ТоктомКүчүндө

Баетов айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № XII/2 «Таза Суу Таза Аймак» муниципалдык ишканасынын 2022-жылга кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому

Редакцияот 17.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы

2022-жылдын 17-марты № XII/2

“Таза Суу Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө.

“Таза Суу Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баетов айыл аймагынын “Таза Суу Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүү үчүн айына төлөнүүчү төлөм акысы:

•    мончолор айына төлөнүүчү төлөм акы 1000 (бир миң ) сом өлчөмүндө;

•    мезгил менен иштеген ишканалар ( пескоблок чыгаруучу цехтер, машина жуучу жайлар) 15-апрелден 15-октябрга чейин төлөнүүчү төлөм акы 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө бектилсин.

2. Баетов айыл аймагынын тургундарынын таштанды үчүн төлөнүүчү төлөм акысы:

•    ар бир түтүн кварталына 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө;

•    коммерциялык иш кылган жактарга ( чач тарач, дүкөн, машина жуучу жай, ж.блар) айына 150 (бир жүз элүү) сом өлчөмүндө;

•    мекеме ишканаларына 1куб-700 ( жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Баетов айылдык Кеңешинин “Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук коргоо тартиби” боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Ч.Азимжанов