ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 482 «Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы № 2104 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө» токтому

Редакция28.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 28-сентябры № 482

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы № 2104 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын № 2104 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы № 2104 шайлоо участкасынын дареги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Департаментинин имаратынан шаардык автобекетинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дареги өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн

3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова