Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июлундагы № 320 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына (мындан ары - административдик кызмат орундары) өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Дайындоо үчүн административдик кызмат орундарынын номенклатурасы
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте төмөнкүлөрдү административдик кызмат орундарына дайындайт:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларын (анын ичинде биринчини);
2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчилерин жана жардамчыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин кеңешчилерин жана жардамчыларын;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин (бөлүм башчылары, бөлүм башчыларынын орун басарлары, сектор башчылары);
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана эл аралык уюмдардагы атайын, туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр (мындан ары - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси) өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте төмөнкүлөрдү административдик кызмат орундарына дайындайт:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инспекторлорун, эксперттерин;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн референттерин;
3) мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчисин (Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин кеңешчисин), Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин жардамчыларын;
4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин пресс-катчысын.
3. Административдик кызмат ордуна дайындоонун шарттары жана тартиби
4. Бош административдик кызмат ордун ээлөөгө талапкер төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуусу;
2) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга, ошондой эле Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик административдик кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү;
3) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик жарандык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдү өзүнө кабыл алууга.
5. Бош административдик кызмат ордун ээлөөгө төмөнкүдөй адам талапкер боло албайт:
1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун айыптоочу өкүмү менен кызматчы катары иштөөгө же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар.
6. Административдик кызмат ордуна дайындоодо төмөнкү талапкерлерге артыкчылык берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ички кадрлар резервинде же Кыргыз Республикасынын Улуттук кадрлар резервинде турган;
2) мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестринде турбаган;
3) төмөнкүлөрдө тажрыйбасы бар:
- мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарында жана/же республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарында;
- мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмүндөгү мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчиси (жетекчисинин орун басары), мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси катары;
- мамлекеттик башкаруунун ар кандай деңгээлдеринде (республикалык жана жергиликтүү).
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн адистешүүсүн жана конкреттүү административдик кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тарабынан ага ылайык административдик кызмат ордуна дайындоодо артыкчылык болгон кошумча квалификациялык талаптар белгилениши мүмкүн.
8. Квалификациялык талаптарга ылайык келишин ырастоо төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
1) талапкер тарабынан берилген:
- кесиптик билиминин бар экендигин ырастаган, белгиленген үлгүдөгү документтердин (дипломдордун жана сертификаттардын нотариалдык же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү);
- эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тарабынан бекитилген форма боюнча иштеген жеринде жетишилген кесиптик натыйжалары көрсөтүлгөн резюме;
- талапкерди кесиптик биргелешкен иш боюнча тааныган жана талапкердин жогорку кесиптик, моралдык-адеп-ахлактык жана жеке деңгээлин ырастаган мурдагы иштеген жерлериндеги жетекчилерден жана кесиптештеринен жетишилген натыйжалары көрсөтүлгөн үчтөн кем эмес сунуштама.
Берилген сунуштамаларда сунуштаган адам менен байланышууга мүмкүн болгон байланыш маалыматтары көрсөтүлөт;
2) коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык бош административдик кызмат ордун ээлөөгө талапкердин билимин жана көндүмдөрүн аныктоо үчүн аңгемелешүүнүн жыйынтыктары;
3) административдик кызмат ордунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен кесиптик компетенцияларын ырастоо жада аныктоо үчүн өткөрүлүшү мүмкүн болгон кошумча практикалык тапшырмалардын талапкер тарабынан аткарылышынын жыйынтыктары (эссе, практикалык тапшырма, анкеталаштыруу жана кадрларды тандоонун башка түрлөрү жана ыкмалары).
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты талапкер тарабынан берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүүнү, анын ичинде соттуулугунун жоктугуна, жазык жоопкерчилигине тартылгандыгына, терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган адамдардын реестринде болушуна атайын текшерүү уюштурууга укуктуу.
Мында төмөнкү талапкерлер аңгемелешүүгө жана кошумча практикалык тапшырмаларга киргизилбейт:
- ушул Эрежелердин 8-пунктунун 1-пунктчасында каралган бардык документтерди бербеген же анык эмес маалыматтарды берген;
- ушул Эрежелердин 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген;
- билим деңгээлине, стажына жана иш тажрыйбасына карата квалификациялык талаптарга ылайык келбеген.
10. Талапкердин квалификациялык талаптарга ылайык келишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан талапкердин квалификациялык талаптарга ылайык келишине же болбосо ылайык келбешине карата тиешелүү корутунду дайындалат.
11. Патронаттык административдик кызмат ордуна дайындоодо кесиптик компетенцияларга ылайык келишин ырастоо үчүн аңгемелешүү өткөрүү жана талапкердин кошумча практикалык тапшырмаларды аткаруусу милдеттүү эмес.
Дайындоо иш стажына, жогорку билиминин болушуна карата белгиленген квалификациялык талаптарды сактоо, талапкердин мыйзамдарда белгиленген тартипте алынбаган же жоюлбаган соттуулугунун жоктугун эске алуу менен жүргүзүлөт.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында кызматкерлерди ротациялоодо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмүнүн жана/же штаттык санынын өзгөрүшүнүн натыйжасында кызматкерлерди кайра дайындоодо кесиптик компетенциясын ырастоо талап кылынбайт.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын (мындан ары - кызматчылар) ротациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
Кызматчыларды ротациялоо төмөнкүчө ишке ашырылат:
- башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси менен тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык органдын жетекчисинин ортосундагы өз ара макулдашылган каттын негизинде;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында - административдик кызмат орундарына дайындоо номенклатурасын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин же Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин чечими боюнча.
Ротациялоо планы жана схемасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан даярдалат.
14. Административдик кызмат орундарына дайындоого сунуштарды киргизүү, ошондой эле тиешелүү макулдашуулардын жана талапкерлердин квалификациялык талаптарга ылайык келишин текшерүү жол-жоболору Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тарабынан бекитилген тартипте ишке ашырылат.
15. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана тиешелүү түрдө Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин административдик кызмат орундарына дайындоо жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан белгиленген тартипте таризделет.