Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 461
Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1330 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
№ 1330 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1330 шайлоо участкасынын дареги, СПИД менен күрөшүү жана профилактика боюнча шаардык борборунун имаратынан (дареги: Токтогул көчөсү, 62) № 65 Экологиялык - экономикалык лицейинин имаратына (дареги: Гоголь көчөсү, 59) өзгөртүлсүн.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|