Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-августундагы № 368 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Талас" соода-базар комплекси" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Талас" соода-базар комплекси" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин жөнгө салат.
2. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Уюштуруучу) эсептелет.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) карамагында иштейт.
4. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Талас" соода-базар комплекси" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде:
"Государственное предприятие торгово-рыночный комплекс "Талас" при Фонде по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики.
5. Ишкананын жайгашкан жери: 724200, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Талас шаары, Манас көчөсү, 60.
6. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
2. Юридикалык статусу
7. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштейт.
8. Ишкана өзүнүн ишин толук чарбалык эсеп, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принциптеринде жүргүзөт.
9. Ишканада өзүнүн фирмалык аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, бланктары жана башка визуалдык айырмалоочу каражаттары болот.
10. Ишкананын өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана финансылык-кредиттик мекемелерде башка эсептери болот.
11. Ушул Уставда каралган маселени чечүү үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнчө мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жекече мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, Ишкананын максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жактар жана жеке адамдар менен накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- уставдык максаттарды жана милдеттерди аткаруу үчүн Фонддун макулдугу менен филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иш жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээ болууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
- көрсөтүлүүчү кызматтарга белгиленген тартипте баа коюуга;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдердин, башка граждандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн белгиленген тартипте жарандарды ишке тартууга.
12. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмүнө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти алууга;
- бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
- бюджеттин аткарылышы жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду Фондго белгиленген мөөнөттө тапшырып турууга;
13. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, Ишкана бул Уставда каралбаган башка укуктарга ээ болушу жана милдеттерди алышы мүмкүн.
3. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын максаты калктын чекене, майда дүң жана дүң соода кызматтарына болгон керектөөсүн канааттандыруу болуп эсептелет.
Ишкананын милдети болуп соода чөйрөсүндө азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар менен коммерциялык ишти жүргүзүү эсептелет.
15. Ишкананын функциялары:
- соодалык-коммерциялык ишти уюштуруу;
- базардын аймагындагы соода аянттарын жана контейнерлерди ижарага берүү;
- коомдук тамактануу жана калкты тиричиликтик тейлөө жайларын уюштуруу;
- транспорт токтотуучу жайларын, сактоо камераларын, муздатуучу жабдууларды, кампа жайларын берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- консалтингдик, маркетингдик, жарнактык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
- чарбалык, өндүрүштүк-техникалык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү, техниканы жана транспорт каражаттарын оңдоо жана сервистик тейлөө;
- куруу-монтаждоо, жасалгалоо жана башка келишимдик жумуштарды аткаруу.
Ишкана ишкердиктин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түрлөрү менен иштөөгө укуктуу.
4. Ишкананы башкаруу
16. Уюштуруучунун компетенциясына ишкананы түзүү, анын ишинин предметин жана максаттарын аныктоо, Ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аны өзгөртүп түзүү жана жоюу маселелери кирет.
Уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарууга укуктуу.
17. Фонд Ишкананын ишин жалпы жетектейт жана координациялайт.
18. Ишкананы Фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан алынуучу директор жетектейт.
Ишкананын директору кызматка эки жылдык мөөнөткө дайындалат, ушул Уставга жана Фонд менен түзүлүүчү эмгектик келишимге ылайык иштейт.
19. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
Директордун орун басарын Фонддун төрагасы кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот.
20. Ишкананын директору:
- Фондго отчет берет жана Ишканага коюлган тапшырмалардын аткарылышы жана анын ишинин жыйынтыктары үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- Уюштуруучунун жана Фонддун чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат;
- директордун орун басарынын, башкы бухгалтердин, Ишкананын филиалдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Фонд менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык санын, түзүмүн бекитет;
- Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду, иш тартибин жана кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө жоболорду бекитет;
- Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- мыйзамдар, базар конъюнктурасы, эмгек шарттары ж.б.у.с. өзгөргөн учурларда ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Фондго сунуштарды берет;
- жылдык финансылык-чарбалык планды, жылдык бюджетти, жылдык балансты белгиленген тартипте Фонддун кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;
- Фондго финансылык отчеттун, болжолдуу финансылык-чарбалык көрсөткүчтөрдүн жана башка зарыл болгон маалыматтардын өз убагында берилишин камсыз кылат;
- бекитилген жылдык финансылык-чарбалык пландардын жана көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылат;
- Ишкананын тапшырмаларын жана милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
21. Директордун орун басары аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын ишин камсыз кылат, Ишкананын директору жок учурда анын милдеттерин аткарат.
22. Ишкананын директору жана башкы бухгалтери эсептин так жүргүзүлүшү, Ишкананын мүлкүнүн жана финансылык каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы боюнча жекече жоопкерчиликте болушат.
5. Ишкананын мүлкү, финансысы жана кирешесинин бөлүштүрүлүшү
23. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп эсептелет жана Ишканага ишкердик жүргүзүү үчүн бекитилип берилген.
24. Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттардан турат жана Ишканага чарбалык иш жүргүзүү укугунда бекитип берилген.
25. Ишкана мүлктү уставдык максаттарга жана иштин багытына ылайык, экономикалык зарылдыгына жараша жана Уюштуруучунун кызыкчылыгын эске алуу менен пайдаланат. Ишканага багытына туура келбеген курулуштарды курууга жана активдерди сатып алууга тыюу салынат.
26. Ишкана өзүнө чарбалык иш жүргүзүү укугунда берилген кыймылсыз мүлктү Уюштуруучунун макулдугусуз сатууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары салууга, же бул мүлктү башка ыкмалар менен тескөөгө укугу жок.
27. Ишкана финансылык-чарбалык иштен алынган кирешелердин жана башка булактардын эсебинен курган жана сатып алган мүлк мамлекеттин менчигине келип түшөт жана ага чарбалык иш жүргүзүү укугунда бекитип берилет.
28. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча Ишкананын таза пайдасынын 50 пайыздан кем эмес бөлүгү Фонддун алыш-бериш эсебине которулууга тийиш, ал кийинчерээк, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которулат.
6. Ишкананы өзгөртүп түзүү жана жоюу
29. Ишкананы өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
30. Ишкананын ишин жүргүзүү учурунда пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.