Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 токтомуна |
Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуунун ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуу критерийлерин белгилейт.
2. Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуунун негизги критерийлери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
массасы - 1000 граммдан жогору;
формасы - янтардын өзөк ичиндеги түзүлүшкө жараша ар түрдүү, фантазиялуу болушу;
бүтүндүгү - өзүнүн түзүмү боюнча салыштырма чулу (80 пайыздан кем эмес) болуп, үлгүнүн бүтүндүгүнө коркунуч келтирүүчү көрүнөө жаракалар, өтмө тешиктери болбогон;
камтылыштардын болушу - флора жана фаунанын жакшы сакталып калган калдыктарын камтыган, өлчөмү 10 мм ден ашык тунук үлгүлөр;
өңү-түсү - янтарга мүнөздүү ар түрдүү түстүк гамма (ак түстөн, күңүрт-сары, ачык-алтын түстүүдөн кызгылт-күрөңгө чейин).
3. Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуу үчүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан курамында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнөн жана көз карандысыз эксперттерден эксперттик комиссия түзүлөт.
Эксперттик комиссия өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылууну жана баалоону ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык жүргүзөт.
4. Эксперттик комиссиянын ишинин тартиби мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.
5. Эксперттик комиссиянын чечими мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү протокол менен таризделет.
6. Асыл таштарга киргизилген өзгөчө янтардык түзүлүштөр менен жүргүзүлүүчү операциялар Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.