Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна) |
Топтомо пенсиялык фонддор үчүн пруденциялык ченемдерди эсептөө МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Методика топтомо пенсиялык фонддор үчүн төлөө жөндөмүнүн ченемдерин эсептөөнүн ченемдик маанилерин жана формуласын, ошондой эле төлөө жөндөмүнүн ченемдерин аткаруу жөнүндө отчет берүүнүн формасы менен мөөнөттөрүн жана төлөө жөндөмүн эсептөө үчүн кошумча маалыматтарды белгилейт.
2. Ушул Методика топтомо пенсиялык фонддордун финансылык абалынын начарлашынын алдын алуу, пруденциялык ченемдердин аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле топтомо пенсиялык фонддордун (мындан ары - ТПФ) туруксуздугу жана төлөө жөндөмсүздүгү менен байланышкан коопсуздуктарды кыскартуу максатында пруденциялык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрүн белгилейт:
- төлөө жөндөмүнүн ченемдерин;
- финансылык туруктуулугунун ченемдерин.
3. Кабыл алынган милдеттенмелер менен ликвиддүүлүгү эске алынган активдердин ортосундагы ченемдик катыштардын сакталышы ТПФтин төлөө жөндөмүнүн көрсөткүчү болуп саналат.
4. ТПФтин финансылык туруктуулугунун көрсөткүчү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- уставдык капиталдын минималдуу өлчөмдөрүн;
- пенсиялык резервдердин өлчөмдөрүн жана башка милдеттенмелерди.
5. Ушул Методиканын 4-пунктунда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтөрдүн ченемдик маанисин жана формуласын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
2. Төлөө жөндөмүнүн ченемдери
6. ТПФтин төлөө жөндөмү төмөнкү ченемдер менен камсыз кылынат:
1) пенсиялык резервдердин суммасына карата жогорку ликвиддүү активдердин наркынын катышы катары эсептелген жогорку ликвиддүү активдердин жетиштүүлүгүнүн ченеми төмөнкүдөй формула боюнча чыгарылат:
мында:
Нва - жогорку ликвиддүү активдердин жетиштүүлүгүнүн ченеми;
ВА - ушул Методиканын 3-главасына ылайык активдердин сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча квалификациясын эске алуу менен эсептелген жогорку ликвиддүү активдердин наркы;
СР - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга ылайык эсептелген ТПФтин пенсиялык резервдеринин суммасы;
ТПФтин жогорку ликвиддүү активдеринин жетиштүүлүгүнүн ченеми бирдиктен аз болбоого тийиш;
2) капиталдын жетиштүүлүгүнүн ченеми, ал иштеп жаткан ТПФ үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата пенсиялык резервдердин жана башка милдеттенмелердин суммасына кемитилген бардык активдердин сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча квалификациясын эске алуу менен алардын наркынын катышы катары төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
Нк - ТПФтин капиталынын жетиштүүлүгүнүн ченеми;
А - ТПФтин бардык активдеринин наркы, ал ушул Методиканын 3-главасына ылайык сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча квалификациясын эске алуу менен эсептелет;
СР - ТПФтин пенсиялык резервдеринин суммасы, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талаптарына ылайык эсептелет;
О - пенсиялык резервдердин суммасынан тышкары ТПФтин милдеттенмеси;
Мк - иштеп жаткан ТПФ үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү.
ТПФтин капиталынын жетиштүүлүгүнүн ченеми бирдиктен аз болбоого тийиш;
3) учурдагы төлөө жөндөмүнүн ченеми, ал төлөмдөрдүн жана операциялык чыгымдардын суммасына карата пенсиялык топтоолордун неттосунун катышы катары төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
Нтп - ТПФтин учурдагы төлөө жөндөмүнүн ченеми;
СПн - пенсиялык топтоолордун неттосу - отчеттук мезгилде ТПФ алган пенсиялык топтоолордун суммасы;
СВн - нетто төлөмдөрү - отчеттук мезгилде ТПФ жүргүзгөн төлөмдөрдүн суммасы;
ОР - операциялык чыгымдар.
Бул көрсөткүч иш жүргүзүүдө төлөмдөрдү жана учурдагы чыгымдарды жабуу үчүн топтомо пенсия түрүндө түшкөн каражаттардын жетиштүү экендигин мүнөздөйт.
ТПФтин учурдагы төлөө жөндөмүнүн ченеми бирдиктен аз болбоого тийиш.
3. ТПФтин активдеринин наркы
7. Төлөө жөндөмүн жана финансылык туруктуулугун аныктоодо сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча классификациясын эске алуу менен ТПФтин активдеринин наркынын эсебине төмөнкүлөр кирет:
1) акча каражаттары:
кассадагы акча каражаттары - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө;
түшүп жаткан акча каражаттары - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө;
банктагы акча каражаттары - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө;
2) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жайгаштырылган салымдар (депозиттер):
талап боюнча салымдар - күмөндүү (кайтарымсыз) карыздар боюнча резервди чыгарып салуу менен эсептеги сумманын 100 пайыз көлөмүндө (негизги карыздын жана чегерилген сыйлыктын суммаларын эске алуу менен);
мөөнөттүү салымдар - күмөндүү (кайтарымсыз) карыздар боюнча резервди чыгарып салуу менен эсептеги сумманын 100 пайыз көлөмүндө (негизги карыздын жана чегерилген сыйлыктын суммаларын эске алуу менен);
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары - күмөндүү (кайтарымсыз) карыздар боюнча резервди чыгарып салуу менен баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө (негизги карыздын жана чегерилген сыйлыктын суммаларын эске алуу менен);
4) акционердик коомдордун баалуу кагаздары - күмөндүү (кайтарымсыз) карыздар боюнча резервди чыгарып салуу менен баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө (негизги карыздын жана чегерилген сыйлыктын суммаларын эске алуу менен);
5) төмөнкүлөр боюнча берилген зайымдар:
зайым келишиминин шарттары боюнча мөөнөтү өтө элек карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
90 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
90 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
180 күндөн ашуун мөөнөтү өткөн карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
6) аффилирленген уюмдарды инвестициялоо жана аларга төмөнкүлөр боюнча коюлуучу талаптар:
туунду жана көз каранды юридикалык жактардын, ошондой эле башка аффилирленген уюмдардын капиталдарына, карыз жана/же үлүштүк баалуу кагаздарына инвестициялар - сатып алуу наркынын 0 пайыз көлөмүндө;
туунду жана көз каранды юридикалык жактардын, ошондой эле башка аффилирленген уюмдардын кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү дебитордук карыздары - карыздын учурдагы суммасынын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
7) милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандырылган жактан жана пенсиялык келишимдер боюнча аманатчыдан алынуучу топтомо пенсиянын төмөнкү бөлүктөрүнө:
келишимдин шарттары боюнча мөөнөтү өтө элек карыздарга - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
90 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздарга - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
90 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздарга - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
180 күндөн ашуун мөөнөтү өткөн карыздарга - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
8) негизги иш боюнча алынуучу эсептер:
алына турган комиссиянын түрлөрүнө:
мөөнөтү өтө элек карыздарга - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
90 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздарга - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
90 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздарга - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
180 күндөн ашуун мөөнөтү өткөн карыздарга - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
алынуучу башка эсептердин түрлөрүнө:
мөөнөтү өтө элек карыздарга - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
90 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздарга - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
90 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтү өткөн карыздарга - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
180 күндөн ашуун мөөнөтү өткөн карыздарга - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
9) материалдык эмес активдер (амортизацияны кошпогондо) - баланстык наркынын 0 пайыз көлөмүндө;
10) негизги каражаттар (амортизацияны кошпогондо):
жер - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө;
имараттар жана курулмалар - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө;
бүтө элек капиталдык курулуштар - баланстык наркынын 30 пайыз көлөмүндө;
машиналар жана жабдуулар, транспорт каражаттары - баланстык наркынын 50 пайыз көлөмүндө;
негизги каражаттардын башка түрлөрү - баланстык наркынын 0 пайыз көлөмүндө;
11) материалдар - баланстык наркынын 0 пайыз көлөмүндө;
12) күмөндүү (кайтарымсыз) карыздар боюнча резервдер - резервдик сумманын 0 пайыз көлөмүндө;
13) башка дебитордук карыздар:
а) кыска мөөнөттүү дебитордук карыздар:
үч айлык мөөнөттөн ашпаган - карыздын суммасынын 100 пайыз көлөмүндө;
үч айдан алты айга чейинки мөөнөттөн ашпаган - карыздын суммасынын 70 пайыз көлөмүндө;
алты айлык мөөнөттөн ашкан - карыздын суммасынын 40 пайыз көлөмүндө;
б) узак мөөнөттүү дебитордук карыздар:
үч жылга чейинки мөөнөттөн ашпаган - карыздын суммасынын 20 пайыз көлөмүндө;
үч жылдык мөөнөттөн ашкан - карыздын суммасынын 0 пайыз көлөмүндө;
14) келечектеги мезгилдин чыгымдары - чыгымдардын суммасынан 0 пайыз көлөмүндө;
15) төмөнкүлөргө берилген аванстар:
негизги иш боюнча - аванстык суммадан 100 пайыз көлөмүндө;
башка операциялар боюнча - аванстык суммадан 0 пайыз көлөмүндө;
16) башка активдер - башка активдердин суммасынан 0 пайыз көлөмүндө.
8. ТПФтин активдеринин наркын эсепке алуу жана кайра баалоо бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга жана ТПФтин эсеп саясатына ылайык жүргүзүлөт.
9. Наркы чет элдик валюта менен көрсөтүлгөн активдердин наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча бааланат.