Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 421 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мамлекеттик эсепке алууну, кадастрын жана мониторингин жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мамлекеттик эсепке алууну, кадастрын жана мониторингин жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Тартип мамлекеттик эсепке алуу, кадастр жана мониторинг жүргүзүлүп жаткан жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин (мындан ары - жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери) түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн топторунун жана аларды жүргүзүү субъекттеринин тизмектерин аныктайт, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мамлекеттик эсепке алууну, кадастрын жана мониторингин (мындан ары - эсепке алуу, кадастр жана мониторинг) жүргүзүүнүн негизги маселелерин жана таламдаш тараптардын өз ара мамилелерин жөнгө салат. Тартип эсепке алууну, кадастрды жана мониторингди жүзөгө ашырып жаткан жеке жана юридикалык жактарга карата колдонулат.
3. Эсепке алууну, кадастрды жана мониторингди жүргүзүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- эсепке алууну, кадастрды жана мониторингди жүргүзүүнү бирдиктүү башкаруу;
- эсепке алууну, кадастрды жана мониторингди жүргүзүү менен камтылган жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин түрдүк/түрчө курамын кеңейтүү;
- маалыматты чогултуу, иштетүү, жалпылоо, системалаштыруу, сактоо, пайдалануу жана берүү методикасынын бирдейлиги;
- эсепке алуу, кадастр жана мониторинг маалыматтарын толуктоонун жана жаңылоонун кыйла ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу.
4. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр болуп төмөнкүлөр саналат:
жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин ареалы - жер бетинде (аймакта же акваторияда) айрым таксондогу жапайы жаныбарлар (түр, түрчө жана башкалар) тараган жана өөрчүп жаткан аймак;
Кыргыз Республикасынын генетикалык фонду - Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык биологиялык түрлөр ээ болгон гендердин же генетикалык маалыматтын жыйындысы, ошондой эле Кыргыз Республикасында жашаган бардык биологиялык түрлөрдүн жыйындысы жана алардын айрым тукум куучулук уюткулары;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин кадастры - жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин географиялык аралышы, алардын саны жана пайдалануу, жашоо чөйрөсүнүн мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтардын жыйындысы, башка зарыл маалыматтар;
кадастр китептери - жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин географиялык таралышы, алардын саны жана пайдалануу, жашоо чөйрөсүнүн мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтардын жыйындысы, кадастрдын тиешелүү бөлүгүн түзгөн, аларды жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жүктөлгөн жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин айрым топтору боюнча башка зарыл маалыматтар;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин мониторинги - жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине, алардын таралышына, санына, ден соолук абалына, популяциялардын жыныстык-курактык түзүмүнө, ошондой эле алардын жашоо чөйрөсүнүн түзүмүнө, сапатына жана аянтына туруктуу байкоо жүргүзүү тутуму; жаныбарлар дүйнөсүнүн учурдагы абалын баалоо жана күтүлгөн өзгөрүүлөрдүн болжолу;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары - УИА) - илим, Кыргыз Республикасынын илимий-техникалык өнүгүшүнүн комплекстүү болжолу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуучу жогорку мамлекеттик илимий мекеме;
жооптуу мамлекеттик органдар - жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин белгилүү бир топтору боюнча эсепке алууну, кадастрын жана мониторингин жүргүзүү үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (мекемелер);
жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин эсепке алуу - жаратылыш чөйрөсүндөгү жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин түрдүк/түрчөлүк түрдүүлүгү, алардын саны жана географиялык таралышы жөнүндө маалымат алуу үчүн зарыл болгон, туруктуу жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси.
5. Эсепке алууну, кадастрды жана мониторингди жүргүзүү өз ара байланыштуу процесстер болуп саналат, алар туруктуу же мезгилдүү байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин түрдүк түрдүүлүгү, алардын саны жана географиялык таралышы, популяциялардын жана жашоо чөйрөсүнүн абалы, экономикалык баалуулугу жана чарбалык пайдалануу жөнүндө маалыматтарды жалпылоону, баалоону жана иретке келтирүүнү камтыйт.
6. Мамлекеттик эсебин алууну, кадастрды жана мониторингди жүргүзүү Кыргыз Республикасынын аймагында табигый шарттарда туруктуу же убактылуу жашаган, төмөнкүдөй топторго бириктирилген жапайы жаныбарлардын (жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин) түрлөрү/түрчөлөрү боюнча жүзөгө ашырылат:
- аңчылык объекттерине киргизилген жана башка максаттарда пайдаланылуучу жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери;
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери;
- балыкчылык объекттерине киргизилген жана өнөр жайлык, рекреациялык жана башка максаттарда пайдаланылуучу балыктар жана суу чөйрөсүнүн (ихтиофаунанын) жаныбарлар дүйнөсүнүн башка объекттери;
- курт-кумурскалар - токойдун зыянкечтери жана токой үчүн пайдалуу курт-кумурскалар;
- курт-кумурскалар - өсүмдүктөрдүн зыянкечтери (буга токойдун зыянкеч курт-кумурскалары кирбейт) жана айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн пайдалуу курт-кумурскалар;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери - өздөрүнүн жаратылыш-очок аймактарынын чектеринде өзгөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларды алып жүрүүчүлөр.
Бул тизмек, зарыл болгон учурда, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн башка топтору менен толукталышы мүмкүн, аларды курчап турган чөйрөнү коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган УИА менен бирдикте аныктайт.
7. Көрсөтүлгөн топтордун курамына кирген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери боюнча мамлекеттик эсепке алууну, кадастрды жана мониторингди жүргүзүү учурунда алынуучу маалымат басымдуу түрдө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объектисинин аталышын жана систематикалык статусун;
- географиялык таралышын;
- балыктар боюнча - санын; өнөр жайлык запастардын көлөмүн; жана аларды өзгөрүү тенденцияларын;
- популяциялардын биологиясын жана абалын;
- пайдаланууну.
8. Топторго кирген, мамлекеттик эсепке алуу, кадастр жана мониторинг жүргүзүлгөн жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин түрлөрү/түрчөлөрү УИА менен бирдикте, курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.
9. Мамлекеттик эсепке алууну, кадастрды жана мониторингди жүргүзүү төмөнкүдөй эки этапка бөлүнөт: негизги (баштапкы) жана учурдагы, эсепке алуучу, кадастрдык жана мониторингдик маалыматты үзгүлтүксүз түзүүнү жана жаңылоону камсыз кылуучу. Мамлекеттик эсепке алууну, кадастрды жана мониторингди жүргүзүүнүн негизги (баштапкы) этабын жүргүзүү учурунда жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери боюнча маалыматты алгачкы чогултуу, аларды эсепке алуу, сыпаттоо, каттоо жана алынган маалыматтарды кадастрга киргизүү жүзөгө ашырылат. Анын учурдагы этабында негизги этапты жүргүзгөндөн кийинки бардык андан аркы өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар иликтелет, катталат жана кадастрга киргизилет.
10. Мамлекеттик эсепке алууну жана мониторингди жүргүзүү боюнча маалыматтар курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда топтолот, ал алардын негизинде УИА менен бирдикте жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин кадастрын жүргүзөт. Зарылчылык болгон учурда, курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана УИА эсепке алуу жана мониторинг менен байланышкан, колдо болгон маалыматтарды акысыз өз ара алмашууну жүзөгө ашырат.
11. Курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаратылышты пайдалануучулар (өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын субъекттери, аңчылыкты пайдалануучулар, балык чарба ишинин субъекттери), башка юридикалык жана жеке жактар жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери жана алар жашаган чөйрө жөнүндө аларда болгон маалыматтарды алардын абалына баа берүү жана пайдалануу, эсепке алууну, кадастрды жана мониторингди жүргүзүү үчүн суратууга укуктуу.
12. Мамлекеттик эсепке алуунун жана мониторингдин, ошондой эле кадастрдык маалыматтар боюнча топтолгон маалыматтарды таламдаш тараптар үчүн (алардын суроо-талаптары боюнча) берүү белгиленген тартипте тиешелүү жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан (жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин тиешелүү топтору боюнча) жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик эсепке алууну, кадастрды жана мониторингди жүргүзүүнү координациялоону жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу субъекттер
13. Мамлекеттик эсепке алууну, кадастрды жана мониторингди жүргүзүүнү координациялоо жана жөнгө салуу курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин айрым топтору боюнча жооптуу деп белгиленген башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (мындан ары - жооптуу мамлекеттик органдар), анын ичинде төмөнкүлөргө жүктөлөт:
1) аңчылык объекттерине кирген жана башка максаттарда колдонулуучу жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери боюнча; курт-кумурскалар - токойдун зыянкечтери боюнча жана токой үчүн пайдалуу курт-кумурскалар боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери боюнча - Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына;
2) балыктар жана балыкчылык объекттерине кирген жана өнөр жайлык, рекреациялык жана башка максаттарда колдонулуучу суу чөйрөсүнүн (ихтиофаунанын) башка объекттери боюнча - илимий-балык чарба жана ихтиологиялык изилдөөлөрдү, балык запастарынын абалынын жана санынын мониторингин жана талдоосун жүзөгө ашыруу, аквамаданиятты жана балык уулоону өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) курт-кумурскалар боюнча - өсүмдүктөрдүн зыянкечтери (буга токойдун зыянкеч курт-кумурскалары кирбейт) жана айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн пайдалуу курт-кумурскалар боюнча - айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоо, өзгөчө коркунучтуу зыянкеч организмдердин пайда болушун жана таралышын четтетүү; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
4) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери боюнча - өзгөчө коркунучтуу инфекциялык ооруларды алып жүрүүчүлөр боюнча - жаратылыш-очок ооруларынын аймактарынын чектеринде - карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекцияларга эпидемиологиялык көзөмөлдү, алардын жаратылыш-очок зоналарынын мониторингин жүзөгө ашыруу, инфекцияларды козгогучтарды жана ташуучуларды илимий-практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемеге.
14. УИА жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мамлекеттик эсепке алууну, кадастрын жана мониторингин жүргүзүү менен байланышкан иш-чараларга түздөн-түз катышат жана илимий мамилени камсыз кылат, жооптуу мамлекеттик органдарга илимий консультациялык жана практикалык жардамды, анын ичинде айрым иштерди аткарууда келишимдер боюнча жардам көрсөтөт,
3. Эсепке алууну жана мониторингди жүргүзүү
15. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мамлекеттик эсепке алууну жана мониторингин жүргүзүү алардын ареалдарынын, жашаган аймактарынын жана жыштыгынын өзгөрүүлөрүн, санын, түрлөрдүн/түрчөлөрдүн биологиялык өзгөчөлүктөрүн, алардын популяциясынын жана жашоо чөйрөсүнүн абалын белгилөө, экологиялык тутумга жана биологиялык түрдүүлүккө терс таасирлердин алдын алуу жана аларды жоюу, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кайтарууну, кайрадан өндүрүүнү жана илимий жактан негизделген, балансташкан жана туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
16. Эсепке алуу жана мониторинг мамлекеттик, ведомстволук (өндүрүштүк) жана коомдук (көз карандысыз) түрлөргө бөлүнөт, мындан ары тиешелүү түрдө мамлекеттик, ведомстволук жана коомдук эсепке алуу жана мониторинг деп аталат.
17. Мамлекеттик эсепке алууга жана мониторингге белгиленген тартипте жооптуу мамлекеттик органдар, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын субъекттери, аңчылыкты пайдалануучулар жооптуу мамлекеттик органдардын буйруктарына (көрсөтмөлөрүнө, чечимдерине) ылайык, алар УИА менен биргеликте белгиленген мөөнөттөрдө, алар иштеп чыккан бирдиктүү нускама-методикалык материалдар (сунуштамалар) жана зарыл бланктык продукциянын формалары боюнча жыл сайын же мезгил-мезгили менен жүргүзүүчү тиешелүү иш-чаралар кирет.
18. Мамлекеттик эсепке алууга жана мониторингге карабастан, ведомстволук жана коомдук эсепке алуу жана мониторинг аларды жүргүзүп жаткан жактардын демилгеси боюнча, алардын расмий чечимдерине ылайык, бирдиктүү нускама-методикалык материалдарды колдонуу менен жана УИА менен макулдашылып жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилген бланктык продукциянын формалары менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Ведомстволук жана коомдук эсепке алууну жана мониторингди жүргүзүү үчүн башка нускама-методикалык материалдарды колдонгон учурда жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча отчеттордо алардын сыпаттамасы жана расмий басылмаларга шилтеме көрсөтүлөт.
Ведомстволук эсепке алууну жана мониторингди жооптуу мамлекеттик органдар жана башка министрликтер, ведомстволор, ӨКЖАнын субъекттери, аңчылыкты пайдалануучулар, балык чарба ишинин субъекттери ведомстволук, бекитип берилген же өз аймактарында (акваторияларында) мамлекеттик эсепке алууну жана мониторингди жүргүзүү мезгилдеринен тышкары учурда жүргүзөт.
Тиешелүү аймактарга таандыктыгына карабастан, УИАнын айрым атайын изилдөөлөрүнүн алкагында жүргүзүлүүчү эсепке алуучу жана мониторингдик иш-чаралар ведомстволук эсепке алууга жана мониторингге кирет.
Коомдук эсепке алууну жана мониторингди өкмөттүк эмес уюмдар, коомдук бирикмелер жана башка жактар өздөрүнө бекитип берилген же өз аймактарына жана мамлекеттик эсепке алууну жана мониторингди жүргүзүү мезгилдерине карабастан, тиешелүү аймактарды пайдалануучулар (менчик ээлери) менен макулдашуу боюнча жүргүзөт.
19. Мамлекеттик эсепке алууну жана мониторингди жүргүзүү боюнча бирдиктүү нускама-методикалык материалдарды жана зарыл бланктардын формаларын УИА менен бирдикте жооптуу мамлекеттик органдар иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекитет.
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин ведомстволук жана коомдук эсепке алуу жана мониторинги басымдуу түрдө ошол эле бирдиктүү нускама-методикалык материалдарды жана зарыл бланктардын формаларын пайдалануу менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
20. Мамлекеттик эсепке алуу жана мониторинг аларды жүргүзүүчү субъекттердин каражаттарынын эсебинен, анын ичинде тиешелүү календардык жылга жооптуу мамлекеттик органдар, УИА жана ӨКЖАнын субъекттери үчүн каралган бюджеттик каражаттардын жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануучулардын каражаттарынын чектеринде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик эсепке алуу жана мониторинг ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Ведомстволук жана коомдук эсепке алуу жана мониторинг демилгелеп жаткан тараптын каражаттарынын же болбосо ал тарткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
21. Мамлекеттик, ведомстволук жана коомдук эсепке алууну жана мониторингди жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча маалыматтарды алардын катышуучулары (тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнүн демилгечилери) жооптуу мамлекеттик органдарга алар белгилеген мөөнөттөрдө, бирок талаа жумуштарын жүргүзүү мөөнөттөрү аяктагандан кийин 3 айлык мезгилден кечиктирбестен акысыз негизде берет.
Мамлекеттик эсепке алуунун жана мониторингдин натыйжалары боюнча маалыматтарды берген субъекттер өзүнүн маалыматтарын тиешелүү жооптуу мамлекеттик органдарга берилген жана алар менен макулдашылган көрсөткүчтөрдүн деңгээлинде өз алдынча пайдаланууга укуктуу.
Ведомстволук жана коомдук эсепке алуунун жана мониторингдин субъекттери өз маалыматтарына өздөрү тиешелүү жооптуу мамлекеттик органдарга берген көрсөткүчтөрдүн деңгээлинде менчик укугун сактап калат. Берилген маалыматтардын кийинки өзгөртүүлөрү жана толуктоолору бул жөнүндө тиешелүү жооптуу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
22. Мамлекеттик, ведомстволук жана коомдук эсепке алууну жана мониторингди жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча, ошондой эле башка булактардан алынган маалыматтар, анын ичинде электрондук тутумдарды пайдалануу менен тиешелүү жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан иштетилет, иретке келтирилет жана топтолот. Кийин ушундай маалыматтар кадастрдык маалыматты толуктоо үчүн колдонулат.
23. Мамлекеттик, ведомстволук жана коомдук эсепке алууну жана мониторингди жүргүзүүнүн натыйжасында алынган ар түрдүү жана карама-каршылыктуу маалыматтар болгон учурда кадастрга же кадастрдык китептерге тигил же бул конкреттүү маалыматтарды киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу УИАнын жана тартылган эксперттердин катышуусу менен курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, башка жооптуу мамлекеттик органдардын комиссияларынын чечимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Кадастрды жүргүзүү
24. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин мамлекеттик кадастрын жүргүзүү (мындан ары - кадастрды жүргүзүү) анда ушул Тартиптин 6-пунктуна ылайык жапайы жаныбарлардын түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн топтору боюнча бөлүмдөрдүн болушун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
25. Мамлекеттик кадастр, мамлекеттик ошондой эле ведомстволук жана коомдук зарыл эсепке алуучу жана мониторингдик маалыматтарды, УИА жүргүзүүчү айрым атайын изилдөөлөрдү, ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин систематикалык статусу (түрлөрдүн/түрчөлөрдүн аталыштары), алардын биологиялык өзгөчөлүктөрү, географиялык таралышы, жашаган чөйрөсүнүн абалы, саны, экономикалык баалуулугу, пайдалануунун мүнөзү жана интенсивдүүлүгү жөнүндө башка булактардан алынган документтер менен ырасталган маалыматтарды, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана кайрадан өндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жана/же сунушталган иш-чараларды камтыйт.
26. Кадастрлардын жана кадастрдык китептердин формалары курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү жооптуу мамлекеттик органдар жана УИА менен бирдикте иштелип чыгат жана курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
27. Кадастрды жүргүзүү бүтүндөй алганда курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт. Мында жапайы жаныбарлардын түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн айрым топтору менен байланышкан кадастрдын бөлүмдөрүн жүргүзүү жапайы жаныбарлардын түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн тиешелүү топтору боюнча кадастрдык китептерди жүргүзүүчү тиешелүү жооптуу мамлекеттик органдарга жүктөлөт.
Жооптуу мамлекеттик органдардын ар бири кадастрдын тиешелүү бөлүмдөрүндөгү жана кадастрдык китептердеги кадастрдык маалыматты толук жана өз учурунда толуктоо үчүн жоопкерчилик тартат.
28. Кадастрлар жана кадастрдык китептер кагаз, ошондой эле электрондук форматтарда жүргүзүлөт, аларга жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери жөнүндө расмий маалыматтар келип түшүшүнө жараша дайыма киргизилип, толукталып же болбосо өзгөртүлүп турат. Жаратылыш ресурстарын кайтаруу, кайрадан өндүрүү жана пайдалануу чөйрөсүндөгү чечимдерди кабыл алуучу жактар үчүн, коомчулукка маалымдоо чогултулган маалыматтардын негизинде кадастрдын китеп басылмаларын жана кадастрдык китептерди даярдоо жана чыгаруу он жылда кеминде бир жолу жүзөгө ашырылат.
Кадастрдын китеп басылмаларын жана кадастрдык китептерди даярдоо жана чыгаруу боюнча ишти курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка жооптуу мамлекеттик органдар УИА менен бирдикте жүзөгө ашырат.
29. Кадастрды жана кадастрдык китептерди жүргүзүү, алардын китеп басылмаларын даярдоо жана чыгаруу аларды жүргүзүүчү субъекттердин каражаттарынын эсебинен, анын ичинде тиешелүү календардык жылга жооптуу мамлекеттик органдар жана УИА үчүн каралган бюджеттик каражаттардын чектеринде жүзөгө ашырылат. Кадастрды жана кадастрдык китептерди жүргүзүү, алардын китеп басылмаларын даярдоо жана чыгаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарын тартуу менен жүзөгө ашырылат.
30. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин кадастры жана кадастрдык китептери Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарынын кадастрынын тутумуна кирет. Ага ошондой эле Кыргызстандын Генетикалык фондунун кадастры кирет, ал курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган УИА менен биргеликте басылып чыгарылган Кыргыз Республикасынын биологиялык түрдүүлүгү, жандуу организмдеринин түрдүк курамы жана таралышы боюнча расмий маалымдамасы болуп саналат, ал жергиликтүү жана эл аралык жаратылышты коргоо долбоорлорунун катышуусу менен курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте КР УИА тарабынан чыгарылат.
31. Мыйзамдар тарабынан мамлекеттик сырларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин берилүүгө жана таратылууга тийиш болбогон башка маалыматка киргизилген маалыматтар кадастрга жана кадастрдык китептерге киргизилүүгө тийиш эмес.
32. Туунду маалыматты андан ары пайдалануунун максаттарына карабастан, аны түзүү үчүн кадастрдын жана кадастрдык китептердин маалыматтарын пайдалануу учурунда маалымат булагын сөзсүз көрсөтүү зарыл.
5. Эсепке алууну, кадастрды жана мониторингди жүргүзүүнү мамлекеттик контролдоо
33. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин эсепке алууну, кадастрын (кадастрдык китептерин) жана мониторингин жүргүзүүгө мамлекеттик контролду, юридикалык жана жеке жактар кадастрдык маалыматты пайдаланышынын тартибин жана шарттарын аныктоону (бүтүндөй алганда) курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жооптуу мамлекеттик органдар (жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин тиешелүү топтору боюнча), алардын түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү жүзөгө ашырат.