Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-октябры № 464
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 300 "Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарында:
- 1-главада:
"Төмөнкүдөй контингенттеги окуучулары бар кесиптик лицейлер" графасында "250" деген цифралар "150" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"
7 | Системалык администратор (маалыматтык башкаруу системасы боюнча адис) | - | 1 | - |
";
эскертүүнүн 1 жана 3-пункттарындагы "250" деген цифралар "150" деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигине республикалык бюджеттен тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |