Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу № 333
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сот аткаруучуларга шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү каттамдагы (таксиден тышкары) коомдук жүргүнчүлөр транспортунда жүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдары аныктаган минимумдук эмгек акынын 30 пайыз өлчөмүндө компенсация белгиленсин.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акчалай компенсацияны тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде төлөп берсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |