ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-сентябрындагы № 440 «Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы № 2277 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө» токтому

Редакция11.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 11-сентябры № 440

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы № 2277 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын № 2277 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы № 2277 шайлоо участкасынын дареги, Маданият үйү имаратынан Т.Жоробаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова