Редакцияот 19.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 19-июну № 167

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгүнүн, талапкердин өкүлүнүн күбөлүгүнүн, талапкердин ишенимдүү адамынын күбөлүгүнүн жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо ырастамасынын формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгүнүн, талапкердин өкүлүнүн күбөлүгүнүн, талапкердин ишенимдүү адамынын күбөлүгүнүн жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо ырастамасынын формасы жана үлгүлөрү бекитилсин (1-5 тиркеме).

2. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова