Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-сентябры № 425
Мал чарба комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 6-июлундагы № 1 жана 2 токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 124-б буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын 2017-жылдын 17-июлундагы № 02-05/1353 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл аймагынын № 1731 контурунда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна кирген 7,9 га кысыр аңыз жерлери мал чарба комплексин куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын жана алынбай калган пайданын суммасын төлөтүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |