Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 469
2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пункту менен жактырылган 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программада:
- Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программанын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттин менчигинде болуучу объекттердин тизмеги" 1-тиркемесинде:
17 жана 18-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 38 жана 39-пункттар менен толукталсын:
"
38 | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы "Солнышко" пансионатынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктүн 5 бирдиги менен 11,029 га аянттагы жер участогу |
39 | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан 9,32 га аянттагы жер участогу жана ал участокто жайгашкан кыймылсыз мүлктүн 91 бирдиги |
";
- Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программанын "Менчиктештирилүүгө жаткан объекттердин тизмеги" 2-тиркемесинде:
27 жана 28-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 36 жана 37-пункттар менен толукталсын:
"
36 | "Нарынгидроэнергокурулуш" ААКнын акцияларынын 90 пайызы |
37 | "Нарынспецгидроэнергомонтаж" ААКнын акцияларынын 71,3794 пайызы |
".
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын аткаруунун жыйынтыгы боюнча отчёт берсин.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү ПРОГРАММАСЫ
1. 2018-2020-жылдарга мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын максаттары жана милдеттери
1. 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик менчиктин түзүмүн оптималдаштыруу;
- экономиканын мамлекеттик секторума инвестицияларды тартуу;
- экономиканын мамлекеттик секторундагы ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
2. Алдыдагы мезгилде 2018-2020-жылдарга мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жаатындагы мамлекеттик саясат төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталат:
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана баалоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча тооруктарды электрондук форматта өткөрүү практикасын киргизүүгө;
- мамлекеттик уюмдардын профилдик эмес активдерин кайра түзүмдөштүрүүгө;
- мамлекеттик ишканаларды чарбалык коомдорго кайра түзүү аркылуу алардын иштерине корпоративдүү башкаруу принциптерин киргизүүгө.
2. Менчиктештирүү методдору жана шарттары
3. Менчиктештирүү методдоруна төмөнкүлөр кирет:
- аукциондо сатуу;
- конкурста сатуу;
- кийин сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүү;
- кийин сатып алуу менен ижарага өткөрүп берүү;
- чарбалык коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү;
- фонддук биржада акцияларды жайгаштыруу жана сатуу;
- түз сатуу.
Өзгөчө учурларда, объектти жогоруда аталган методдордун каалаганы менен 3төн кем эмес жолу сатууга мүмкүн болбосо, түз сатуу методу колдонулушу мүмкүн.
Менчиктештирүүнүн методун тандоо менчиктештирүү объектине жараша мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Менчиктештирүүнүн методун тандоо менчиктештирүү объектинин финансы-экономикалык абалына жүргүзүлгөн талдоонун негизинде, анын жеке, тармактык, региондук жана башка өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле андан ары өнүктүрүү келечегин эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат. Объекттерди менчиктештирүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан объекттин өзгөчөлүктөрүнө жана рыноктун коңъюнктурасына жараша аныкталат.
Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин менчиктештирүү методу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.
Ушул Программага ылайык менчиктештирүүгө тийиш болгон акциялардын мамлекеттик пакети чарбалык коомдун уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүшү бөлүп сатылышы мүмкүн, мында ар бир этапта сатылган акциялардын саны же үлүшүнүн өлчөмү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Жабык акционердик коомдун акцияларынын мамлекеттик пакетин жана жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүшүн менчиктештирүү акционерлер жана мындай коомдордун катышуучулары тарабынан акцияларды жана үлүштөрдү сатып алуунун артыкчылыктуу укугун караштырган акционердик жана чарбалык коомдор жөнүндө мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен ишке ашырылат.
4. Менчиктештирүү методдорун колдонуу.
Аукциондо, конкурста сатуу, түз сатуу, кийин сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүү жана кийин сатып алуу менен ижарага өткөрүп берүү жана фонддук биржада акциялардын мамлекеттик пакеттерин жайгаштыруу методдорун колдонуунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жоболор менен жөнгө салынат.
Мамлекеттик мүлктү чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик кызыкчылыгы үчүн банкроттукка жол берилбөөгө тийиш болгон стратегиялык же социалдык маанилүү ишканалардын дивиденддери боюнча мөөнөтү кечиктирилген өнбөс карыздарды салым катары киргизүү жөнүндө чечимди кабыл ала алат. Мыйзамдык чектөөлөр жок болгон учурда чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына салым катары ишкана жайгашкан, анын ичинде мурда менчиктештирилген ишкана жайгашкан жер участогунун наркы, эгерде түзүлгөн бүтүмдүн натыйжасында участок мамлекеттин менчигинде калып, ал эми ишкана ага менчик укугунун ээси болуп калбаса, киргизилиши мүмкүн.
5. Акциялардын мамлекеттик пакети менен акционердик коомдун акцияларынын кошумча чыгарылышын жайгаштыруунун өзгөчөлүгү.
Акционер - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан демилгеленген жана кошумча чыгарылыштагы акцияларды сатып алуунун артыкчылыктуу укугунан баш тартууга алып келүүчү акционердик коомдун акцияларынын кошумча эмиссиясы жөнүндө чечим төмөнкүлөр менен макулдашылууга тийиш:
- акционердик коом Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине кирбеген учурда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен;
- акционердик коом Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине кирген учурда - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен.
Эгерде акциялардын кошумча эмиссиясы жөнүндө чечим башка акционер тарабынан кабыл алынса, акционердин - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кошумча чыгарылыштагы акцияларды сатып алуунун артыкчылыктуу укугунан баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана акционердик коомдун ички документтерине ылайык төмөнкүлөр менен макулдашылууга тийиш:
- акционердик коом Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмегине кирбеген учурда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен;
- акционердик коом Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмегине кирген учурда - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен.
6. Менчиктештирүү шарттары.
Менчиктештирүүнүн шарттары менчиктештирүү методуна жараша белгиленет.
Ишканаларды өнүктүрүүнүн бизнес-пландарын берүү орто жана ири ишканалар үчүн конкурстук менчиктештирүүнүн негизги шарттарынын бири болуп эсептелет.
Коммерциялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирүү объектине карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеси белгиленет. Белгиленген милдеттенмелерди өзүнө алуу менен эң жогорку бааны сунуш кылган жана төлөгөн жак коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү жана менчиктештирүү объектинин сатып алуучусу болот.
Инвестициялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирилүүчү объектке карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет. Инвестициялык конкурстун катышуучулары төмөнкүлөрдү камтыган сунуштарды беришет:
бизнес-планды;
бизнес-планды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон өзүнө алуучу инвестициялык милдеттенмелердин көлөмүн жана мүнөзүн;
менчиктештирүү объекти үчүн сунуш кылынуучу бааны.
Сунушу эң мыкты деп таанылган жак инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болот.
Коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарттары менчиктештирүү объектине карата сатып алуучунун төмөнкүдөй милдеттенмелерин өзүнө камтышы мүмкүн:
менчиктештирүү объектинде иш менен камсыз кылуунун деңгээли боюнча милдеттенмелерин;
эмгек акы боюнча милдеттенмелерин;
социалдык чөйрөнүн объекттерин тескөө боюнча милдеттенмелерин;
инвестициялардын көлөмү боюнча милдеттенмелерин;
карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерин;
уставдык капиталды көбөйтүү боюнча милдеттенмелерин;
айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелерин.
Сунуштарды баалоонун критерийлери төмөнкүлөр болот:
- сунушталган инвестициялардын суммасы, мында кыйла ири жана узак мөөнөттүү инвестициялык сунуштарга артыкчылык берилет;
- сатып алуучулар тарабынан сунушталган баа;
- иш менен камсыз кылуу деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин тескөө жаатындагы социалдык милдеттенмелер;
- сатуунун жаңы рынокторуна чыгуу жана/же болгондорун кеңейтүү;
- атаандаштыкка жөндөмдүү жана/же импортту алмаштыруучу жаңы продукцияны чыгарууну өздөштүрүү;
- жаңы менеджментти ишке киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
- профилди сактоо.
Ишканалардын түрүнө жараша критерийлердин артыкчылыгы белгиленет, алар өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.
7. Менчиктештирүү объекттеринин наркын аныктоо.
Менчиктештирүү объекттеринин наркын аныктоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баалоочу уюмдар тартылат, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарган иштеринин ишенимдүүлүгү жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартышат.
3. Менчиктештирүүгө тыюу салынган мамлекеттик менчиктеги объекттер
8. Менчиктештирүүгө тыюу салынган мамлекеттик менчиктеги объекттерге төмөнкүлөр кирет:
1) жер казынасы, суу ресурстары, аба мейкиндиги;
2) мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик жаратылыш парктары, ботаникалык бактар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, корукчалар, мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, трансчектик өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактары, биосфералык аймактар жана/же резерваттар жана алардын жерлери;
3) тарыхый-маданий мурас объекттери;
4) мамлекеттин менчигинде турган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо, жалпы улуттук маанидеги спорттук жана спорттук-техникалык курулуштар;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтери, ошондой эле архив мекемелеринин имараттары жана жайлары;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, башка мамлекеттик фонддордун карамагында турган мамлекеттик бюджеттин каражаттары, валюталык резерви, анын ичинде Кыргыз Республикасынын алтын запасы;
7) катуу өнөр жай жана тиричилик калдыктарын, катуу жана суюк радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн объекттер жана жабдуулар; мал көмүлгөн жерлер;
8) көрүстөндөр;
9) мамлекеттик жана мобилизациялык резервдер (мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүдө алардын мүлкүнүн курамынан чыгарылууга тийиш);
10) жарандык коргонуунун объекттери;
11) алтынды аффинаждоочу объекттер;
12) суу сактагычтарды, магистралдык суу каналдарды, суу-насостук станцияларды тейлөөнү жана эксплуатациялоону камсыздоочу суу чарбалык жана мелиорациялык системалардын объекттери;
13) чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоонун борборлоштурулган системасынын объекттери;
14) жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдор жана ведомстволук автомобилдик жолдор;
15) пайдаланылбаган же багытына жараша пайдаланылбаган мүлктөн тышкары жалпы пайдалануудагы автожолдорду, көпүрөлөрдү жана тоннелдерди тейлөөнү жана эксплуатациялоону камсыздоочу транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адистештирилген жол-эксплуатациялык ишканалары;
16) инженердик инфратүзүм объекттери: суу менен камсыздоо тармактары (айылдык калктуу конуштардагы суу түтүктөрдөн тышкары) жана канализациялар;
17) мамлекеттик билим берүү уюмдарынын имараттары жана курулуштары;
18) бошотулган же багытына жараша пайдаланылбаган мүлктөрдөн тышкары, мамлекеттик органдардын мүлктүк комплекстери;
19) гидрометеорология жаатында жана айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн технологиялык процессинин бирдейлигин камсыз кылуучу, ошондой эле байкоонун натыйжасында алынган маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана таркатуу үчүн колдонулуучу мүлк;
20) улуттук статусуна ээ болгон саламаттык сактоо уюмдарынын, медициналык-санитардык жардамдын айрым түрлөрүн көрсөтүүчү жана ушул аймакта жалгыз болгон саламаттык сактоо мекемелеринин имараттары жана курулмалары;
21) маданият жана искусство объекттери;
22) улуттук фильмдердин баштапкы материалдары жана кинолетописинин баштапкы материалдары сакталган кинолетопись өндүрүшүндө, балдар жана өспүрүмдөр үчүн фильмдерди чыгарууга жана көрсөтүүгө адистештирилген, фильмдерди көрсөткөн жана ушул калктуу конушта кинематографиянын жалгыз уюму болуп саналган тарых, маданият жана искусство эстеликтеринин категориясына киргизилген кинематография уюмдары, ошондой эле Бишкек шаарынын борбордук кинотеатрлары (бул чектөөлөр кинематографияны өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда таркалбайт);
23) мамлекеттик облустук, шаардык, райондук китепканалардын мүлктөрү;
24) калкты социалдык жактан коргоо системасынын уюмдарынын: балдар үйлөрүнүн, ымыркайлар үйлөрүнүн, майып балдар үчүн интернат-үйлөрүнүн; карылар жана майыптар үчүн үйлөрдүн; интернаттардын; госпиталдардын; майыптар, балдар жана карылар үчүн санаторийлердин жана пансионаттардын; жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернаттардын; акыл-эс жана дене-бой жагынан өсүшү артта калган балдар үчүн интернат-мектептердин мүлктөрү;
25) айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоонун райондор аралык жана райондук борборлорунун, кыртыштык-агрохимиялык станцияларынын, сорт сыноочу станцияларынын жана айыл чарба өсүмдөрүнүн участокторунун мүлкү;
26) пайдаланылбаган же түз багыты боюнча пайдаланылбаган мүлктөрдү кошпогондо, төмөнкүлөрдүн мүлктөрү:
коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, ички иштер органдарынын, өздөрүнүн түздөн-түз функцияларына ылайык келген аскердик түзүмдөрү бар башка мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын;
статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо жана маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын системасына кирген мекемелердин жана уюмдардын;
Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик кызматтарынын ишканаларынын жана мекемелеринин, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын;
мамлекеттик ветеринария органдарынын;
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүү борборлорунун мекемелеринин, Протездөө-ортопедиалык буюмдардын республикалык мекемесинин;
илимий-техникалык маалымат органдарынын; Кыргызстандын илимий-техникалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик маалыматтык ресурсун чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону жана пайдаланууну камсыздоочу, ошондой эле техникалык документтердин камсыздандыруу фондун түзүүчү же камсыздоочу илимий жана илимий-техникалык китепканалардын;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ведомстволук илим-изилдөө институттарынын, лабораторияларынын, станцияларынын, илимий жана илимий-өндүрүштүк борборлорунун.
9. Коомдун туруктуу өнүгүүсү жана мамлекеттин улуттук коопсуздугу үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон айрым стратегиялык объекттер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген жеке программаларга (концепцияларга) ылайык менчиктештирилиши мүмкүн.
Калктын кеңири катмары жана көп сандагы юридикалык жактар үчүн терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгон стратегиялык маанилүү объекттерди менчиктештирүү процессинде мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынан менчиктештирүүгө катышууга арыз берген субъекттер жөнүндө маалыматты сурайт. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы потенциалдуу сатып алуучу жөнүндө корутундуну алдын ала берүүгө тийиш.
4. Сатып алуучулар тарабынан келишимдик шарттардын аткарылышын контролдоо
10. Жаңы менчик ээси тарабынан түзүлгөн бүтүмдөрдүн шарттарынын толук аткарышына байкоо жүргүзүү менчиктештирүүдө маанилүү звено болуп саналат. Бул максатта сатуучу тарабынан кийинки контролго алуу менен конкурс боюнча менчиктештирилүүчү объекттерди сатуу-сатып алуу келишимдерин жазуунун жана түзүүнүн талаптары сакталууга тийиш.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн менчиктештирүү объектин сатуу-сатып алуу келишиминде сатып алуучунун милдеттенмелеринин сандык туюнтмасы жана аларды аткаруунун конкреттүү мөөнөттөрү милдеттүү түрдө каралышы керек. Сатуу-сатып алуу келишими сатып алуучу тарабынан келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын, аларды аткарбоонун же тийиштүү эмес түрдө аткаруунун кесепеттерин ырастоо тартибин аныкташы керек.
Сатып алуучу сатуу-сатып алуу келишими боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган учурда сатуучу сатуу-сатып алуу келишимин бузууну, келтирилген зыяндын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талап кылууга укуктуу.
Менчиктештирүүдө түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишимдерине тараптардын макулдуктары менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мында, өзгөртүүлөрдө: сатып алуучунун ал алган милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн жоопкерчилигин жеңилдетүү; сатуу-сатып алуу келишиминде аныкталган инвестициялардын жалпы көлөмүн азайтуу; мүлктүн сатылуучу баасын азайтуу каралбайт.
Сатуу-сатып алуу келишимдеринин шарттарынын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү актылары түзүлөт. Менчиктештирүү объектинин сатып алуучусу сатуу-сатып алуу келишимин түзгөн мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатуу-сатып алуу келишиминде жазылган көлөмдө жана мөөнөттөрдө маалымат берип турууга милдеттүү.
5. Менчиктештирилүүгө жана кайра түзүлүүгө тийиш болгон уюмдардын жана объекттердин тизмектери
11. Акциялардын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүштү белгиленген тартипте сатуу жолу менен менчиктештирилүүчү объекттердин тизмеси ушул Программанын 1-тиркемесине ылайык аныкталат.
Эскертүү.
Ушул Программанын 1-тиркемесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти менчиктештирүү чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарды эске алуу менен ишке ашырылат.
12. Акцияларынын (үлүшүнүн) 100 пайызын мамлекеттин менчигинде калтыруу менен чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон мамлекеттик ишканалардын тизмеси ушул Программанын 2-тиркемесине ылайык аныкталат.
13. Уставдык капиталындагы акциялардын (үлүштөрдүн) мамлекеттик пакетин андан ары менчиктештирүү менен чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон мамлекеттик ишканалардын тизмеси ушул Программанын 3-тиркемесине ылайык аныкталат.
14. Менчиктештирүүгө тийиш болгон мүлктүк комплекстердин жана башка мамлекеттик мүлктөрдүн тизмеси ушул Программанын 4-тиркемесине ылайык аныкталат.
6. Корутунду жоболор
16. Ушул Программаны колдонуу узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болгондугуна байланыштуу, зарылдыкка жараша ага белгиленген тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
17. Менчиктештирүү программасы аныкталган календардык мөөнөткө кабыл алынат жана кезектеги мөөнөткө бекитилгенге чейин колдонулат. Менчиктештирүү программасын колдонуу мөөнөтү бүткөндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аны аткаруунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна отчёт киргизет.
18. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
|
| 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 1-тиркемеси |
Акциялардын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүштү белгиленген тартипте сатуу жолу менен менчиктештирилүүчү объекттердин ТИЗМЕСИ
№ | Объекттин аталышы | Уставдык капитал (миң сом) | Мамлекеттик үлүш (%) | Менчиктештирилүүгө тийиш болгон мамлекеттик үлүш (%) |
1. Бишкек шаары | ||||
1 | "Эйр Кыргызстан" ААК | 393715,0 | 100 | 75,0 |
2 | "Кыргыз инвестициялык кредиттик банкы" ЖАК | 17500,0 (миң АКШ доллары) | 10,0 | 10,0 |
3 | (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 666 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
31 | "Сарамжал Транс" ЖЧК | 1000,0 | 100,0 | 100,0 |
2. Чүй облусу | ||||
4 | "Кыргызкабель" ААК | 679,603 | 24,790 | 24,790 |
5 | "ВАСО" ААК | 432,600 | 0,377 | 0,377 |
6 | "Кыргызское" ААК | 346,304 | 0,3856 | 0,3856 |
3. Ош облусу | ||||
7 | "Найман ГЭС" ААК | 5750,0 | 51,0 | 51,0 |
8 | "Кара-Кулжа автотранс" ААК | 457,258 | 70,0 | 70,0 |
81 | "Шахта Беш-Бурхан көмүр" ЖЧК | 43890000 | 95,0 | 95,0 |
4. Жалал-Абад облусу | ||||
9 | "Дустлик" ААК | 10940,6 | 85,15 | 85,15 |
5. Баткен облусу | ||||
10 | "Айдаркен сымап акционердик коому" ААК | 132279,4 | 99,9865 | 99,9865 |
|
| 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 2-тиркемеси |
Акцияларынын (үлүшүнүн) 100%ын мамлекеттин менчигинде калтыруу менен чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон мамлекеттик ишканалардын ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик ишкананын аталышы | Ведомстволук таандыгы |
1 | "Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедиция" мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
2 | "Түштүк-Кыргыз геологиялык экспедиция" мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
3 | "Кыргыз геофизикалык экспедиция" мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
4 | "Бишкек кен-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу" мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
5 | "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
6 | "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
|
| 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 3-тиркемеси |
Уставдык капиталындагы акциялардын (үлүштөрдүн) мамлекеттик пакетин андан ары менчиктештирүү менен чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон мамлекеттик ишканалардын ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик ишкананын аталышы | Мамлекеттик үлүш (%) | Менчиктештирилүүгө тийиш болгон мамлекеттик үлүш (%) |
1 | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы | 100 | 49 |
|
| 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 4-тиркемеси |
Менчиктештирилүүгө тийиш болгон мүлктүк комплекстердин жана башка мамлекеттик мүлктөрдүн ТИЗМЕСИ
№ | Объекттин аталышы жана анын жайгашкан жери | Ведомстволук таандыгы, жооптуу сактоочу, балансты кармоочу |
1. Ысык-Көл облусу | ||
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 666 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
2. Бишкек шаары | ||
3 | Бишкек ш., Садыгалиев көчөсү, 5 дареги боюнча жайгашкан өндүрүштүк эмес багыттагы объекттер | "Транс-Союз-Азия" ААК |
4 | Бишкек ш., Чүй пр., 114 дареги боюнча жайгашкан имараттагы жалпы аянты 162,6 кв.м үйдүн чатырындагы турак эмес жай | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын "Мамлекеттик имараттар департаменти" мамлекеттик ишканасы |
5 | Бишкек ш., Киев көчөсү, 126, 128 дареги боюнча жайгашкан "Караван" соода комплексинин аянты 2263,1 кв.м болгон жертөлө кабаты, аянты 2249,7 кв.м болгон биринчи кабаты, аянты 2249,7 кв.м болгон экинчи кабаты жана аянты 2104,0 кв.м болгон үчүнчү кабатынын 1/2 үлүшү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Мүлк" мамлекеттик ишканасы |
3. Чүй облусу | ||
6 | "Карабалта кен комбинаты" ААКнын жооптуу сактоосунда турган мамлекеттин менчик объекттери, Жайыл районунун Кара-Балта шаары | "Карабалта кен комбинаты" ААК |
7 | К.Жакыпов атындагы иштебеген ден соолукту чыңдоочу пансионаттын мүлктүк комплекси, Москва районунун Чоң-Арык айылы | "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Беловодск райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу ишканасы" |
8 | Аянты 767,4 кв.м болгон жер участогу менен жалпы аянты 518,0 кв.м турак эмес имарат (уйкана), Москва районунун Кызыл-Туу айылы | "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Беловодск райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу ишканасы" |
9 | Аянты 461,3 кв.м болгон жер участогу менен 298,9 кв.м аянтындагы турак эмес имарат (чочко комплекс), Москва районунун Кызыл-Туу айылы | "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Беловодск райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу ишканасы" |
10 | Аянты 176,2 кв.м болгон турак эмес курулма (силос ороосу), Москва районунун Кызыл-Туу айылы | "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Беловодск райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу ишканасы" |
101 | Аянты 210 кв.м болгон жер участогу менен 50,7 кв.м аянттагы имарат, Сокулук районунун Шопоков ш. | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин "Кыргыз геофизикалык экспедиция" мамлекеттик ишканасы |
4. Баткен облусу | ||

5. Жалал-Абад облусу | ||
13 | № 1 мурдагы кирпич заводу, Жалал-Абад ш., Мельничная көч., 79 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
14 | № 2 мурдагы кирпич заводу, Жалал-Абад ш., О.Кошевой көч., 60 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ