Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 токтому менен бекитилген |
Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө типтүү жобо
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 508, 2004-жылдын 17-августундагы № 622, 2008-жылдын 27-августундагы № 377, 2012-жылдын 2-июнундагы № 355, 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511, 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 512, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-августундагы № 121 , 2022-жылдын 1-августундагы №425, 2023-жылдын 23-июнундагы № 312, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 628 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Типтүү жобо "Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын окуу, тарбия, методикалык иштеринин жана өндүрүштүк иш-аракеттеринин тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары болуп республиканын бардык жарандарына алардын кызыкчылыктарына жана жөндөмдөрүнө, ошондой эле мамлекеттин муктаждыгына ылайык адистиктерди жана квалификацияларды алуу үчүн бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуучу окуу жайлар эсептелет.

2. Негизги баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларына төмөнкүлөр кирет:
- кесиптик окуу жай, анда өз алдынча эмгек ишмердиги үчүн жетиштүү болгон квалификация алууну камсыз кылуучу баштапкы кесиптик билим берүү программалары жүзөгө ашырылат;
- кесиптик лицей, анда орто жалпы билимдин базасында квалификациясы жогорку деңгээлдеги кесипти алууну камсыз кылуучу баштапкы кесиптик билим берүү программалары жүзөгө ашырылат же болбосо окутуу орто жалпы жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн бирдиктүү интеграцияланган программалары менен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлары өз иштерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Билим берүү жөнүндө", "Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Типтүү жобонун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынын негизинде жүргүзөт.
4. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлары өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жана өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталыштары түшүрүлгөн мөөрү, өз алдынча балансы, жүгүртмө каражаттары болот.
5. Баштапкы кесиптик билим берүүнүн белгилүү бир кесиптери боюнча даярдоо укугуна мамлекеттик аккредитация жөнүндөгү күбөлүк баштапкы кесиптик билим берүүнүн окуу жайларынын иштөөсү үчүн негиз болуп эсептелет. Ар бир жаңы ачылуучу кесиптер (адистиктер) боюнча даярдоо программасына аккредитациялык корутунду болушу керек. Окуу жайлар ар бир беш жылда аккредитациядан өтүүгө милдеттүү. Аккредитациядан өткөн окуу жайлар бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык редакциясына ылайык)
6. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын иш-аракеттери, иш-милдеттери, башка уюмдар, мекемелер жана ишканалар менен өз ара мамилелери, финансы-чарбалык иштеринин өзгөчөлүктөрү билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү Устав менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы № 377, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык редакциясына ылайык)
II. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын милдеттери
7. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- экономикадагы структуралык кайра түзүүлөргө, эмгек рыногундагы өзгөртүүлөргө, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, жергиликтүү башкаруу органдарынын кадрларга болгон керектөөлөрүнө ылайык квалификациялуу жумушчуларды, кызматчыларды жана ишкерлерди даярдоо;
- кесиптик баштапкы билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын жүзөгө ашыруу;
- социалдык планда начар корголгон топтордун өкүлдөрүнө: жетимдерге, майыптарга, көп балалуу жана жакыр үй-бүлөлөрдүн адамдарына, качкындарга, жумушсуздарга билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
- тигил же бул кесипке даярдоо боюнча талаптарга ылайык кесиптик окутууну уюштуруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү;
- окуу-өндүрүштүк устаканалардын жана окуу жайлардын окуу чарбаларынын базасында туруктуу жана кошумча убактылуу жумуш орундарын түзүү;
- жаңы технологияларды, педагогикалык илимдин жана алдыңкы тажрыйбалардын жетишкендиктерин киргизүүнүн эсебинен жумушчуларды даярдоо сапатын жакшыртуу;
- окутуунун техникалык каражаттарын кошкондо, кесиптик билим берүүнү окуу жана методикалык камсыздоону дайыма толуктоо жана жаңыртуу.
III. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуу жана тарбия иштерин уюштуруу
8. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларда окуучуларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Баштапкы кесиптик билим берүүнүн кесиптери менен адистиктеринин тизмесине ылайык жүргүзүлөт. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлар жаңы кесиптер (адистиктер), анын ичинде ушул кесиптер (адистиктер) боюнча аккредитациядан өткөн шарттарда окуу жайы үчүн профилдүү эмес кесиптер боюнча окутууну уюштурууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 628 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Кесиптер боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу үчүн баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлары билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн типтүү окуу планын камтыган окуу-пландаштыруу документациясынын комплектине, ошондой эле сабактар боюнча программалардын комплектине ээ болууга тийиш. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлары өз иш-аракеттеринин өзгөчөлүгүнө жараша учурдагы окуу жылына жумушчу окуу планын жана зарыл болгон окуу программаларын иштеп чыгат, аны билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустук (шаардык) методикалык органы бекитет.

10. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларында даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу күндүзгү формада жүргүзүлөт, окутуунун күндүзгү-сырттан (кечки) окутуу формасына, ошондой эле экстернат формасына да жол берилет.
11. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларында окуу жылы 1-сентябрда башталып, 30-июнда аяктайт. Окуучуларды окуу учурунда окуу процессине байланышпаган жумуштарга тартууга тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-августундагы № 121, 2022-жылдын 1-августундагы №425 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Окуу мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:
- кесиптик окуу жайларда: орто жалпы билимдин базасында 1 жылдан 2 жылга чейин жана негизги билимдин базасында 2 жылга чейин;
- кесиптик лицейлерде: орто жалпы билимдин базасында 1 жылдан 2 жылга чейин жана негизги билимдин базасында 2-3 жылдан кем эмес;
- контракттык негизде жана иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жолдомосу боюнча окуган группалар үчүн окутуу мөөнөттөрү, ошондой эле окутуу мезгилинин башталышы жана аякташы, келишимдик негизде группалардын топтолушуна жараша белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 628 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларда окутуунун негизги тилдери болуп мамлекеттик жана расмий тилдер эсептелет, ошону менен бирге окутуу башка тилдерде дагы жүргүзүлүшү мүмкүн. Баштапкы кесиптик билим берүү системасы окуучуларга окутуу тилин өздөрү тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. Бардык окуу жайларда кыргыз, орус жана чет тилдердин бирин окуу милдеттүү болуп эсептелет жана билим берүү стандарттары менен жөнгө салынат.
14. Күндүзгү окуган окуу группаларынын топтолушу 25 адамдан кем эмес болушу керек. Чет тилдерин, орус тилин окууда окутуу кыргыз (өзбек) тилинде жүргүзүлгөн жана кыргыз (өзбек) тилин окууда окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн группалар эки чакан группага бөлүнөт. Дене тарбия сабагы группада 8ден кем эмес бир жыныстагы окуучу болсо, анда кыздар жана эркек балдар үчүн сабак өзүнчө өткөрүлөт.
15. Бюджеттен сырткаркы каражаттардын эсебинен каржыланган группалардын топтолушу келишимдердин негизинде аныкталат.
16. Минимум иш көлөмүнө, теориялык жана өндүрүштүк окутуунун катышына, практиканын, экзамендик сессиянын, каникулдардын узактыгына, окуу жылынын аяктоо жана экзамендерди өткөрүү тартибине талаптар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарына ылайык билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

17. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларда окутуу квалификациялык экзамендер менен аяктайт, аны өткөрүү үчүн БКББнын өкүлүнөн (комиссиянын төрагасы), мугалимдерден, өндүрүштүк окутуунун устаттарынан, ошондой эле жумуш берүүчүлөрдөн турган экзамендик комиссия түзүлөт. Зарыл учурларда комиссиянын курамына кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү киргизилет.
18. Баштапкы кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн адамдарга билим берүүнүн тиешелүү дэңгээли жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ берилет.
19. Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасын өздөштүргөн адамдарга квалификациялык сертификат берилет. Окуунун жыйынтыгы боюнча кесиптик циклдын сабактарынан теориялык мыкты билимге ээ болгон, квалификациялык экзаменин эң жакшы деген баага тапшырган жана жогорулатылган разряд алган окуучуларга артыкчылыктуу квалификациялык сертификат берилет.
20. Орто жалпы жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программаларын өздөштүргөн адамдарга да орто жалпы билими жөнүндө аттестат берилет.

21. Квалификациялык сертификат ошондой эле окуучулар жөндүү себептер менен толук курсту аяктабаган, бирок бир жылдан кем эмес окуп биринчи баскычтын программасын өздөштүргөн учурда дагы берилет. Башка учурларда окуганы жөнүндө маалымкат берилет.
Кыска мөөнөттүү кесиптик даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун программаларын өздөштүргөн адамдарга сертификат берилет.
22. Атайын уюмдар жана ведомстволор көзөмөлгө алган объекттердеги иштер менен байланышкан кесиптер боюнча билим берүү программаларын өздөштүргөн адамдарга объекттердеги же транспорт каражаттарындагы ишке уруксат берүү үчүн күбөлүк берилет. Күбөлүк квалификациялык сертификат менен бирге же өзүнчө берилиши мүмкүн.
23. Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары баскыч боюнча түзүлүшү мүмкүн. Ар бир баскычты бүткөндө бүтүрүү экзамени каралышы керек, аны тапшыруу менен окуучу окуу учурунда жетишкен квалификациясын алат. Окуу жайын мөөнөтүнөн мурда бүтүргөн учурда мамлекеттик үлгүдөгү документ алууга укуктуу. Мамлекеттик үлгүдөгү документ окуучу кечиримдүү себеп менен окутуунун толук курсун бүтпөй, бирок бир жылдан кем эмес окуп, биринчи баскычтын окуу программасын өздөштүргөндө да берилет. Тескерисинче болгон учурда окугандыгы жөнүндө маалымкат берилет.
24. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлары окуп жаткан жаштарга адеп-ахлактык, эстетикалык, укуктук, дене тарбия жагынан, аскердик-патриоттук тарбия берүү чөйрөсүндөгү иштерди өркүндөтүү иштерин уюштурат, укук коргоо органдары менен бирдикте окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу жана саламаттык сактоо органдары менен бирдикте окуучулардын сергек жашоо образын камсыздоо боюнча иш жүргүзөт.
25. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларда окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, бош убактыларын өткөрүүнү уюштуруу максатында кызыкчылыктары боюнча клубдар, спорттук секциялар, факультативдер, ийримдер ж. б. уюштурулат.
26. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлар ченемдик документтерге ылайык улуу курактагыларды, ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жолдомосу боюнча жумушсуз жарандарды эмгек рыногу талап кылган кесиптер боюнча окутууну уюштурат.
27. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлары баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын иштерин өркүндөтүүгө багытталган эл аралык долбоорлорду жүзөгө ашырууга катышат.
Кесиптик лицейлер
28. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
29. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
30. Кесиптик лицейде жогорулатылган кесиптик даярдоо төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыз кылынат:
- ыйгарылуучу разряд, класс, категориялардын жогорку деңгээли;
- жалпы билим берүү жана теориялык даярдоонун көлөмүн кеңейтүү;
- ишкерликти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнеске окутууга багытталган сабактарды киргизүү;
- окутуунун активдүү ыкамаларын жана формаларын киргизүү, сабак берүүнүн чет өлкөлүк технологияларын колдонуу.
31. Кесиптик лицейде орто жалпы жана баштапкы кесиптик интеграцияланган программасын өздөштүргөн окуучуларга орто жалпы билим жөнүндө аттестат берилет.

32. Жалпы орто билим берүү курсу үчүн жалпы билим берүүчү программаларды эң жакшыга (бардык жыйынтыктоо баалары үч жыл бою бардык жалпы билим берүүчү сабактар боюнча жалаң "5" болушу керек) өздөштүргөн жана бүтүрүү экзамендерин "эң жакшы" тапшырган окуучуларга билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инструктивтүү документтерине ылайык артыкчылыгы менен аттестат берилет.

IV. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын өндүрүштүк иштерин уюштуруу
33. Өндүрүштүк иштерди өркүндөтүү жана кеңейтүү, материалдык-техникалык базаны натыйжалуу пайдалануу максатында баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлары:
- өндүрүш көлөмүн, буюмдардын ассортиментин жана номенклатурасын, акы төлөнүүчү кызматтардын түрлөрүн кеңейтүүнү камсыздайт;
- өндүрүштүк иштердин болжол-пландарын аткарууну камсыз кылат;
- жаңы окуу-өндүрүштүк устаканаларды, участкаларды, жумуш орундарын түзүү жана мурункуларын кеңейтүү жолу менен окуу-өндүрүштүк аянттарды сарамжалдуу пайдаланууну уюштурат;
- материалдарды, чийки заттарды, курулмаларды курууда комплекттөөчү материалдарды сатып алууга көмөктөшүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айыл чарба секторлорунун жетекчилери менен байланыш түзөт;
- материалдык-техникалык базаны жаңыртуу жана толуктоо иштерин жүргүзөт;
- чыгарылып жаткан буюмдардын сапатын жогорулатат;
- айыл чарба техникаларынын, транспорт каражаттарынын жана жабдуулардын сакталышын камсыздайт;
- эскирген каражаттарды эсептен чыгарууну жүргүзөт.
V. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардагы методикалык иштерди уюштуруу
34. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын инженердик-педагогикалык кызматкерлерине методикалык жардам көрсөтүү, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында төмөнкү иш-аракеттерди жүргүзөт:
- методикалык иштин бардык формаларын уюштурат: методикалык (предметтик) комиссиялар, семинар-практикумдар, алдыңкы тажрыйба мектептери, педагогикалык окуулар, ошондой эле инженердик-педагогикалык кызматкерлер менен жекече методикалык иштер;
- мугалимдерге жана өндүрүштүк окуунун устаттарына окуучуларды окутуу жана тарбиялоонун сапатын жакшыртууда, окуу-тарбия процессин өркүндөтүүдө, инженердик-педагогикалык кызматкерлердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатууда жана педагогикалык чыгармачылыгын өнүктүрүүдө методикалык жардам көрсөтөт;
- окуу жайдын окуу-тарбия жана методикалык иштеринин абалын изилдейт, окуучулардын билиминин, ыкмаларынын жана көндүмдөрүнүн сапатына, текшерүү жана контролдук иштеринин, экзамендердин жыйынтыгына талдоо жүргүзөт жана инженердик-педагогикалык кызматкерлерге окутуунун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууда, окуучуларды тарбиялоодо, педагогикалык ишти илимий уюштурууда жардам көрсөтөт;
- окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин иш практикасына окуучуларды окутууда жана тарбиялоодо натыйжалуу формаларды жана ыкмаларды, көрсөтмө куралдарды жана окутуунун учурдагы техникалык каражаттарын колдонуу боюнча алдыңкы ыкманы изилдейт, жалпылайт жана жардам берет;
- сабактарды жана кесиптерди комплекстүү методикалык камсыздоо, окуу кабинеттерди, устаканаларды, лабораторияларды жабдууну өркүндөтүү, ошондой эле методикалык материалдарды, көрсөтмө куралдарды, методикалык иштеп чыгууларды иштеп чыгуу боюнча иштерди уюштурат;
- окуу иш-пландарын жана программаларын, анын ичинде иш менен камсыздоо кызматтары жиберген жумушсуздар үчүн, ошондой эле Кесиптердин тизмесине киргизилбеген кесиптер боюнча тажрыйбалык окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгышат.
VI. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучулары
35. Окуучуларды топтоо жоопкерчилиги баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайдын директоруна жүктөлөт.
36. Окуучуларды баштапкы кесиптик билим берүүгө окуу жайларга кабыл алуу абитуриенттердин жеке арыздарынын жана мектептин тиешелүү баскычын бүтүргөндүгү жөнүндөгү документтеринин негизинде директордун буйругу менен жүргүзүлөт.
37. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларга тапшырган абитуриенттер тандаган кесиби боюнча иштөө үчүн ден соолугунун жарактуулугун аныктаган медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
38. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучулары белгиленген тартипте стипендия жана жатакана менен камсыз болушат, ал эми 2-3 жыл окуган окуучулар баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлар үчүн аныкталган нормативдер боюнча тамак-аш менен камсыздалат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 512, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 628 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
39. Өндүрүштүк практика учурунда окуучуларга тапкан эмгек акысынын 50%тен кем эмес суммасы берилет. Калган каражат баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайдын тескөөсүндө калтырылат.
40. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучулары сабактарга катышууга, үйрөнүп жаткан адистиги боюнча билимге жана өндүрүштүк ыкмаларга тырышчаактык жана кунт коюп ээ болууга, тартиптүү болууга, жүрүм-турум эрежелерин жана техникалык коопсуздукту сактоого, жетекчилеринин, устаттардын жана мугалимдердин талаптарын аткарууга, ишканада активдүү өндүрүшчүлөрдөн болууга милдеттүү.
41. Окуучуларды сабактан калтырып мөөнөтүнөн ашыкча жумуштарды аткарууга тартууга жана окуу жылы ичинде башка бөлүмдөргө которууга тыюу салынат. Өзгөчө зарыл учурларда окуучуларды республиканын чегиндеги башка окуу жайларга которуу билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы № 377, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
42. Жөнсүз себептер менен системалуу түрдө окуу сабактарын калтырган, адистик алгысы келбеген, ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайдын ички тартип эрежелерин бузган окуучулар, аларга карата бардык коомдук жана тартиптик чаралар колдонулгандан кийин, педагогикалык кеңештин чечими боюнча баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайдан чыгарылат.
VII. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын жетекчилиги
43. Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайынын ишине жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана ээлеген кызмат ордунан бошотулуучу директор жүзөгө ашырат.

44. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайдын директору бардык категориядагы окуучуларды сапаттуу даярдоонун, кайра даярдоонун сапатына, материалдык-техникалык базанын сакталышына жана толукталышына мамлекеттик каражаттарды максаттуу чыгымдоого толук жооп берет, инженердик-педагогикалык жамааттын иши үчүн оптималдуу шарттарды түзөт, кеминде 5 (беш) жылда бир жолу инженердик-педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат.
45. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын башкы бухгалтерлерин билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызматка дайындайт жана бошотот.

46. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
47. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларында окуу-тарбиялык жана өндүрүштүк процессти уюштурууга талаптарды аткарууну камсыз кылуу, инженердик-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу максатында педагогикалык кеңештер иштейт, ошондой эле методикалык комиссиялар, камкордук кеңештери уюштурулат, алардын иш тартиби тиешелүү ченемдик документтер менен аныкталат.

47-1. Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайынын жетекчилери жана педагогикалык кызматкерлери аттестациялоодон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте өтүшөт.

VIII. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларды каржылоо
48. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларды каржылоонун негизги булагы болуп республикалык жана жергиликтүү бюджеттер эсептелет.
49. Каржылоонун кошумча булактары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- юридикалык жана жеке жактардын каражаттары;
- кошумча билим берүү кызматтарынан, консультациялардан, басылмалардан, ошондой эле илим-изилдөө иштеринен ж.б. алынган каражаттар ;
- ишканалар , ассоциациялар, фонддор, жеке адамдар жана башка демөөрчүлөр тарабынан бекер берилген каражаттар;
- ссудалар жана гранттар;
- контракт (контракттык жана сырттан окутуу) боюнча төлөмдөр;
- иш менен камсыз кылуу кызматынын жолдомосу боюнча жумушсуз жарандарды окутуу акылары;
- кошумча окутууга жана экинчи жана үчүнчү кесиптерге окутууга акылар;
- башка мыйзамдуу каражаттар.
50. Окутуу акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып, ар бир окуу жылына окуу жайдын жетекчиси тарабынан бекитилген чыгаша сметасы менен аныкталат.
Окутуунун сметалык наркына окуу, тарбия жана илимий процесстерди жүргүзүүгө жана маалыматтык камсыздоого, окуу жайды күнүмдүк кармап турууга, эмгек акы төлөөгө каражат түзүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана кызматкерлерди материалдык сыйлоого, окуучуларга социалдык колдоо көрсөтүүгө сарптоолор камтылышы керек.
Пайда окутуунун наркыла кирбейт.
51. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлары материалдык, эмгек жана финансы ресурстарын үнөмдүү жана максаттуу пайдаланууну, эмгек акы төлөө, кызматкерлерди материалдык сыйлоо жоболорун жана шарттарын туура колдонууну, мамлекеттик менчиктин сакталышын камсыздайт. Жумушчу кадрларды жана эр жеткен калкты кабыл алуу жана бүтүрүп чыгаруу боюнча болжолдоо планын, окуу жайды кармоого чыгаша сметасын аткарышат, бухгалтердик жана статистикалык отчетторду түзүп жана өз убагында тапшырышат.
IX. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу тартиби
52. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарын кайра уюштуруу жана жоюу тартиби "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын уюштуруучусу болуп билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-августундагы № 377, 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
53. Баштапкы кесиптик билим берүүчү мамлекеттик эмес окуу жайлары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, "Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башка ченемдик-укуктук актылары менен белгиленген тартипте түзүлөт, кайра уюштурулат жана жоюлат.
Баштапкы кесиптик билим берүүчү мамлекеттик эмес окуу жайлардын уюштуруучулары юридикалык жана же болбосо жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр болушу мүмкүн.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ