Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-октябры № 465
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- өзүнүн компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга көмөктөшөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдеринин жоболорунун аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын берүүгө катышат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |