Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 418 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Темир Аргембаевич Сариевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 418
Кабыл алынган
2017-жылдын 7-сентябры
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 100 · 2017-жылдын 8-сентябры
Реестрде
2017-жылдын 25-сентябры

Реестрде

Минюст коду
12379

Минюсттун расмий барагы

Редакция07.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 7-сентябры № 418

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Темир Аргембаевич Сариевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

2017-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариевден өзүнүн шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 8-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Алиев Болот Нажимидиновичтин жана Момунбеков Станбек Джылдызовичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. № 334 жана № 335 каттоо күбөлүктөрү ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.