Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 9-сентябрындагы № 432 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 432
Кабыл алынган
2017-жылдын 9-сентябры
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 102 · 2017-жылдын 15-сентябры
Реестрде
2017-жылдын 25-сентябры

Реестрде

Минюст коду
12392

Минюсттун расмий барагы

Редакция09.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 9-сентябры № 432

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

2017-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Малиевден өзүнүн шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 8-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Малиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Айдосов Айболот Абдурахмановичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Айдосов Айболот Абдурахмановичке № 289 берилген каттоо ырастама ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.