Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 374
2018-жылы дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 20-августундагы иш күнүнө которулсун.
2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2018-жылдын 22-сентябрындагы дем алыш күнүн 2018-жылдын 20-августундагы иш күнүнө которуу сунушталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |