Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры № 447
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү женүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирдикте Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигнне 2002-жылы чыгарылган, кузовунун № 21695806, кыймылдаткычынын көлөмү 1700 см3, ак түстөгү "ВАЗ 21213" маркасындагы автомашинаны белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыӊды айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу жана аны жергиликтүү бюджеттин каражатынын чегинде күтүүнү камсыз кылуу;
- автотранспорт каражатын мамлекеттих органдарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына. ылайык кайра каттоо.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин кучүне кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |