Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 332 токтому менен бекитилген |
Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы (мындан ары - улуттук сегмент, интеграцияланган система) Информациялык-коммуникациялык технологиялар жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы информациялык өз ара аракеттенишүү жөнүндө протоколдун 31-пунктуна ылайык (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 3 тиркемеси) (мындан ары - Бирлик жөнүндө келишим) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен аныкталат.
2. Улуттук сегменттин тапшырыкчысы улуттук сегментти түзүү, ишин камсыз кылуу жана өнүктүрүү боюнча укуктарды ишке ашырат жана милдеттерди аткарат.
3. Улуттук сегменттин тапшырыкчысы өз ишинде Бирлик жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) укуктарын түзгөн башка эл аралык келишимдерди жана актыларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Ушул Жободо пайдаланылган түшүнүктөр Бирлик жөнүндө келишимде, анын ичинде Информациялык-коммуникациялык технологиялар жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы информациялык өз ара аракеттенишүү жөнүндө протоколдо (Бирлик жөнүндө келишимдин № 3 тиркемеси), Бирликтин органдарынын интеграцияланган системаны түзүү жана өнүктүрүү маселелерин жөнгө салуучу актыларында аныкталган маанилерде колдонулат.
5. Улуттук сегменттин тапшырыкчысы өз ишин Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары менен байланышта, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде - интеграцияланган системаны түзүүнү, ишин камсыз кылууну жана өнүктүрүүнү координациялаган Евразия экономикалык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) жана Бирликке мүчө башка мамлекеттердин улуттук сегментинин тапшырыкчылары менен карым-катышта жүргүзөт.
II. Улуттук сегменттин тапшырыкчысынын милдеттери
6. Улуттук сегменттин тапшырыкчысынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
а) улуттук сегментти түзүү, ишин камсыз кылуу жана өнүктүрүү, жана Комиссия беките турган интеграцияланган системаны түзүүгө техникалык тапшырмага, интеграцияланган системаны түзүү, ишин камсыз кылуу жана өнүктүрүү пландарына ылайык, ошондой эле Комиссия беките турган интеграцияланган системаны өнүктүрүү стратегиясын эске алуу менен улуттук сегментте иштетиле турган маалыматтын сакталышын камсыз кылуу;
б) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 105 чечими менен бекитилген Трансчегаралык ишеним аймагын өнүктүрүү стратегиясына жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 73 чечими менен бекитилген Мамлекеттер аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүдө сервистерди жана юридикалык күчкө ээ болгон электрондук документтерди пайдалануу концепциясына ылайык, трансчегаралык ишеним аймагын өнүктүрүү;
в) Комиссия беките турган Бирликтин алкагындагы жалпы процесстердин тизмесине ылайык, улуттук сегментте жалпы процесстерди ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоо.
III. Улуттук сегменттин тапшырыкчысынын функциялары
7. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн улуттук сегменттин тапшырыкчысы төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) интеграцияланган системаны түзүү, ишин камсыз кылуу жана өнүктүрүү пландарынын негизинде улуттук сегментти түзүүнүн, ишин камсыз кылуунун жана өнүктүрүүнүн пландарын иштеп чыгат жана Комиссия менен макулдашат, ошондой эле алардын аткарылышын координациялайт;
б) интеграцияланган системаны жаратуу үчүн техникалык тапшырманын негизинде улуттук сегментти түзүүгө жеке техникалык тапшырманы иштеп чыгат;
в) төмөнкүдөй ченемдик укуктук актыларды кабыл алат:
улуттук сегменттеги маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуучу (Комиссия аныктоочу мамлекеттик маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруунун талаптарын эске алуу менен);
Бирликтин алкагында жалпы процесстерди ишке ашырууда маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуучу технологиялык документтердин талаптарын улуттук сегментте аткаруу зарыл болгондорду;
г) Комиссия беките турган, Бирликтин алкагындагы жалпы процесстердин тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын сунуштарын макулдашууга катышат;
д) Бирликтин алкагында жалпы процессти ишке ашыруунун жана Бирликтин алкагындагы жалпы процессти технологиялык долбоорлоонун талаптарын аныктоо этаптарында Комиссия иштеп чыгуучу актылардын долбоорун Кыргыз Республикасында кароону координациялайт;
е) Бирликтин алкагында жалпы процессти ишке ашырууга катышкан Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын маалыматтык системаларын улуттук сегментке туташтырууну уюштурат;
ж) улуттук сегментти интеграцияланган системанын интеграцияланган платформасына туташтырууну камсыз кылат;
з) улуттук сегментте иштетиле турган маалыматтын сакталышын камсыз кылат;
и) Бирликтин алкагында жалпы процесстерди ишке ашырууда маалыматтык өз ара аракеттенүүнү улуттук сегментте тестирлөөнү уюштурат жана Бирликтин алкагында жалпы процесстерди ишке ашыруудагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү мамлекеттер аралык тестирлөөнү уюштурууга катышат;
к) Комиссияга улуттук сегментти түзүү, ишин камсыз кылуу жана өнүктүрүү боюнча аткарылган жумуштардын жүрүшү жөнүндө жана Бирликтин алкагындагы жалпы процесстердин улуттук сегментте ишке ашырылышы боюнча отчетторду берет.
8. Улуттук сегменттин тапшырыкчысы төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
а) улуттук сегменттин интеграциялык шлюзунун операторунун;
б) Кыргыз Республикасынын ишенимдүү үчүнчү тарабынын сервистеринин операторунун;
в) Кыргыз Республикасынын маалыматты электрондук түрдө документтештирүүнүн жалпы структурасынын мамлекеттик компонентинин операторунун.
9. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн операторлор жана аларга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери жана Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысынын актылары менен аныкталат.
10. Улуттук сегменттин тапшырыкчысы ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн операторлорду дайындоо жөнүндө Комиссияга маалымдайт.
11. Улуттук сегменттин тапшырыкчысы улуттук сегментти техникалык колдоо кызматынын ишин уюштурат.
12. Улуттук сегменттин тапшырыкчысы Комиссияга улуттук сегментти техникалык колдоо кызматынын жооптуу адамдарынын актуалдуу байланыштыруучу маалыматтарын берет.
13. Улуттук сегменттин тапшырыкчысы Бирликтин алкагында жалпы процесстердин катышуучуларынын улуттук реестрин түзөт жана улуттук реестрди жүргүзөт. Аталган улуттук реестрден алынган маалыматтар, Комиссияга Бирликтин алкагында жалпы процесстердин катышуучуларынын жалпы реестрин түзүү үчүн берилет.
IV. Улуттук сегменттин тапшырыкчысынын укуктары
14. Улуттук сегменттин тапшырыкчысы өз функцияларын аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
а) улуттук сегменттин тапшырыкчысынын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон маалыматты Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынан сурап алууга;
б) кеңешмелерди чакыртууга жана өткөрүүгө, анын ичинде Улуттук сегменттин тапшырыкчысынын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрүүгө;
в) өз компетенциясынын алкагында Комиссия менен жана Бирликтин башка мүчө мамлекеттеринин улуттук сегментинин тапшырыкчылары менен өз ара аракеттенүүгө.
15. Улуттук сегменттин тапшырыкчысы улуттук сегментти түзүүдө, ишин камсыз кылууда жана өнүктүрүүдө, Евразиялык экономикалык бирлигинин Коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы № 10 Чечими менен бекитилген Евразиялык экономикалык бирлигинин Евразиялык экономикалык комиссиясынын интеграциялык системасын программалык камсыздоосун берүүнүн тартибине ылайык Комиссия тарабынан улуттук сегменттин тапшырыкчысына улуттук сегменттин курамында акысыз негизде пайдалануу үчүн берилүүчү Комиссиянын интеграциялык сегментинин программалык камсыздоосун пайдаланууга укуктуу.
16. Улуттук сегменттин тапшырыкчысы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүүнү оптималдаштыруу максатында Бирликтин алкагында жалпы процесстерди улуттук сегментте ишке ашыруу маселеси боюнча долбоордук офис ачууга укуктуу. Долбоордук офис ачуу боюнча иш-чаралар улуттук сегменттин тапшырыкчысынын иш жүргүзүүсүнө каралган каражаттардын эсебинен аткарылат.