Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 20-марты № 61
2014-жылдын 26-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2014-жылдын 26-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги германиялык тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан ушул макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |