Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-февралы № 84
"Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун чакырып алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 72 токтому менен жактырылган "Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакырып алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 72 "Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
1-берене. Максаты жана жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзамдын максаты болуп Кыргыз Республикасында колдонууга чыгарылуучу мамлекеттик маанидеги документтерди коргоону камсыздоо саналат.
2. Ушул Мыйзам мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо, тариздөө, чыгаруу, контролдоо жана жок кылуу жагында жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт.
2-берене. Мамлекеттик маанидеги документтер
1. Мамлекеттик маанидеги документ - документтин ээси жөнүндө юридикалык, жарандык, квалификациялык, кызматтык жана башка маалыматтарды чагылдыруучу, мазмундуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган критерийлер боюнча түзүлүп, мамлекеттик органдардан жөнөтүлүүчү документ.
Мамлекеттик маанидеги документтердин тизмегин жана мамлекеттик маанидеги документтердин тиешелүү категориясына киргизүү үчүн алардын критерийлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Мамлекеттик маанидеги документ Мамлекеттик маанидеги документтердин реестрине киргизилүүгө тийиш.
2. Мамлекеттик маанидеги документтердин мамлекеттик реестри - жазуулардын бирдиктүү системасында болуучу, колдонууга чыгарылган мамлекеттик маанидеги документтердин мазмунун чагылдыруучу маалыматтардын топтому.
Мамлекеттик маанидеги документтердин реестрин жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3-берене. Мамлекеттик маанидеги документтердин чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуу
Мамлекеттик маанидеги документтердин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына негизденет.
4-берене. Мамлекеттик маанидеги документтердин колдонулушун мамлекеттик контролдоо
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик маанидеги документтердин колдонулушун мамлекеттик контролдоо мамлекеттик маанидеги документтерди коргоону камсыздоого, мамлекеттик маанидеги жасалма документтердин таралышынан болгон зыяндын алдын алууга, аларды даярдоо жана чыгаруу боюнча талаптарды сактоого багытталган.
2. Мамлекеттик маанидеги документтердин колдонулушун мамлекеттик контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.
5-берене. Мамлекеттик маанидеги документтердин категориялары, аларды даярдоо, тариздөө, чыгаруу, эсепке алуу жана жок кылуу
1. Мамлекеттик маанидеги документтер даярдалып жатканда коргоо элементтерине ээ болушат.
2. Мамлекеттик маанидеги документтер төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
1) жогорку даражадагы коргоо элементтери менен;
2) орто даражадагы коргоо элементтери менен.
3. Мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик маанидеги документтерге карата техникалык талаптарды, даярдоонун, тариздөөнүн, чыгаруунун, эсепке алуунун жана жок кылуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
6-берене. Мамлекеттик маанидеги документтердин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо, тариздөө, чыгаруу, эсепке алуу, контролдоо жана жок кылуу боюнча функцияларды аткарган мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын кызмат адамдары аларга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
7-берене. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айдын ичинде:
1) ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана бекитсин;
2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө