Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-августу № 362
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 603 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик органдары, жергиликтүү жана соттук өз алдынча башкаруу органдары "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы судьялардан тышкары, дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (макулдашуу боюнча) шайлоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылуучу атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты (макулдашуу боюнча) дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына карата;
- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын судьяларына карата;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген адамдардан тышкары, өз кызматкерлерине карата;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз кызматкерлерине карата;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык кызматта мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик этика боюнча комиссиянын ишин талдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга, ошондой эле жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды убактылуу алмаштырган адамдарга карата;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучуларга карата;
- карамагында мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелер, уюмдар жана ишканалар турган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана сот бийлигинин мамлекеттик органдары (макулдашуу боюнча) ошол мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине карата;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар дайындоо жана бошотуу жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы (аким) тарабынан жүзөгө ашырылуучу саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата;
- карамагында жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелер, уюмдар жана ишканалар турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошол мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине карата.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылуучу адамдардын дипломатиялык белектерди эсепке алуусунун, каттоосунун, баалоосунун, сактоосунун, пайдалануусунун жана сатып алуусунун тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылуучу адамдар кызматка шайланганда, дайындалганда же бекитилгенде, же ыйгарым укуктарынын көлөмү башкача болгон кызмат ордуна которулган учурда өздүк (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө декларацияны толтуруунун тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 603 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-февралындагы № 90 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарындагы таламдардын кагылышын чечүү боюнча Убактылуу колдонмону бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун бешинчи абзацы.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-августу № 362
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 603, 2026-жылдын 4-августундагы № 523 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августундагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)