ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 457 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо комиссиялардын протоколдорунун формаларын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция20.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 20-сентябры № 457

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо комиссиялардын протоколдорунун формаларын бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо комиссиялардын протоколдорунун формалары бекитилсин (тиркелет).

2. Шайлоо комиссиялардын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун формалары атайын коргоосу бар кагазда кыргыз жана орус тилдеринде даярдалсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова