Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 87
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
1-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 39-1-берене менен толукталсын:
"39-1-берене. Камакка алынган баалуу кагаздарды жоюу, алар боюнча киреше төлөө, аларды конвертациялоо, алмаштыруу же алар менен башка аракеттерди жасоонун тартибин аныктоо
1. Баалуу кагаздарды камакка алууда аларды конвертациялоо, алмаштыруу, жоюу жана алар менен болгон башка аракеттер камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат.
2. Баалуу кагаздарды камакка алууда, эгерде шектүү, айыпталуучу баалуу кагаздардын менчик ээси болгон учурда, камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин менчик ээсине кирешелерди төлөө токтотулуп турат.
3. Шектүү, айыпталуучу болуп саналган менчик ээсине төлөнүүгө тийиш болгон кирешелер камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин, эгерде шектүү, айыпталуучу төмөнкү тартиптердин бирин бузса, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган органдын депозиттик эсебине которулууга тийиш:
1) сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган органдан, соттон качса;
2) тергөөнү калыс жүргүзүүгө жана соттогу ишти териштирүүгө тоскоолдук жаратууга багытталган аракеттерди жазаса.
Баалуу кагаздардын эмитенти жоюлган же кайра уюштурулган учурда менчик ээсине төлөнүүгө тийиш болгон кирешелер сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган органдын депозиттик эсебине которулат.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 87
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу