Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 377 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Анкара шаары, 2018-жылдын 9-апрели
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталышат),
дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кызматташуу эки өлкөнүн жана алардын элдеринин ортосундагы достук мамилени жайылтууга жана бекемдөөгө өбөлгө түзөөрүнө ишенүү менен,
бул чөйрөдөгү мамилелер менен кызматташууну өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бул макулдашуу эки өлкөнүн спорттук уюмдарынын ортосундагы кызматташууну жайылтууга жана көмөктөшүүгө жана өз ара алгылыктуулук принциптерине негизделүүсү зарыл болгон дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кызматташуунун программаларынын алкагын белгилөөгө багытталган.
2-берене.
Тараптар төмөнкүлөр аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамилелерди өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү колдоого милдеттүү:
- таланттуу жаш спортчуларды алмашуу программаларын ишке ашыруу;
- спортту коргоо, спорттук иш-чараларды уюштуруу, спонсорлук, аялдарды спортко жылдыруу, спорттук медицина, ошондой эле допингге каршы контроль боюнча адистерди жана тажрыйба алмашуу;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүн, ошондой эле бул чөйрөдөгү колдонмо илимдерди өнүктүрүү максатында спорттук делегациялардын, машыктыруучулар менен адистердин өз ара иш сапарлары;
- эки өлкөдө уюштурулуп жаткан спорттук мелдештерге, эл аралык спорттук иш-чараларга катышуу үчүн спортчуларды, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларды өз ара чакырышуу;
- дене тарбия чөйрөсүндөгү жана өз ара кызыктуу башка чөйрөлөрдөгү маалыматтарды жана пикир алмашуу;
- эки өлкөдө өтүп жаткан спорттук жолугушууларга, конференцияларга, семинарларга, тренингдерге жана академиялык форумдарга адистерди өз ара чакырышуу;
- улуттук спорттук федерацияларга биргелешкен спорттук иш-чараларды уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү (ар бир иш-чара боюнча, ошондой эле катышуу боюнча финансылык жоопкерчиликти тиешелүү федерация көтөрөт);
- тараптардын спорттук федерациялары жана улуттук курама командалары биргелешкен машыгууларды өткөрөөрүнө кепилдик берүү, анын ичинен биргелешкен спорттук лагерлерди уюштуруу, эки өлкө биргелешип уюштурган спорттук иш-чараларга катышуу;
- спорттук федерациялардын жана клубдардын өз ара аракеттенүүсү;
- олимпиадалык борборлордо окутуу үчүн талантуу спортчуларды, спорттук делегацияларды жана машыктыруучуларды чакыруу (мындай окутуучу иш-чаралардын финансылык чыгымдары Тараптардын биргелешкен макулдугу менен төлөнүүсү керек.
3-берене.
Тараптар спорттун төмөнкү чөйрөлөрүндөгү илимий-изилдөө чөйрөсүндө кызматташат:
1. Спорттук багыттагы программалар.
2. Спортту жайылтуу.
3. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спорт.
4. Спорттогу аялдарды колдоо.
5. Спорттук медицина.
6. Допингге каршы контрол.
7. Спорттук объекттерди башкаруу жана камсыздоо.
4-берене.
Тараптар төмөнкүлөрдү ишке ашыруу менен дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү билим берүү ишмердүүлүгүн жана адистерди алмашуу аркылуу билим берүүнү жана тажрыйба алмашууну колдоого милдеттенет:
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө тиешелүү ар кандай маселелер боюнча лекцияларды окуу үчүн адистерди Кыргыз Республикасына жана Түркия Республикасына биргелешип чакыруу;
- тараптардын мамлекеттеринин колдонуудагы ченемдеринин алкагында спорт ишмердүүлүгүнө тиешелүү документтер, билимдер жана басылмалар менен алмашуу;
- улуттук жана эл аралык деңгээлдерде дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө өтөп жаткан курстарга, конференцияларга, семинарларга, симпозиумдарга жана окшош окуяларга адистердин бирге катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү тиешелүү мекемелерде жана уюмдарда мүмкүн болушунча практикалык программаларды уюштурууну колдоо.
5-берене.
Бул Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдар болуп Тараптардын мамлекеттеринин дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары эсептелүүсү кажет.
6-берене.
Эгер башка макулдашуулар жок болсо, Тараптардын ортосундагы программаларды алмашуу төмөндөгү жоболордун алкагында ишке ашырылат:
1. Бул Макулдашуунун алкагындагы ишмердүүлүктүн баары зарыл болгон бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттардын жеткиликтүүлүгүнөн көз каранды болуусу керек жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын ченемдеринин алкагында болуусу керек.
2. Адистер, спортчулар жана машыктыруучулар менен алмашуу макулдашылган программаларга ылайык ишке ашырылуусу керек.
3. Жөнөтүүчү тарап делегацияны эл аралык ташып жүрүүгө кеткен чыгымдарды төлөөсү керек.
4. Бул Макулдашууда каралаган башка финансылык жоболордун баары Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында биргелешип аныкталуусу керек.
7-берене.
Зарыл болгон учурда Тараптар бул Макулдашууну аткарууга тиешелүү принциптер жана инструменттер жөнүндө бири-бирине кеңеш бере алышат.
Тараптардын биргелешкен макулдугу менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүсү мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
8-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун талдоодо жана колдонууда кайчы пикирлер жана талаштар пайда болгон учурда, Тараптар аларды консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечишет.
9-берене.
Бул Макулдашуу, анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттердин ичиндеги процедураларды аткаруу жөнүндө дипломаттык каналдар аркылуу кат жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жылдын ичинде аракетте болот. Макулдашуунун жарамдуулук мөөнөтү автоматтык түрдө кийинки беш жылга узартылат.
Ар бир Тарап экинчи Тарапка дипломаттык каналдар аркылуу кат жүзүндөгү билдирүү жолу менен кандай болбосун маалда бул Макулдашуунун аракетин токтото алат. Мындай учурда Макулдашуу билдирүү алынган күндөн 6 айдан кийин өз күчүн жоготот.
Анкара шаарында 2018-жылдын 9-апрелдин, ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдериндеги эки чыныгы түп нуска менен түзүлдү, тексттердин баары бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун талдоодо кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Канат Аманкулов |
| Осман Ашкын Бак |