ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 5-сентябрындагы № 413 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичти каттоо жөнүндө» токтому

Редакция05.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 5-сентябры № 413

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичти каттоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык, шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастаган документинин, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификаттын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-сентябрындагы Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 4-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө" Протоколун бекитүү тууралуу" № 71 чечиминин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечиминин негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталсын.

2. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгү берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова