Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июну № 172
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешинин, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин, Ысык-Көл районунун Кара-Ой, Бостери айылдык кеңештеринин, Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу, Орок жаңыдан шайланган айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош; Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Ысык-Көл районунун Кара-Ой, Бостери; Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу, Орок айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 7-июлуна дайындалып, Жоош, Кызыл-Суу, Кара-Ой, Орок айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо саат 09.00дөн 12.00гө чейин, Бостери, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо саат 15.00дөн 18.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|