ТоктомСтатус не указан

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 523 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо процессинин субъектилери тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн кайрылуулар, даттануулар жана арыздар жөнүндө» токтому

Редакция25.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 25-октябры № 523

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо процессинин субъектилери тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн кайрылуулар, даттануулар жана арыздар жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо процессинин субъектилери тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн кайрылууларды, даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндө маалымат тиркемеге ылайык эске алынсын.

2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова