Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-августундагы № 370 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабия Падышалыгынын Өкмөтүнүн ортосундагы айыл чарба, мал жана балык чарба тармагындагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Эр-Рияд шаары, 2017-жылдын 4-апрели
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Сауд Арабия Падышалыгынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар), өз ара пайдалуу, өз ара кызыкчылыктарынын негизинде жана бири-бирине урмат мамиле кылуу менен достук мамилелерди чыңдоого умтулуп, айыл чарбанын, мал жана балык чарбанын экономикалык өнүктүрүүдөгү жана жарандардын кирешелерин жогорулатуудагы негизги ролун түшүнүү менен кызматташууну күчөтүү жана айыл чарбага, мал жана балык чарбага инвестициялардын тартылышын өбөлгөлөө максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Маалымат алмашуу
Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр боюнча маалымат алмашууну жүзөгө ашырат:
- айыл чарба, мал чарба жана балык чарбага тиешелүү инвестициялык стратегиялар жана эрежелер;
- айыл чарбага, мал жана балык чарбага. анын ичинде акча-насыялык жана бюджет-салык саясаты, агрардык саясаты, инвестицияларды жөнгө салуучу эрежелер жана башка ченемдик укуктук актылар, салык мыйзамдары, ошондой эле жумуш учурунда жеңилдиктерди жана сыйлыктарды берүү боюнча инвестициялоонун шарттары;
- мүмкүн болуучу инвесторлор жана алардын учурдагы статусу, инвестициялык климат, инвесторлордун ишинин багыты жана муктаждыктарын көрсөтүү менен алардын учурдагы абалы;
- ар бир өлкөдө эки тараптын инвесторлорунун жана өнөктөштөрүнүн арасында тиешелүү маалыматтар жана башка кызматтар, ошондой эле, айыл чарба ресурстарына байланышкан инвестициялоо боюнча атайын изилдөөлөр жана техникалык отчеттор;
- айыл чарба, мал жана балык чарбасы тармагында иштеп жаткан инвестициялык компаниялар жана мындай инвестицияларды колдоого багытталган каржылоо программалары;
- айыл чарба, мал жана балык чарба чөйрөсүндөгү жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары;
- такшалмалардын, конференциялардын, семинарлардын программалары жана башка тиешелүү программалар.
2-берене. Кызматташуу
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
- айыл чарбага, мал жана балык чарбага инвестиция салуу үчүн биргелешкен семинарларды, симпозиумдарды, жолугушууларды жана бет ачаар долбоорлорун өткөрүү;
- айыл чарба, мал жана балык чарба чөйрөсүндө инвестициялык жана соода жарманкелерин уюштуруу;
- айыл чарбага, мал жана балык чарбага салынган инвестицияларды өздөштүрүүдө тоскоолдуктарды четтетүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү;
- айыл чарба инвестициялык долбоорлорун түзүүгө жана иштетүүгө инвесторлорду шыктандыруу.
3-берене. Инвестицияларды өбөлгөлөө жана коргоо жана кош салык салуунун алдын алуу
Бул Макулдашуунун беренелерине ылайык белгиленген инвесторлор жана алардын салымдары инвестицияларды өбөлгөлөө жана коргоо жөнүндө, андан тышкары кош салык салуунун алдын алуу жана кирешеге салык салуу жаатында салык төлөөдөн качууну болтурбоо боюнча эки Тараптын ортосундагы белгиленген тартипте күчкө кирген келишимдеринин менен ылайык каралат.
4-берене. Өзгөчөлүктөр
Бул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын эрежелерин жана милдеттенмелерин козгобойт.
5-берене. Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 6-беренесине ылайык күчүнө кирүүчү ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген протоколдор менен таризделет.
6-берене. Макулдашууну аткаруу жана анын колдонуу мөөнөтү
Ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун Тараптар жагынан аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 жылга түзүлөт жана Тараптардын бири дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тараптан жазуу жүзүндө билдирүү албаса, анда Макулдашуу автоматтык түрдө ушул эле мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Эгерде Тараптар айтылган жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алышса, анда алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин Макулдашуу күчүн жоготот.
Эгерде Тараптар башкача келишип алышпаса ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ага ылайык жүзөгө ашырылган ишке, ага ылайык башталган, бирок бүтпөй калган ишке карата жайылтылбайт. Анын эрежелери ушул Макулдашуунун алкагында башталган бардык долбоорлор жана иш-чаралар үчүн күчүндө кала берет.
2017-жылдын 4-апрелинде, Эр-Рияд шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилинде түзүлгөн, мында бардык тексттер бирдей күчүнө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Сауд Арабия Падышалыгынын Өкмөтүнүн атынан |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев |
| Сауд Арабия Падышалыгынын Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман А.Альфадли |