КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-октябры № 466
Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-берекелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, Күрөңкөй уулу Мураталы атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө белгиленет".
- жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемесинде:
эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, Күрөңкөй уулу Мураталы атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө белгиленет.".
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |