ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 195 «2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (жалпы элдик добуш берүүнүн) участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция08.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2016-жылдын 8-ноябры № 195

 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (жалпы элдик добуш берүүнүн) участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20, 21-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүү үчүн көрнөктүн жана календардын тексттери 1, 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрү бул токтомду участкалык шайлоо комиссияларына жеткирсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова