1) жарандардын жалпы пайдалануусу үчүн арналган жайда, бул жайларда коомдук функциялар аткарылган убакта;
2) жарандардын өтүүсү, иштөөсү, окуусу, эс алуусу, массалык иш-чараларды өткөрүүсү үчүн пайдаланылган жайларда, ошондой эле жалпы пайдалануудагы жайларда;
3) жылдын каалаган мезгилинде жана сутканын каалаган убагында ачык эркин жүрүүгө мүмкүн болгон жайларда (көчөлөр, аянттар, бульварлар, скверлер ж.б.у.с.);
4) белгиленген иш убактысында калкты тейлөө үчүн арналган мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын имараттарында жана аймактарында (оюн көрсөтө турган ишканалар, коомдук транспорт, соода, коомдук тамактануу жана тиричилик жактан тейлөө ишканалары, спорттук мекемелер, токой-парк зоналары, ачык көлмө (көл, көлмө, суу сактагыч) жээктери, түздөн-түз көлмө жана ага жакын эс алуу зоналары жана шаарлардын жана башка калктуу конуштардын чегиндеги көгөрүп турган бак-дарактар, ошондой эле калктуу конуштун чегинде жайгашкан, санкцияланган массалык иш-чараларды (сайрандоону) өткөрүү убагында пайдаланылуучу аймактар).
"Кылмыш коомдук жайда жасалды" көрсөткүчүн толтурууда төмөнкүдөй жайларда жасалган кылмыштар жөнүндө маалыматтар чагылдырылбайт:
1) жеке ээликтеги аймакта;
2) жарандардын батирлеринде (жеке үй ээликтеринде);
3) жарандардын жалпы пайдалануусу (спорттук, оюн көрүү жана башка иш-чаралар) үчүн жабдылбаган чатырларда жана жер төлөлөрдө, тепкичтерде, кабаттар ортосундагы өтмөлөрдө, лифтте, коммуналдык батирлердин жалпы пайдалануудагы орундарында ж.б.;
4) корголгон объекттердин аймагында.
Мыйзамсыз жосунду жасоодо эч кандай коомдук функцияларды аткарбаган коомдук пайдалануудагы төмөнкүдөй жайларда жасалган кылмыштар коомдук жайларда, анын ичинде көчөлөрдө жасалган катары эсептелбейт:
1) жабылган жана иштебеген жатаканалар, сутканын, жуманын, сезондун, жылдын белгилүү бир мезгилинде иштебеген мейманканалар, санаториялар, эс алуу үйлөрү, пансионаттар, профилактория жана башкалар;
2) жарандардын эс алуу жайлары: клубдар, театрлар, көргөзмөлөр, музейлер, коомдук китепканалар, стадиондор, бий аянттары ж.б. келүүчүлөрдүн кирүүсү үчүн жабык болгондо;
3) сутканын белгилүү бир убактысында жабык болгон ресторандар, кафелер, ашканалар, дүкөндөр.
Төмөнкүлөр коомдук жайларда, анын ичинде көчөдө жасалган катары эсепке алынбоого тийиш:
1) жол-транспорт кырсыктары;
2) созулган кылмыштар (куралды мыйзамсыз алып жүрүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды же аларга окшошторду сактоо).
Коомдук жайларда жасалган кылмыштардын жалпы санынын ичинде жылдын, сутканын каалаган убактысында эркин кирүү мүмкүндүгү болгон, кайгуул-күзөт наряддарын коюу зарылчылыгы объективдүү болгон (бирдиктүү дислокация күчтөрүн жана каражаттарын комплекстүү пайдалануу планына ылайык) жайларда жасалгандар көчө кылмышы катары эсептелет:
1) көчөлөрдө, аянттарда, проспекттерде, бульварларда, жээктерде, көпүрөлөрдө, жол өткөргүчтөрдө, эстакадаларда ж.б. (аялдамаларды, анын ичинде транспорттун акыркы пункттарындагы аялдамаларды кошпогондо);
2) атайын жабдылган пляждарда (ведомстволук жана белгилүү мөөнөткө жабылгандардан тышкары);
3) базарларда, стадиондордо, бий аянттарында алар иштеген мезгилде (белгилүү мөөнөткө жабылуучу жабык соода жана спорт комплекстеринен, залдардан, бий верандаларынан тышкары);
4) парктарда, скверлерде, чолок көчөлөрдө, туюк көчөлөрдө, короолордо (жеке ээликтерден тышкары);
5) токой-парк зоналарында, ачык суу көлмөлөрүнүн жээгинде, түздөн-түз көлмөлөрдө, ошондой эле аларга жакын жайгашкан эс алуу жана шаарлардын жана башка калктуу конуштардын чегиндеги көгөргөн бак-дарактардын зоналарында.
Төмөндөгүлөр коомдук жайларда жана анын ичинде көчөдө жасалган катары эсепке алынууга тийиш:
1) күркөлөрдөн, ларектордон, павильондордон, транспорт каражаттарынан жана башка ушуга окшош көчөдө жайгашкан объекттерден уурдоо, эгерде кирүү сырттан болсо;
2) коомдук жайларда жана көчөлөрдө баңги каражаттарын же психотроптук заттарды же аларга окшош заттарды мыйзамсыз сатып алуу же сатуу.
- 21-реквизитте № 1 маалымдама боюнча кылмыш жасаган жер эске алынат;
- 22-23-реквизиттер экономикалык жана коррупциялык багыттагы иштер боюнча толтурулууга милдеттүү;
- 24-реквизитте кылмыштуу кол салуу же мыйзамсыз жүгүртүү предмети жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт (№ 2 маалымдама);
- 25-реквизитте кылмышты жасоо үчүн атайылап пайдаланылган буюмдар, түзүлүштөр жана башка каражаттар көрсөтүлөт. Бул реквизитти толтурууда куралды "пайдалануу" жана "колдонуу" түшүнүктөрүнүн айырмасы эске алынат. Курал колдонуу өзүнүн максаттуу багыты боюнча аны түздөн-түз пайдалануу дегенди түшүндүрөт. Мисалы, ок атуучу же газ куралынан кайсы бир максатты жок кылуу үчүн атылган. Натыйжада кайып кетүү же атылбай калган атууларды да куралды колдонуу катары эсептөө керек.
Имитациялоочу түзүлүш катары өнөр жай өндүрүшүнүн ушул сыяктуу жасалгалары менен окшоштугу бар, бирок тийиштүү зыян келтирүүчү таасирге ээ болбогон куралдын, ок-дарылардын жана жардыруу түзүлүштөрүнүн жасалма үлгүлөрү (макеттери) эске алынат.
Маалыматтарды коддоо № 12 маалымдама боюнча жүргүзүлөт;
- 27-реквизитте жабырлануучулардын арасынан каза болгондордун саны жөнүндө маалымат чагылдырылат;
- 28-реквизитте ден соолугуна оор зыян келтирилген жабырлануучулардын саны жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.
4-глава. № 1.1 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасын толтуруу жана берүү
98. № 1.1 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы кылмышты териштирүүнүн жыйынтыктарын чагылдырат жана кылмышты жасаган адамды аныктаган учурда жана төмөнкүдөй учурларда толтурулат:
- жазык иши аяктаганда жана ал бекитилген айыптоо корутундусу менен Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 239 жана 409-беренелеринин тартибинде сотко жөнөтүлгөндө;
- прокурор тарабынан тездетилген сотко чейинки өндүрүш протоколу бекитилген жана иш сотко Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 416-3 жана 416-4-беренелеринин тартибинде жөнөтүлгөндө;
- ушул Жобонун 3-пунктунда аталган реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылганда;
- ушул Жобонун 3-пунктунда аталган реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык иши токтотулганда;
- ушул Жобонун 4-пунктунда аталган реабилитацияланган негиздер боюнча жазык иши токтотулганда.
99. № 1.1 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы тийиштүү прокурордун күбөлөндүрүлгөн мөөрү жана кол тамгасы болгондо гана прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрү тарабынан эске алынат.
100. № 1.1 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасын толтурууда төмөнкүдөй талаптар аткарылуусу керек:
- 1-7 жана 14-реквизиттерди милдеттүү түрдө толтуруу;
- 9-реквизит кылмышты адамдардын тобу, алдын ала көмүскө бүтүм боюнча адамдар тобу, уюшкан топ, кылмыштуу коомдоштук (кылмыштуу уюм) тарабынан жасалганын мүнөздөөчү маалыматтарды камтыйт;
- 12-реквизит кылмыш жасаган адамды мүнөздөгөн маалыматты камтыйт;
- 14-реквизит реабилитацияланбаган негиздер (№ 17 маалымдама) боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган, жазык иши же тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалы боюнча кабыл алынган чечим.
Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3 жана 4-пункттары боюнча мурда токтотулган жазык иши боюнча өндүрүштү кайрадан улантса, кылмыш бети ачылбаган кылмыштардын ичинен чыгарылышы мүмкүн, эгерде отчеттук жылдын ичинде бул кылмыш боюнча жазык ишин тергөө аяктаса (сотко жөнөтүлсө же токтотулса);
- 17-реквизит кылмыштын мотивин (максатын) мүнөздөйт же эгерде бул кылмыш квалификацияланган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин беренелеринин диспозициясында саналган болсо, түрдүү аракеттерди конкреттештирет.
Үй-бүлөлүк мамилелердин же чогуу жашоо же чогуу чарба жүргүзүү менен байланышкан мамилелердин натыйжасында пайда болгон мотивдер боюнча жасалган кылмыштар "турмуш-тиричилик кылмышы" катары эсептелет. Мында чогуу жашоо үй-бүлөлүк жана чогуу чарба жүргүзүү мамилелери менен коштолбошу мүмкүн (батир, подъезд, үй жана башка боюнча кошуналардын ортосунда пайда болгон мамиле). Ошондой эле бул категорияга имараттарды, тегеректеги аймакты пайдалануу, белгиленген жүрүм-турум, социалдык жатакананын эрежелерин сактоо менен байланышкан коммуналдык маселелер боюнча пайда болгон жаңжалдардын негизинде жасалган кылмыштар кирет. Турмуш-тиричилик кылмышынын мотиви керт башынын кызыкчылыгы үчүн болбошу керек, ал негизинен жеке жактырбаган мамилелердин негизинде пайда болот.
101. № 1.1 формасындагы бирдиктүү статистикалык карточкалар ушул Жобонун 95-пунктунда аталган учурларда реабилитацияланган негиздер боюнча жазык ишин токтоткондон тышкары, укук коргоо органдарынын эсепке алуу-каттоо бөлүмдөрүнө № 2.0 формасындагы бирдиктүү статистикалык карточкалар жана ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык формадагы алфавиттик карточкалар менен бир убакта берилет.
5-глава. № 2.0 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасын толтуруу жана берүү
102. № 2.0 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы кылмыш жасаган адамдарды эсепке алуу үчүн негиз болуп саналат. Эгерде бир адам бир нече кылмыш жасаса, Кыргыз Республикасынын КЖКнын күнөө койгон бардык беренелерин көрсөтүү менен бир гана карточка толтурулат.
103. № 2.0 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы төмөнкүдөй учурларда коюлат:
- жазык иши аяктап, ал бекитилген айыптоо корутундусу менен Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 239 жана 409-беренелеринин тартибинде сотко жөнөтүлгөндө;
- тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн протоколу прокурор тарабынан бекитилип, иш Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 416-3 жана 416-4-беренелеринин тартибинде сотко жөнөтүлгөндө;
- ушул Жобонун 3-пунктунда аталган реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыкканда;
- жазык иши ушул Жобонун 3-пунктунда аталган реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулганда.
104. № 2.0 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасын толтурууда төмөнкүдөй талаптар аткарылуусу керек:
- 1-14, 15.1, 16, 18, 32 жана 34-реквизиттерди милдеттүү түрдө толтуруу;
- 12-реквизитте күнүн, айын, жылын камтуу менен туулган датасы толук көрсөтүлөт;
- 14-реквизитте адамдын кылмыш жасаган убактагы билими жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- 15-реквизитте жарандын жашаган жери катары туруктуу же көп учурда жашаган жери көрсөтүлөт.
14 жашка чыга элек, жашы жете электердин же камкордукка алынган жарандардын жашаган жери катары алардын өкүлдөрүнүн - ата-энесинин, асырап алуучулардын же камкорчулардын жашаган жери таанылат.
Белгилүү жашаган жери жок адамдардын катарында келген жери боюнча каттоого алынган адамдар эсептелбейт.
- 16-реквизит адамдын социалдык жана кызматтык абалы жөнүндө маалыматты (№ 7 жана 8 маалымдамалар боюнча толтурулат) камтыйт;
- 17-реквизитте кылмыш жасаган адамдын иштеген же окуган орду жөнүндө маалыматтар чагылдырылат;
- 18-21-реквизиттерде бир кылмыш ишине бириктирилген, адам жасаган бардык кылмыштардын квалификациясы чагылдырылат;
- 24-реквизит № 1.0 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасынын 18-реквизитине окшош толтурулат;
- 27-реквизит № 1.1 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасынын 9-реквизитине окшош толтурулат.
6-глава. Кылмыш жасаган адамга алфавиттик карточканы толтуруу
105. Алфавиттик карточка кылмыш жасаган адамдарды эсепке алуу үчүн негиз болуп саналат. Бул карточка төмөнкүдөй процесстик чечимдер кабыл алынган адамдарга карата толтурулат:
- жазык иши аяктап, ал бекитилген айыптоо корутундусу менен Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 239 жана 409-беренелеринин тартибинде сотко жөнөтүлгөндө
- тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн протоколу прокурор тарабынан бекитилип, иш Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 416-3 жана 416-4-беренелеринин тартибинде сотко жөнөтүлгөндө;
- ушул Жобонун 3-пунктунда аталган реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылганда;
- ушул Жобонун 3-пунктунда аталган реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык иши токтотулганда;
- айыптоо өкүмү же жеке айыптоо иши боюнча реабилитацияланбаган негиздер боюнча ишти токтотуу жөнүндө токтом чыгарылганда.
106. Алфавиттик карточкаларды толтурууда төмөнкүдөй талаптар аткарылышы керек:
- алфавиттик карточкалар жазма машинкада же кара сыя менен басма тамгасында толтурулушу керек;
- 1ден 14кө чейинки бардык реквизиттерди милдеттүү түрдө толтуруу;
- 6-реквизитте жашаган жери (дареги) болуп жарандын туруктуу же көбүнчө жашаган жери эске алынат. 14 жашка чыга элек, жашы жете электердин же камкордукка алынган жарандардын жашаган жери катары алардын өкүлдөрүнүн - ата-энесинин, асырап алуучулардын же камкорчулардын жашаган жери таанылат.
Белгилүү жашаган жери жок адамдардын катарында келген жери боюнча каттоого алынган адамдар эсептелбейт;
- 7 жана 8-реквизиттерде кылмыш жасаган адамдын кесиби, иштеген же окуган жери жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.
107. Алфавиттик карточкалар укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүнө №№ 1.1 жана 2.0 формасынын статистикалык карточкалары менен бирге түшөт. Иштелип чыккандан кийин алфавиттик карточкалар алфавиттик-маалымдама картотекасына өткөрүлүп берилет.
7-глава. № 3 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасын толтуруу жана берүү
108. № 3 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы жазык иши боюнча гана берилет.
№ 3 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы өндүрүшүндө жазык иши турган прокурор, тергөөчү тарабынан түзүлөт жана ушул Жобонун 52-пунктунда аталган чечимдердин бири кабыл алынганда ар бир жолу тааныштырылат.
Эгерде жазык иштери кылмыштар бир эле адам тарабынан жасалгандыгына байланыштуу бир ишке бириктирилсе, анда № 1.0 формасынын негизги карточкаларында жана контролдоо журналында бул иштерди бириктирүү жөнүндө тийиштүү белгилер коюлат, бирок катталган кылмыштардын саны жөнүндө отчетко өзгөртүүлөр киргизилбейт.
Кошумча териштирүү өндүрүшү үчүн прокурор тарабынан чечимди жокко чыгаруу жолу менен кайра улантылган кылмыш иштери кайрадан катталбайт.
109. № 3 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасын толтурууда төмөнкүдөй талаптар аткарылышы керек:
- жазык ишин тергөөгө караштуулугу же аймактуулугу боюнча жөнөтүү учурунда тергөө жүргүзүү үчүн иш жөнөтүлгөн орган жана коштоочу каттын чыгыш номери көрсөтүлүшү керек (жазык иштерин берүүнүн тартиби жана эрежеси ушул Жобонун 55-пунктунда аныкталган);
- Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча жазык ишин токтото турууда издөө ишинин номери, ошондой эле изделип жаткан адамдын көрсөтмө берүүчү маалыматтары коюлушу керек;
- Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 221-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыш ишин токтото турууда оорулуунун көрсөтмө берүүчү маалыматтары аталышы керек;
- Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 228-беренесине ылайык мурда токтотулган жазык иши боюнча өндүрүштү кайра улантууда кылмышты эсепке алууга коюу үчүн (эгерде мурда бул кылмыш эсептен чыгарылса) № 3 формасынын статистикалык карточкасы менен катар бир убакта № 1.0 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы түзүлөт жана берилет;
- прокурор тарабынан тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн кайра кайтаргандан кийин жазык ишин өндүрүшкө кабыл алса, эгерде ал сотко учурдагы отчеттук жылда жөнөтүлсө жана аяктаган катары эсептелсе, ал ишти кайрадан аяктоо учуруна чейин аяктагандардын катарынан чыгарылышы керек. Жогоруда аталган себептер боюнча жазык ишин кайра кайтарууда, ишти өзүнүн өндүрүшүнө кабыл алган тергөөчү тарабынан № 3 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы коюлат.
110. Бети ачылбаган кылмыштарды эсепке алуу № 1.0 формасындагы жана № 3 формасындагы бирдиктүү статистикалык карточкаларды толтуруу жолу менен жүзөгө ашырылат. № 3 формасындагы карточка негизги жана ошондой эле № 1.0 формасы боюнча кылмыш кандай толтурулгандыгына жараша кошумча болушу мүмкүн.
8-глава. № 1.П формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасын толтуруу жана берүү
111. № 1 .П формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасында төмөнкүдөй адамдар жөнүндө маалыматтар чагылдырылат:
- мыйзамда белгиленген тартипте жабырлануучу деп таанылган;
- аларды жабырлануучу деп таануу жөнүндө токтом чыгарганга чейин аларга карата жасалган кылмыштын натыйжасында каза болгон.
112. Бирдиктүү статистикалык карточка териштирүү жүргүзгөн, же реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган укук коргоо органынын кызматкери, ошондой эле жеке айыптоо иши боюнча судья тарабынан толтурулат.
113. № 1.П формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасын көрсөтүүнүн негиздери төмөнкүлөр:
- жабырлануучу деп таануу жөнүндө токтом;
- жабырлануучу деп таануу жөнүндө соттун аныктамасы;
- жабырлануучу деп таануу жөнүндө токтом (аныктама) чыгарылбаса, адамдын өлүм фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом;
- жабырлануучу адам аталган реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом.
114. № 1.П формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы жазык иши боюнча өтүп жаткан ар бир жабырлануучуга жазык ишинин материалдары боюнча көрсөтүлөт. Жабырлануучу жөнүндө маалыматтар № 1 .П формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасында адам жабырлануучу деп таанылган кыйла оор кылмыш боюнча чагылдырылат.
№ 1.П формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы кесепети адам өлүмү болгон кылмыш жөнүндө жазык иши боюнча жабырлануучу деп таанылган адамдарга - жакын туугандарына көрсөтүлбөйт.
115. № 1.П формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасын толтурууда төмөнкүдөй талаптар аткарылуусу керек:
12-реквизитте маалыматтарды коддоо код коюу аркылуу жүргүзүлөт, жаш курагы жөнүндө маалымат толук жылдар менен көрсөтүлөт;
19-реквизитте адам жабырлануучу деп таанылган, бир жазык ишине бириктирилген бардык кылмыштардын квалификациясы чагылдырылат.
Бир нече жазык иштерин бир өндүрүшкө бириктирүүдө № 1.П формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасында жалпысынан жазык иши боюнча жабырлануучу жөнүндө маалымат чагылдырылат.
22-реквизит административдик-аймактык белгилери боюнча кылмыш жасаган жерди мүнөздөйт.
9-глава. №№ 1.2 жана 2.1 формасынын статистикалык карточкасын толтуруу жана берүү
116. № 1.2 формасынын статистикалык карточкасында сот тарабынан каралган, мыйзамдуу күчүнө кирген жазык иши боюнча чечимдер чагылдырылат. № 2.1 формасынын статистикалык карточкасында ар бир соттолуучу адам боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими чагылдырылат. Алар жазык ишин тергеген адам, алгачкы текшерүү органы тарабынан тездетилген сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамы, ошондой эле сотто сот аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан толтурулат.
117. Териштирүү жүргүзгөн адам айыптоо корутундусун, тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн протоколун бекитүү жөнүндө маселени чечүү үчүн прокурорго кылмыш ишин жөнөтүүдө иштин башталышына № 1.2 жана 2.1 формаларынын бланкын тиркейт (ар бир айыпталуучуга), анда 1 жана 2-бөлүктү толтурат.
118. № 1.2 жана 2.1 формаларынын бирдиктүү статистикалык карточкасын толтурууда төмөнкүдөй талаптар аткарылуусу керек:
- 1 жана 2-бөлүктөрдү териштирүү жүргүзгөн адам толтурат жана кол коёт;
- ишти сотко жөнөтүү күнү айыптоо корутундусун, тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн протоколун бекиткен жана ишти сотко жөнөткөн прокурор тарабынан көрсөтүлөт;
- толтурулган №№ 1.2 жана 2.1 формаларынын бирдиктүү статистикалык карточкасында ишти сотко жөнөткөн адам тарабынан ишке териштирүү жүргүзгөн органдын аталышы жана анын почта дареги көрсөтүлөт;
- 3-бөлүк иштин маңызы боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдү (соттун башка токтомун) аткарууга берүүдө сотто толтурулат.
119. Толтурулган № 1.2 жана 2.1 формасынын бирдиктүү статистикалык карточкасы соттун кол тамгасы, мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана прокуратура органдарынын региондук укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмүнө жөнөтүлөт.
120. Прокуратура органдарынын региондук укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрү соттордун чечими жөнүндө маалыматтарды Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алууну контролдоо журналына, алфавиттик-маалымдамалык эсепке алууга чагылдырат жана отчеттук жылдын чегинде статистикалык отчетко тийиштүү оңдоолорду киргизет. Андан кийин №№ 1.2 жана 2.1 формасындагы статистикалык карточкалар Башкы прокуратуранын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгынын борбордук аппаратына жөнөтүлөт.
121. Башкы прокуратуранын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгы маалыматтарды маалымат базасына киргизгенден кийин №№ 1.2 жана 2.1 формасындагы статистикалык карточкаларды алфавиттик-маалымдама картотекасына өткөрүп берет.
122. Тийиштүү алфавиттик карточкаларга жана маалымат базасына маалыматтарды чагылдыргандан кийин №№ 1.2 жана 2.1 формасындагы статистикалык карточкалар укук коргоо органдарынын тийиштүү аймактык эсепке алуу-каттоо бөлүмдөрүнө берилет жана бул карточкалардан кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алуу бирдиктүү журналына маалыматтар киргизилет.
10-глава. Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алуунун бирдиктүү журналын жүргүзүү
123. Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алуунун бирдиктүү журналы (мындан ары - Бирдиктүү журнал) укук коргоо органынын эсепке алуу-каттоо бөлүмүндө жүргүзүлөт. Бирдиктүү журналда прокурорлордон, тергөөчүлөрдөн, алгачкы текшерүү органы тарабынан тездетилген сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынан, соттордон (жеке айыптоо иштери боюнча) түшкөн баштапкы эсепке алуу документтеринин негизинде бардык катталган кылмыштар, аларды жасаган адамдар, жазык иштери, тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн иштери жана жазык иштерин соттук кароонун жыйынтыктары эсепке алынат.
124. Тергөө процессинде кошумча катталган кылмыштар Бирдиктүү журналда жазуунун кезектик катар номерин жана алар табылган жазык ишинин номерин көрсөтүү менен эсепке алынат.
125. Бирдиктүү журналга төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- 2-7-графаларга № 1.0 формасынын статистикалык карточкасынын негизинде;
- 8-графага №№ 1.1 жана 2.0 формасынын статистикалык карточкасынын негизинде;
- 11-14 жана 16-графаларга №№ 1.1 жана 2.0 формасынын статистикалык карточкасынын негизинде;
- 15-графада № 3 формасынын статистикалык карточкасынын негизинде;
- 17-графада №№ 1.2 жана 2.1 формасынын статистикалык карточкасынын негизинде.
126. Мурда Бирдиктүү журналда жүргүзүлгөн кошумча статистикалык карточкалар келип түшсө, жазуулар такталат жана кошумчаланат.
Киргизилген толуктоолор жана оңдоолор милдеттүү түрдө аларды жүргүзгөн адамдын аты-жөнүн жана киргизген датасын көрсөтүү менен кол тамгасы аркылуу күбөлөндүрүлүшү керек.
127. Бирдиктүү журналдагы жазуулардын толуктугу жана аныктыгы, алардын эсепке алуу документтеринин мазмунуна ылайык келиши, ай сайын укук коргоо органынын жетекчиси, ошондой эле эсепке алуу-каттоо иштеринин абалын текшерүүнү жүзөгө ашырууда жана ар бир отчеттук мезгилге эсепке алуу маалыматтарын салыштырууда каттоо-эсепке алуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан текшерилет.
128. Бирдиктүү журнал прокурорго анын биринчи талабы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. Токтотулуп турган жана тергөө стадиясында турган иштер боюнча эсепке алынган жана бети ачылбаган кылмыштар тууралуу ар айдагы маалыматтар дагы көзөмөлдөөчү прокурорго берилет.
129. Баштапкы эсепке алуу документтери Бирдиктүү журналга эсепке алынгандан кийин сутканын ичинде прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүнө жиберилет, мында Контролдоо журналына катталат жана ушул жылдын эсепке алуу документтеринин маалыматтык массивине кошулат.
130. Каттоо жана эсепке алуу субъекттеринин өзүнүн ишинин өзгөчөлүгүн чагылдыруу үчүн Башкы прокуратуранын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгынын борбордук аппараты менен макулдашуу боюнча аларга зарыл болгон графалар менен журналдын белгиленген формасын толуктоого укуктуу.
11-глава. Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алууну контролдоо журналын жүргүзүү
Көңүл буруңуздар! Бул Жободо 11-глава эки жолу кездешет. Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
131. Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алууну контролдоо журналы (мындан ары - Контролдоо журналы) прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт жана реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынып, тергөөгө чейинки текшерүүлөрдүн материалдары боюнча эсепке алуу документтеринин өз убагында келип түшүүсүн, ошондой эле иликтенип жаткан жазык иштери жана тездетилген сотко чейинки өндүрүштүн иштери боюнча чечимдердин өз убагында чыгарылышын контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн каражаты болуп саналат.
132. Контролдоо журналына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- 2-6-графаларга - № 1.0 формасынын статистикалык карточкасынын негизинде;
- 7-графага - №№ 1.1 жана 2.0 формасынын статистикалык карточкасынын негизинде;
- 8-10-графаларга - №№ 1.1 жана 2.0 формасынын статистикалык карточкасынын негизинде;
- 11-графага - № 3 формасынын статистикалык карточкасынын негизинде;
- 12-графага - №№ 1.1 жана 3 формаларынын статистикалык карточкасынын негизинде;
- 13-графага - №№ 1.2 жана 2.1 формасынын статистикалык карточкасынын негизинде.
133. Контролдоо журналына киргизилген толуктоолор жана оңдоолор милдеттүү тартипте аларды жүргүзгөн адамдын аты-жөнүн жана киргизген күнүн көрсөтүү аркылуу кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек.
134. Прокуратура органдарынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмдөрүнө Контролдоо журналдарын электрондук сактагычтарда жүргүзүү үчүн электрондук-эсептөө техникаларынын каражаттарын колдонуу укугу берилген.
Бул максаттарда электрондук-эсептөө техникаларынын каражаттарын колдонуу программалык камсыздоого карата төмөнкүдөй талаптарды жүзөгө ашырганда гана мүмкүн болот:
- Контролдоо журналында жүргүзүлгөн толуктоолордун жана оңдоолордун хронологиясын сактоо;
- жогоруда саналган аракеттердин каалаганын жүргүзгөн адамды аныктоо мүмкүндүгү;
- электрондук Контролдоо журналына санкциясыз жетүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруу.
11-глава. Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган материалдарды эсепке алуу журналын жүргүзүүнүн тартиби
Көңүл буруңуздар! Бул Жободо 11-глава эки жолу кездешет. Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
135. Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган материалдарды эсепке алуу журналы укук коргоо органынын каттоо-эсепке алуу бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.
136. Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган материалдарды эсепке алуу журналына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- 1-графага - баш тартылган материалдын каттоо номери;
- 2-графага - Кылмыштар тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү эсепке алуу китеби боюнча материалдын каттоо номери;
- 3-графага - жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган күн;
- 4-графага - арыз берүүчүнүн аты-жөнү, арыз (билдирүү) түшкөн мекеменин, ишкананын, уюмдун аталышы;
- 5-графага - окуяны кыскача баяндоо;
- 6-графага - Кыргыз Республикасынын ЖПКнын беренелерине шилтеме кылуу менен баш тартуунун мотивдери;
- 7-графага - токтом ким тарабынан чыгарылгандыгы (аты-жөнү жана кызматы);
- 8-графага - токтом ким тарабынан бекитилгендиги (аты-жөнү жана кызматы);
- 9-графага - материалдар Кыргыз Республикасынын ЖПК боюнча белгиленгенден жогорку мөөнөттө каралгандыгы;
- 10-графага - материалдын кыймылы (токтом жокко чыгарылган, № ___ жазык иши козголгон; коштоочу кат сакталып турган барактын №, иштин № көрсөтүү менен жөнөтүлгөн).
137. Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган материалдарды эсепке алуу журналындагы жазуулардын толуктугуна жана ишенимдүүлүгүнө ай сайын укук коргоо органынын жетекчиси, ошондой эле каттоо-эсепке алуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан эсепке алуу-каттоо ишинин абалын текшерүүдө жана ар бир отчеттук мезгил үчүн эсепке алуу маалыматтарын салыштырып текшерүүлөрдө басым жасалат.
138. Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган материалдарды эсепке алуу журналы прокурордун биринчи талабы боюнча ага берилүүгө тийиш.
|
| Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган кылмыштарды, жазык иштерин жана материалдарды бирдиктүү эсепке алуу тууралуу жобонун 1-тиркемеси |
Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алуунун № ___ БИРДИКТҮҮ ЖУРНАЛЫ
______________________________________________________________________
(жазыктык куугунтуктоо органынын аталышы)
Башталды 20__-ж. "__" ___________ |
| № _______ |
Аяктады 20__-ж. "__" ___________ |
| № _______ |
Инв. № _________ |
| Сактоо мөөнөтү ____________ |
Тартиби боюнча № | Катталган кылмыштар жөнүндө маалыматтар | Укук коргоо органына качан түшкөн жана эсепке алуу - каттоо документтерин ким түзгөн (№ 1, 1.1, 2, 3 ф.ф. боюнча карточкалар) | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын шаароблпрокуратураларын УСЭА бөлүмүнө эсепке алуу-каттоо документтери жөнөтүлгөн дата | Кылмыштын бетин ачуу жөнүндө маалыматтар (датасы жана конкреттүү негиздер) | Кылмышты эсепке алуудан чыгаруу жөнүндө белги, датасы жана чыгаруунун процесстик негиздери | ||||||
Жазык ишинин, тездетилген сотко чейинки өндүрүш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө, материалдын № | Кылмыш ишиндеги кылмыштын № | Кылмыш жасалган дата жана убакыт | Кылмыш иши козголгон, материалдар боюнча чечим кабыл алынган дата, тездетилген сотко чейинки өндүрүш | Кылмыш окуясынын баяндалышы | Катталган учурундагы кылмыштын квалификациясы | Кылмыштын акыркы квалификациясы | Иш Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 239-бер. тартибинде прокурор тарабынан сотко жөнөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын беренелеринин негизинде токтотулган: 28-бер., 1-бөл. 1-14-пункттары, 29-бер. 1-бөл. 1-3-пункттары, 225-бер. 1-бөл. 1, 2-пункттары, материал прокурор тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 416-4-беренесинин тартибинде бекитилди (протоколдук форма) | ||||
Кылмыш жасалган жер жана ыкмасы; кылмыштын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү жана башка маанилүү жагдайлары; жабырлануучулардын аты-жөнү; кылмыштын кесепеттери: кылмыштан каза болгондордун саны; эгер зыян келтирилген болсо, материалдык зыяндын суммасы; элдик чарбанын тармагы, кайсы ведомство, ишкана, уюм ж.б.; аяктаган кылмыш, жасоого даярдоо, кол салуу; кылмышка ким тарабынан бөгөт коюлган | |||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
Кылмыш жасаган адамдар жөнүндө маалыматтар | Укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан эсепке алуу-каттоо документтерине киргизилген маалыматтар | Жазык ишинин кыймылы жөнүндө маалыматтар | Материалдык зыян жана анын ордун толтуруу | Ишти соттук кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат | Кошумча белгилер |
1. Аты-жөнү, туулган жылы, жашы жете электер үчүн числосу жана айы, партиялуулугу, билими, иштеген (окуган) жери, кызматы, тармагы же ведомствосу, эгерде иштебесе жана окубаса кайсыл убактан беркиси көрсөтүлөт, жашаган жери. 2. Кылмышты алкоголдук, баңгизатка мас абалында, топто жасаганбы. 3. Мурда кылмыш жасаган, кандай кылмыштарды, качан, жашы жете элек учурда, жазык жоопкерчилигинен бошотулган, соттолгон жана жазанын кайсы түрүнө, өтө коркунучтуу кылмышкер деп таанылган. 4. Жазасын өтөгөндөн кийин кайра кылмыш жасаган, ТЭМдан бошогондон кийин 1 жылдын ичинде, административдик көзөмөлдө жүргөн же жазасын өтөө мезгилде. 5. Кылмыштын квалификациясы | 1. Кылмыштын бетин ачууга жана кылмыш жасаган адамды аныктоого ыкчам иш-чараларын жүргүзүү, опер кызматкерлеринин, участкалык инспекторлордун, башка кызматтардын кызматкерлеринин, ПМдин, коомдук күчтөрдүн, жарандардын катышуусу, кызматтык-издөө иттерди, химиялык кармоо, ыкчам-техникалык каражаттарды колдонуу ж.б. өбөлгө болду. 2. Кылмыш жасаган адам жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияда, психоневрологиялык, наркологиялык диспансерде ж.б. оперативдик, атайын каттоодо турган. Административдик жаза чараларына тартылган - эскертүүгө, айыпка, түзөтүү жумуштарына, камакка, башка чараларга | 1. Жазык иши качан жана ким тарабынан козголгон: тергөөгө караштуулугу боюнча жөнөтүлгөн, башка иштерге бириктирилген же башка иштен бөлүнүп алынган. 2. Иш качан жана ким тарабынан КР ЖПКнын 221-бер. 1-бөл. 1-п. боюнча токтулуп турган. 3. Качан жана ким тарабынан КР ЖПКнын 221-бер. 1-бөл. 2, 3, 4-пункттары боюнча токтотулуп турган. 4. Айыптоо корутундусун, токтомду бекитүү үчүн жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн ишти сотко, реабилитацияланбаган негиздер боюнча ишти токтотуу жөнүндө токтомду, протокол менен материалды жиберүү үчүн иш (материал) качан жана ким тарабынан прокурорго жөнөтүлгөн. 5. Иш КР ЖПКнын 28-бер. 1-бөл. 1, 2-п.п. жана 225-б. 1-бөл. 2-п. боюнча токтотулган. 6. Иш (материал) прокурор тарабынан качан каралган жана кандай чечим кабыл алынган. Прокурор иш боюнча айыптоочу корутундуну (материалды) бекитти же башка чечим кабыл алды. Прокурор ишти кошумча изилдөө үчүн, материалды протоколу менен алгачкы текшерүү жана алдын ала тергөө үчүн кайтарды, ишти токтотуу жөнүндө токтомду жокко чыгарды жана ал боюнча өндүрүштү калыбына келтирди, жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомду жокко чыгарды жана жазык ишин козгоду. Кошумча тергөөнүн жыйынтыгы | Аяктаган иш боюнча материалдык зыяндын суммасы аныкталды. Мүлккө канча суммада арест салынган. Орду толтурулган зыяндын суммасы. Алынган мүлктүн, акчанын, баалуулуктардын суммасы, Алынды: акча, облигациялар, валюталар, баалуу металлдар жана таштар, жасалма акча жана кагаздар, баңги заттар | ||
13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 |
|
| Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган кылмыштарды, жазык иштерин жана материалдарды бирдиктүү эсепке алуу тууралуу жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Кылмыштарды, аларды жасаган адамдарды жана жазык иштеринин кыймылын эсепке алуунун № ____ КОНТРОЛДУК ЖУРНАЛЫ
___________________________________________________________________
Инв. № ________
БАШТАЛДЫ 20__-ж "__" _____________ |
| № __________ |
АЯКТАДЫ 20__-ж."__" _____________ |
| № __________ |
№ | Жазык ишинин № | Дата | Кылмыштын мүнөзү, КЖКнын беренеси, иштин (кызматтын) багыты | Кылмыш жасаган адамдардын аты-жөнү, туулган жана жашаган жери, датасы | ||
кылмышты жасоо | арыздын, билдирүүнүн түшүүсү | жазык ишин козгоо | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
Дата | Кылмыштын бетин ачууга ыкчам иш-чараларды жүргүзүү, ИИБнын кызматтарынын катышуусу өбөлгө болду | Айыпкер катары тартууга тийиш адамдардын аныкталбагандыгына байланыштуу жазык ишин өндүрүштөн токтотуп туруу датасы | Жазык ишинин кыймылы | Соттук кароонун жыйынтыгы | |
айып коюу | Баш коргоо чарасы, анын түрү | жөнөтүү: а) тергөө караштуулугу боюнча; б) айыптоо корутундусу менен прокурорго; в) токтотулуп турду; г) токтотулду; д) тергөөдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн кайтарылды; ж) тергөө менен кайра козголду | |||
8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
|
|
|
|
|
|
|
| Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө Чечим кабыл алынган кылмыштарды, жазык иштерин жана материалдарды бирдиктүү эсепке алуу тууралуу жобонун 3-тиркемеси |
Форма
Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган материалдарды эсепке алуунун № _____ ЖУРНАЛЫ
______________________________________________________________________
Инв. № ______
|
| БАШТАЛДЫ "__" ______________ 20__-ж. |
|
| АЯКТАДЫ "__" ______________ 20__-ж. |
№ | Кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү эсепке алуу китеби боюнча каттоо № | Жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган дата | Арыз ээсинин фамилиясы, инициалдары, арыз (билдирүү) келип түшкөн мекеменин, ишкананын, уюмдун аталышы | Окуянын кыскача баяндалышы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын ЖПКнын беренелерине шилтеме жасоо менен баш тартуунун жүйөлөрү | Токтом ким тарабынан чыгарылган (фамилиясы, инициалдары жана кызмат орду) | Токтом ким тарабынан бекитилген (фамилиясы, инициалдары жана кызмат орду) | Кыргыз Республикасынын ЖПКда белгиленгенден ашык мөөнөттө каралган материалдар | Материалдардын кыймылы |
Токтом жокко чыгарылды, жазык иши козголгон № ________; коштоочу кат сакталган барактын, иштин №№ көрсөтүү менен жөнөтүлдү | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|