МыйзамКүчүн жоготту

КР 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 70 «Зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрү, финансылык санкциялар жана туумдар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн карызын эсептен чыгаруу жөнүндө» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 2015-жылдын 2-апрели № 70

Зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрү, финансылык санкциялар жана туумдар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн карызын эсептен чыгаруу жөнүндө

1-берене.

 

Зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына жана "Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ажылык-Умра боюнча борбору" мекемесинен 2014-жылдын 1-январына чейин кошуп эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү, финансылык санкциялар жана туумдар боюнча 26166111 сом суммасындагы карызы эсептен чыгарылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

       Президенти

 

А.Ш.Атамбаев