Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-октябры № 464
Мамлекеттик кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 15-тиркемесинин таблицасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяна (сом) |
1 | Бөлүм башчы | 5760 |
2 | Билим берүү уюмунда окуучулардын төмөнкүдөй контингенти менен башкы бухгалтер: |
|
| - 250 адамга чейин | 6000 |
| - 250дөн 450 адамга чейин | 6240 |
| - 450 адамдан ашык | 6480 |
3 | Бухгалтер | 5700 |
4 | Бухгалтер-кассир | 5040 |
5 | Чарба башчысы | 5400 |
6 | Психолог | 6000 |
7 | Сурдо котормочу, сурдопедагог, врач-педиатр | 5400 |
8 | Улук устат | 7500 |
9 | Дене тарбия жетекчиси | 6000 |
10 | ЖАД (жаштарды аскерге чейинки даярдоо) жетекчиси | 6000 |
11 | Методист | 5400 |
12 | Системалык администратор (маалыматтык системалык башкаруу адиси) | 5700 |
13 | Жатаканадагы тарбиячы | 5400 |
14 | Китепкана башчысы | 6000 |
15 | Ашкана башчысы (шеф-ашпозчу) | 6000 |
16 | Жатакана башчысы | 6000 |
17 | Механик | 5700 |
18 | Окуу бөлүмүнүн катчысы, кадр боюнча инспектор, паспортист | 5400 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 300 "Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарында:
- 1-главада:
"Төмөнкүдөй контингенттеги окуучулары бар кесиптик лицейлер" графасында "250" деген цифралар "150" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"
7 | Системалык администратор (маалыматтык башкаруу системасы боюнча адис) | - | 1 | - |
";
эскертүүнүн 1 жана 3-пункттарындагы "250" деген цифралар "150" деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигине республикалык бюджеттен тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-октябры № 464
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)