Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 2003-жылдын 28-июну № 121
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 92-1-статья менен толукталсын:
"92-1-статья. Жашы жетпегендерге спирт ичимдиктерин сатуу
Жашы жетпегендерге спирт ичимдиктерин сатуу, -
эң аз айлык акынын беш өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде экинчи жолу кайталанганда, -
эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 214-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"214-статья. Иш жүргүзүүнүн тартибин, курулуш жана архитектура боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарын, лицензияны бузуу менен автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, жол курулмаларын куруу, ремонттоо жана реконструкциялоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу
Жолдорду, көчөлөрдү жана жол курулмаларын лицензиясыз (уруксаты
жок) куруу, ремонттоо жана реконструкциялоо боюнча жумуштарды жүзөгө ашыруу, -
жумушту андан ары улантууну токтотуу менен аткарылган иштин ондон жыйырмага чейинки пайызынын көлөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Жолдорду, көчөлөрдү жана жол курулмаларын куруу, ремонттоо, реконструкциялоо боюнча лицензиянын шарттарын бузуу, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын ондон он бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Жолдорду, көчөлөрдү жана жол курулмаларын куруу, ремонттоо жана реконструкциялоо боюнча ишти тиешелүү долбоорсуз, курулуш жана архитектура боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу менен жүргүзүү, ошондой эле машина жүрө турган бөлүгүндө ордерсиз өз бетинче иш жасоо, ошого тете болгон курулуш иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин сактабоо, -
жарандарга ишти токтотуу менен эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - ишти токтотуу менен эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 216-статьянын аталышы жана биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"216-статья. Жолдорду, көчөлөрдү, темир жолдон өтүүчү жерлерди жана башка жол курулмаларын бузуу
Жолдорду, көчөлөрдү, темир жолдон өтүүчү жерлерди жана башка жол курулмаларын бузуу, -
кийин аларды күнөөлүү адамдардын эсебинен баштагы калыбына келтирүү менен жарандарга эң аз айлык акынын экиден бешке чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 217, 218, 219-статьялар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"217-статья. Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкени коргоо эрежелерин бузуу
Участкаларды айдоо, чөбүн чабуу, тигилген бак-дарактарды кыюу жана залал келтирүү, чым казып алуу жана топурак алуу, чоң жолго кошулуучу жол тармактары өткөн жерге, канализациялык, өнөр жайлык, мелиоративдик жана саркынды сууларды буруп туруучу суу курулмаларга жана автомобиль жолдорун буруу тилкесиндеги резервдерге өз алдынча курулуш куруу жана ажыратуучу тилкени бузуу, жолдордо жана көчөлөрдө тоскоолдуктарды түзүү, тиешелүү органдын макулдугусуз жол боюндагы тилкеге соода түйүндөрүн, тамактануучу жана кызмат көрсөтүү жайларын куруу жана уюштуруу, -
жарандарга эң аз айлык акынын бирден экиге чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - экиден бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
218-статья. Жерди пайдалануучулардын автомобиль жолдорун, көчөлөрдү жана жол курулмаларын сактоо эрежелерин бузуусу
Жерди пайдалануучуларга бекитилип берилген участкалардагы автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкелерге, көчөлөргө жакын жайгашкан жерлердеги жөө адамдар жүрүүчү жолдорду жана өтүүчү чакан көпүрөлөрдү оң абалында кармап туруу, ремонттоо жана үзгүлтүксүз тазалап туруу, электр жарыгын берүүчү линиялардын жана башка жол курулмаларынын бузулбай иштешине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттер, ошондой эле бекитилип берилген участкаларды же чоң жолго кошулуучу автомобиль жолдорун, асма көпүрөлөрдү кошо алганда, көчөлөргө кирүүчү жолдорду техникалык жактан оң абалда жана таза кармоо боюнча милдеттер аткарылбаганда, -
жарандарга эң аз айлык акынын экиден үчкө чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - үчтөн бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
219-статья. Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жолдон өтүүчү жерлерди жана башка жол курулмаларын күтүүнүн эрежесин бузуу
Жолдорду, көчөлөрдү, темир жолдон өтүүчү жерлерди жана башка жол курулмаларын жүрүүгө коопсуз болгон абалда күтүүнүн эрежелерин бузуу же аны пайдалануу жол жүрүүнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган жолдун айрым участкаларындагы кыймылга өз учурунда тыюу салууга же чек коюуга карата чара көрбөө, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 224-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"224-статья. Айдоочулардын тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган же белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражаттарын айдоосу
Айдоочулардын тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган же белгиленген тартипте катталбаган же үн чыгаргыч, жарык белгилери менен уруксатсыз жабдылган транспорт каражаттарын айдоосу, -
эң аз айлык акынын бирден үчкө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
6. 226-статьянын экинчи абзацы "адамдарына" деген сөздөн кийин "эскертүү же" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 227-статьянын экинчи абзацы "эң аз" деген сөздөрдүн алдына "эскертүү же" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 228-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"228-статья. Жарык чагылдыргычы жок, анын ичинде унаа транспортун, жүк ташуучу автомобилдердин, чиркегичтердин (жеңил автомобилдердин жана мотоциклдердин чиркегичтеринен башкасы) жана автобустардын (өтө чаканынан башкасы) кузовдорунун арткы боорундагы мамлекетке таандык кайталанма окшош белгилери жок транспорт каражаттарын айдоо, же өз бетинче алып салган же мамлекеттик жалган номер белгиси тагылган транспорт каражаттарын айдоо
Жүк ташуучу автомобилдердин, чиркегичтердин (жеңил автомобилдердин жана мотоциклдердин чиркегичтеринен башкасы) жана автобустардын (өтө чаканынан башкасы) кузовдорунун арткы бооруна мамлекеттик кайталанма окшош номер белгиси жок, жарык чагылдыргычы, мамлекетке таандык белгилери бар транспорт каражаттарын айдоо, -
эң аз айлык акынын бирден экиге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Мамлекеттик номер белгисин өз бетинче алып салган транспорт каражаттарын айдоо, -
эң аз айлык акынын экиден үчкө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Мамлекеттик жалган номер белгиси тагылган транспорт каражатын айдоо, -
эң аз айлык акынын үчтөн бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Жарык чагылдыргычы жок унаа чегилген арабаны айдоо, -
эң аз айлык акынын 0,1ден 0,5ке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
9. 230-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"230-статья. Адамдарды ташуунун эрежелерин бузуу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун жүрүшүнө тыюу салынган автомобиль жолдорунда айдоочулардын жүргүнчүлөрдү автобус же микроавтобус менен ташуусу
Транспорт каражаттарын айдоочулардын адамдарды ташуу эрежелерин бузуусу, -
эң аз айлык акынын 0,5тен бирге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун жүрүшүнө тыюу салынган автомобиль жолдорунда автобустар менен микроавтобустардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү ташыса, ошого тете болгон жүрүү каттамдарынын тиешелүү орган менен макулдашылбаган схемасы жок мындай транспорт каражаттарын иштетсе, -
эң аз айлык акынын үчтөн бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салынышына же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет.".
10. 231-статьянын аталышы жана биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"231-статья. Транспорт каражаттарынын жол жүрүү эрежелерин бузушу же жол кыймылына тоскоолдук кылышы
Транспорт каражаттарынын жол жүрүү эрежелерин бузушу же жол кыймылына тоскоолдук кылышы, ошого тете болгон жаркырак маякчылары жана атайын үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын даярдалган автомобилдер менен мотоциклдердин тоскоолдуктарсыз жүрүшүн камсыз кылбаса, -
эң аз айлык акынын 0,5тен бирге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
11. 232-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"232-статья. Транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун, озуп кетүүнүн, маневр жасоо эрежелерин бузуу, ошондой эле транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашып кетиши
Транспорт каражаттарынын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун, озуп кетүүнүн, маневр жасоо эрежелерин бузушу, -
эң аз айлык акынын 0,3төн 0,5ке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Транспорт каражаттарынын айдоочулары кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20 км/сааттан да көбүрөөк ашса, -
эң аз айлык акынын 0,5тен бирге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Транспорт каражаттарынын айдоочулары кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан да көбүрөөк ашса, -
эң аз айлык акынын бирден экиге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
12. 233-статьяда:
биринчи бөлүктүн экинчи абзацы "эң аз" деген сөздөрдүн алдына "эскертүү же" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи бөлүк алып салынсын.
13. 237-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"237-статья. Транспорт каражаттарынын жолдун чети, тротуар, жөө адамдар жүрүүчү тар жолдор менен жүрүшү, транспорт каражаттарын айдоочулардын жөө адамдар өтүүчү жерлерден өтүү эрежелерин, токтоо, аялдамалоо, көчөлөрдүн кесилишинен өтүү эрежелерин бузуусу
Транспорт каражаттарынын жолдун чети, тротуар, жөө адамдар жүрүүчү жолдор менен, газондорду аралап жүрүшү, ошондой эле транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жөө адамдар өчүүчү жерлерден өтүү, көчөлөрдүн кесилишинен өтүү, токтоо жана аялдамалоо эрежелерин бузуусу, -
эскертүү же эң аз айлык акынын 0,3төн 0,5ке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
14. 241-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"241-статья. Транспорт каражаттарын айдоочулардын жана жол кыймылынын дагы башка катышуучуларынын авариялык кырдаалды түзүүсү
Транспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан авариялык кырдаалдын түзүлүшү, -
эң аз айлык акынын экиден бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга же алты айлык мөөнөткө транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет.
Жол кыймылынын башка катышуучулары (ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган учурдан тышкары жөө жүрүүчүлөр, велосипедчендер, арабакечтер ж.б.) тарабынан авариялык кырдаалдын түзүлүшү, -
эң аз айлык акынын 0,5тен бирге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
15. 242-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"242-статья. Транспорт каражаттарын айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуп, транспорт каражаттарын же дагы башка мүлктү материалдык зыянга учуратып, ошондой эле жабырлануучунун ден соолугуна жеңил залал келтириши
Транспорт каражаттарын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежесин бузуп, транспорт каражаттарын же дагы башка мүлктү материалдык зыянга учуратуусу, -
кийин транспорт каражаттарынын материалдык зыянын же ошондой эле өлчөмдөгү залал келтирилген дагы башка мүлктү калыбына келтирүү менен, эң аз айлык акынын экиден үчкө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Транспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежесин бузуудан жабырлануучунун ден соолугуна жеңил залал келтириши, -
эң аз айлык акынын үчтөн бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салынышына же кийин жабырлануучунун ден соолугун калыбына келтирүүгө кеткен материалдык чыгымдарынын ордун толтуруу менен үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет.
Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жашы жетпегендер тарабынан жасалганда, -
эң аз айлык акынын бирден үчкө чейинки өлчөмүндө ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга администрациялык айып салууга алып келет.".
16. 247-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"247-статья. Жол кыймылынын эрежелеринин анын катышуучулары тарабынын бузулушу (механикалык транспорт каражаттарын айдоочулардан башкасы)
Жөө адамдар жана транспорт каражаттарынын жүргүнчүлөрү тарабынан Жол кыймылынын эрежелеринин бузулушу, -
эң аз айлык акынын 0,1ден 0,3кө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Мопед айдагандар, велосипедчендер, болбосо арабакечтер же жол кыймылынын процессине түздөн-түз катышкан дагы башка адамдар тарабынан (механикалык транспорт каражатын айдоочудан башкасы) Жол кыймылынын эрежелери бузулса, -
эң аз айлык акынын 0,2ден 0,5ке чейиыки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
17. 249-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"249-статья. Оң эмес, белгиленген тартипте катталбаган жана техникалык кароодон өтпөгөн, ошондой эле атайылап мамлекеттик жалган каттоо белгиси коюлган транспорт каражаттарын жолго чыгаруу
Белгиленген тартипте катталбаган же техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражаттарын жолго чыгаруу, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын бирден үчкө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Атайылап мамлекеттик жалган каттоо белгиси коюлган же оң эмес болгондуктан пайдаланууга тыюу салынган, болбосо тиешелүү уруксаты жок кайра жабдылган транспорт каражаттарынын жолго чыгарылышы, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын үчтөн бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
18. 250-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"250-статья. Мас абалындагы айдоочуларга транспорт каражаттарын айдоого жол берүү
Мас абалындагы айдоочуларга транспорт каражаттарын айдоого жол берүү, -
кызмат адамдарына эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
19. 511-статьяда:
экинчи абзацтагы "ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары - ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "92-1-" деген сан толукталсын;
алтынчы-сегизинчи абзацтар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармасынын, бөлүмдөрүнүн (бөлүкчөлөрүнүн) башчылары жана алардын орун басарлары, ал эми ички иштер бөлүмүндө мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүкчөсү жок болсо - ички иштер органдарынын башчылары жана алардыы орун басарлары - 173, 212-статьяларда, 214-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 216, 217, 218, 219-статьяларда, 223-статьянын биринчи бөлүгүндө, 224-230-статьяларда, 231-статьянын биринчи бөлүгүндө, 232, 233-статьяларда, 234-статьянын биринчи бөлүгүндө, 235-237-статьяларда, 238-статьянын биринчи, экинчи бөлүктөрүндө, 239-статьяда, 240-статьянын биринчи бөлүгүндө, 241-статьяда, 242-статьянын биринчи бөлүгүндө, 243-статьянын биринчи, экинчи бөлүктөрүндө, 244-250-статьяларда, 251-статьянын биринчи бөлүгүндө каралгандар;";
Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүмдөрүнүн, башкармасынын улук инспекторлору, Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын жол-контроль кызматынын полкторунун, батальондорунун, роталарынын командирлери, улук мамавтоинспекторлору, мамавтоинспекторлору (ИИБдө МАИнин бөлүкчөсү жок болсо) - 173, 212, 216, 217, 218-статьяларда, 223-статьянын биринчи бөлүгүндө, 225, 226, 227-статьяларда, 228-статьянын биринчи, экинчи бөлүктөрүндө, 229-статьянын биринчи бөлүгүндө, 230-статьянын биринчи бөлүгүндө, 231-статьянын биринчи бөлүгүндө, 232, 233, 235, 236, 237-статьяларда, 240-статьянын биринчи бөлүгүндө, 241-статьянын биринчи бөлүгүндө, 244, 247-статьяларда каралгандар.";
взводдун командирлери, улук мамавтоинспекторлору мамавтоинспекторлор, Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын жол-контроль кызматынын инспекторлору - ушул Кодекстин 226, 227-статьяларында, 232-статьясынын биринчи, экинчи бөлүгүндө, 233-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 237-247-статьяларында каралгандар.".
20. 567-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тартип бузганда ал үчүн ушул Кодекске ылайык айып төлөтүү жана транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратуу түрүндө администрациялык чара колдонулушу мүмкүн, иш боюнча токтомдун аткарылуу мөөнөтүнө жараша айдоочунун айдоо күбөлүгү алынып коюлат жана транспорт каражаттарын айдоо укугуна убактылуу уруксат берилет, ал тууралу укук бузуу жөнүндөгү протоколго жазылат. Транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылгандыгы тууралу токтом чыгарылганда айдоочунун күбөлүгү кайтарылып берилбейт, ал эми убактылуу уруксат даттануу берүү белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин же даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин узартылат.".
21. 568-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Кодекстин 224-статьясында, 228-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 238, 242, 243, 244, 245, 246, 248-статьяларында каралгандар бузулган учурда Мамавтоинспекциянын кызматкерлери, ошондой эле (автомототранспорттон башка) Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органынын кызматкерлери транспорт каражатынын номер белгисин алып коюуга же транспорт каражаттарын кармап жана белгиленген тартипте ишти караганга чейин жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими боюнча түзүлгөн атайын автотурукка убактылуу коюу үчүн жеткизүүгө укуктуу.".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2003-жылдын 13-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |