Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-августундагы № 404 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 386 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана монополияга каршы орган, анын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - монополияга каршы орган) тарабынан товардык рыноктордо үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишине экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
Экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн максаты үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин бузулушуна жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын рынокторунда атаандаштыкты коргоону жана өнүктүрүүнү камсыздоо болуп саналат.
2. Статистикалык байкоо жүргүзүү - бул Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер жөнүндө алгачкы статистикалык маалыматтарды жыйноо, системалоо жана жалпылоо боюнча иштер.
Экономикалык талдоо - Реестрге киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишинин абалын жана келечегин баалоо, статистикалык байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтардын негизинде атаандаштыктын абалына оң же терс таасирин тийгизген факторлорду белгилөө.
2. Экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартиби
3. Монополияга каршы орган Реестрге киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишине жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды суроо жолу менен байкоо жүргүзөт:
- товардын импортунун жана/же экспортунун өндүрүшүнүн же накталай жана нарктык түрдө көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү;
- баалардын (тарифтердин) деңгээлинин өзгөрүү динамикасы;
- баалардын (тарифтердин) өзгөрүүсүндө товардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын рентабелдүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү түз чыгымдар статьясын чечмелөө менен . өзгөрүүнүн себептеринин негиздемеси;
- товар өндүрүүнүн, кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркы;
- рентабелдүүлүктүн деңгээли;
- товарларды жеткирүү, кызматтарды көрсөтүү боюнча типтүү келишим. Эгерде арыз келип түшсө, чарба жүргүзүүчү айрым субъекттер менен түзүлгөн келишимдердин, анын ичинде дистрибьютордук келишимдердин (макулдашуулардын) көчүрмөлөрү.
Экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүдө статистика, салык, бажы органдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматтарды берүү жөнүндө ченемдерге ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин жөнгө салуучу (көзөмөлдөөчү) башка мамлекеттик органдардын отчету пайдаланылат.
Эгерде арыз келип түшсө жана/же атаандаштыктын чектелгени жана "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери бузулгандыгы белгилүү болсо, монополияга каршы орган тартип бузуу фактыларын белгилөө үчүн жыл ичинде зарыл болгон маалыматтарды суратууга укуктуу.
Суроо-талапта укуктук негиздер, суроо-талаптын максаты, талап кылынган маалымат, ошондой эле суралуучу маалыматтын көлөмүн эске алуу менен монополияга каршы орган белгилеген, маалымат берилүүгө тийиш болгон мөөнөт көрсөтүлөт, мында суроо-талап алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнөн аз болбошу керек.
4. Ушул Тартиптин 3-пунктуна ылайык суралган маалыматтар монополияга каршы органга берилбесе же өз убагында берилбесе, ошондой эле такталбаган маалыматтар атайылап берилсе, "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн негиз болуп саналат.
Монополияга каршы орган сураткан документтерде камтылган коммерциялык сырга тийиштүү маалыматтар монополияга каршы орган сураган маалыматтарды берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болбошу керек. Монополияга каршы органга берилүүчү жоопто ушундай маалыматтар болсо, чарба жүргүзүүчү субъект коммерциялык сырды түзгөн документтердин жана маалыматтардын толук тизмесин көрсөтүү менен монополияга каршы органга бериши керек.
5. Монополияга каршы орган алган маалыматтардын негизинде экономикалык талдоо жүргүзөт, атаандаштыктын абалына оң же терс таасирин тийгизүүчү факторлорду белгилейт, чарба жүргүзүүчү субъекттин ишинин абалын жана келечегин баалайт.
6. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин экономикалык талдоонун жана товардык рыноктордогу атаандаштык чөйрөнү талдоонун жыйынтыгы боюнча Реестрге киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алынат:
- "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузуу белгилери байкалса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 365 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузуу тууралуу иштерди карап чыгуунун эрежелерине ылайык монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иштерди карап чыгуу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибине ылайык чарба жүргүзүүчү субъектти Реестрден чыгаруу жөнүндө.
7. Монополияга каршы орган тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча монополияга каршы мыйзамдын бузулганы белгилүү болсо, Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө, ошондой эле ишкердик субъекттерин текшерүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
8. Чарба жүргүзүүчү субъект монополияга каршы органдын чечимине макул болбосо, администрациялык иштин негиздери жана администрациялык жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган, же соттук тартипте, ал эми администрациялык жаза-чараларын колдонуу бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга укуктуу.