Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2003-жылдын 21-апрели № 84
Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 57, 2011-жылдын 18-майындагы № 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Спорттун улуттук түрлөрү кыргыз элинин тарыхынын жана маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуу менен, Кыргыз Республикасында жашаган башка элдердин өкүлдөрүнүн элдик оюндарынын катарында инсандын руханий жана дене-боюнун шайкеш өнүгүүсүнө, сергек жашоосуна түрткү берет.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрүнүн иштөөсүнүн жана өнүгүүсүнүн укуктук негиздерин аныктайт.
1-статья. Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө мыйзамдар
Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан турат.
2-статья. Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрү
жөнүндөгү мыйзамдарынын максаттары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрү жөнүндөгү мыйзамдарынын негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
спорттун улуттук түрлөрүн кайрадан жандандыруу жана андан ары өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү;
мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын, спорттук, окуу, илимий жана башка дене тарбия жана спорт уюмдарынын спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча иш-милдеттерин аныктоо;
спорттун улуттук түрлөрү жаатында эмгектенген жарандар үчүн социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу.
3-статья. Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик
саясаттын негизги принциптери
Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп: гумандуулук, демократиялуулук, жарандарды рухий жактан тарбиялоодогу үзгүлтүксүздүк жана жолун жолдоочулук саналат.
4-статья. Спорттун улуттук түрлөрү
Спорттун улуттук түрлөрүнө: көк бөрү, оодарыш, кыз куумай, тыйын эңмей, ат чабыш, жорго салыш, күрөш, ордо, тогуз коргоол, кулатуу, упай жана башка дене тарбия жана спортту башкаруу боюнча республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү спорттук классификациясына кирген улуттук спорттун башка түрлөрү кирет.
5-статья. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорт уюмдары
Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрү боюнча бирикмелер, федерациялар, спорт сүйүүчүлөр жана профессионалдык клубдар, секциялар түрүндө спорт уюмдары түзүлөт, алар дене тарбия жана спорт боюнча республикалык мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иш жүргүзөт.
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук уюмдар чемпионаттарды, спартакиадаларды, биринчиликтерди, кубок үчүн таймашууларды жана башка спорттук мелдештерди, ошондой эле дене тарбия жана спорт боюнча республикалык мамлекеттик башкаруу органы менен бирдикте спорттун улуттук түрлөрү боюнча эл аралык спорт мелдештерине даярдануу боюнча көнүгүү-машыгуу жыйындарын өткөрөт.
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча республикалык мелдештер жыл сайын, ал эми спартакиадалар кеминде төрт жылда бир жолудан өткөрүлөт.
Спорттук уюмдардын эмблемасы жана жекече символикасы алардын менчиги болуп саналат жана алардын макулдугу менен гана пайдаланылышы мүмкүн.
(КР 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Спорттун улуттук түрлөрү жаатындагы жарандардын укуктары
Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасында жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар:
- спорттун улуттук түрлөрү менен машыгуу;
- ыктыярдуу негизде спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук уюмдарды түзүү укугуна ээ.
7-статья. Мамлекеттик башкаруу органдары
Спорттун улуттук түрлөрү жаатындагы мамлекеттик башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү максаттуу мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүнү финансылык жактан камсыздоону жүзөгө ашырат.
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик башкаруу органы спорттун улуттук түрлөрү жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы болуп саналат.
Жер-жерлердеги мамлекеттик бийлик органдары:
- спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча иш алпарган спорттук уюмдардын иш-аракеттерин жергиликтүү бюджеттен каржылайт;
- спорттун улуттук түрлөрү боюнча балдардын жана өспүрүмдөрдүн мамлекеттик спорттук мектептерин жана окутуу-спорттук базаларын түзөт жана каржылайт;
- имарат-жайларды, ошондой эле спорттук курулуштарды алардын ведомстволук таандыктыгына карабастан спорттун улуттук түрлөрү боюнча уюмдарга бөлүп берүүгө көмөк көрсөтөт.
8-статья. Спорттун улуттук түрлөрү жаатындагы билим берүү
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча адистерди даярдоо Кыргыз Республикасынын дене тарбия окуу жайлары, университеттердин, педагогикалык окуу жайлардын жана колледждердин дене тарбия факультеттери аркылуу жүзөгө ашырылат.
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча сабактар жогорку окуу жайларда окутуунун алгачкы эки курсунда милдеттүү болуп саналат жана жумасына кеминде эки саат өткөрүлөт, ал эми калган курстарда факультативдик түрдө жүргүзүлөт.
Мектептердин кесиптик башталгыч, кесиптик орто окуу жайлардын окуучулары үчүн спорттун улуттук түрлөрү боюнча сабактар узартылган күн режиминде окуу пландарына, мамлекеттик комплекстүү программаларга ылайык жүргүзүлөт.
Сабактан тышкаркы мезгилде спорттун улуттук түрлөрү менен машыгуу үчүн клубдар жана мектептен тышкары ден соолук чыңдоо мекемелери түзүлөт.
Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук резервди даярдоо спорттун улуттук түрлөрү боюнча адистештирилген балдар жана жаштардын окуу-спорттук мекемелеринин тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул тутум балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептерин жана жогорку спорттук чеберчиликтин мектептерин камтыйт.
Дене тарбия окуу жайларында жана факультеттеринде спорттун улуттук түрлөрү боюнча окутуу мамлекеттик бюджеттин, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерди максаттуу даярдоого багытталган каражаттарынын, ошондой эле кайрымдуулук фонддорунун каражаттарынын жана ыктыярдуу төгүмдөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
9-статья. Калктын иштеген жана эс алган жерлеринде спорттун
улуттук түрлөрү боюнча иш алпаруу
Менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар жарандардын спорттун улуттук түрлөрү боюнча иш алпарууну мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү бөлүгү катары кароого тийиш жана спорттун улуттук түрлөрүн эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо боюнча иш-чаралардын катарына киргизүүгө жана спорттун улуттук түрлөрү менен аракеттенүүгө жарандардын укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү.
Санаториялык-курорттук мекемелерде, пансионаттарда, эс алуу үйлөрүндө, туристтик базаларда жана балдардын ден-соолугун чыңдоо лагерлеринде спорттун улуттук түрлөрү менен машыгуу үчүн шарттар түзүлүшү керек.
10-статья. Спорттун улуттук түрлөрүн пропагандалоо
Дене тарбия жана спорт боюнча республикалык мамлекеттик башкаруу органы, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, спорттук уюмдар жана коомдук бирикмелер спорттун улуттук түрлөрүн пропагандалоо боюнча максаттуу иш жүргүзүшөт.
Мамлекеттик массалык маалымат каражаттары спорттун улуттук түрлөрүнө арналган үзгүлтүксүз берүүлөрдү, атайын рубрикаларды жүзөгө ашырат.
11-статья. Спорттун улуттук түрлөрүнүн материалдык базасы
Мамлекеттик башкаруу органдары менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга аларда иштегендердин санына жараша спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү үчүн зарыл болгон ден соолук чыңдоочу жана спорттук имарат-жайлар менен камсыз болуунун эң төмөнкү ченемдерин белгилейт.
Билим берүү мекемелерин, ошондой эле спорттук комплекстерди долбоорлоодо, жаңыдан курууда жана болгондорун реконструкциялоодо кимге таандык экендигине карабастан спорттун улуттук түрлөрү үчүн окутуу имараттарын куруу каралышы керек.
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дене тарбия-ден соолук чыңдоочу жана спорттук имараттарды ошол турак жай районунун чегинде ага теңдеш жай курулганча жоюуга жол берилбейт.
12-берене. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук уюмдардын
ишин каржылоо
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук уюмдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден артыкчылыктуу жана кошумча каржылоо укугунан пайдаланышат. Ошондой эле жеке ишкердиктен жана башка чарбалык иштерден алынган кирешелер, калкка акысы төлөнүүчү дене тарбия-спорттук жана саламаттыкты чыңдоо кызматтарын көрсөтүүдөн, белгиленген тартипте спорттук лотереяларды өткөрүүдөн, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өз ыктыярдуу төлөмдөрүнөн, коомдук дене тарбия-спорттук уюмдардын катышуучуларынын мүчөлүк төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттар, атайын фонддордун каражаттары, спорттук-оюн-зоок иш чараларын өткөрүүдөн алынган кирешелер, ишканалардан жана уюмдардан спорттук белгилерди жана энбелгилерди пайдалангандыгы үчүн чегеримдер, чет өлкөлүк инвестициялар, эл аралык уюмдардан келип түшүүлөр, чет өлкөлүк жарандардан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан спорттун улуттук түрлөрүн колдоо жана жандандыруу үчүн максаттуу демөөрчүлүк жардамдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактар аларды каржылоо булактары болуп саналат.
Спорттун улуттук түрлөрүн каржылоого бөлүнгөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.
Бюджеттен тышкаркы булактардан каражаттардын келип түшүүсү спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө бюджеттик чегеримдерди кыскартуу үчүн негиз болуп саналбайт.
(КР 2011-жылдын 18-майындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча машыгышкан
спортсмендерди социалдык жактан коргоо жана сыйлоо
Дене тарбия жана спортту мамлекеттик башкаруунун республикалык органдары, спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациялар, коомдук бирикмелер, ошондой эле жеке жактар спорттун улуттук түрлөрү боюнча машыгышкан спортсмендерге каржылык жардам көрсөтө алышат.
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча машыгышкан спортсмендерди социалдык жактан коргоо мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кепилдикке алынат.
Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрү боюнча курама командаларынын мүчөлөрү жана спорттун улуттук түрлөрү боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен спортсмендер мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сыйакы алышат.
14-статья. Эл аралык байланыштар
Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрү боюнча иш алпарган спорттук уюмдар, ошондой эле спортсмендер эл аралык спорттук мелдештердин эрежелерин жана тийиштүү эл аралык уюмдардын уставдарын сактоо менен эл аралык спорттук мелдештерге катышуу укугуна ээ.
Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү жана катышуу мезгилинде спорттун улуттук түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларын каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджет каражаттарынын, ошондой эле мыйзам тыюу салбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
15-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап үч айдын ичинде ага ылайык келтирсин.
16-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |