Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 137 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 15-октябрындагы
№ 477 токтому менен
бекитилген
Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө
ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) ден соолугунун абалы боюнча жеке билим алууга муктаж болгон балдар үчүн үйүндө билим алуу процессин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруунун максаты болуп алардын билим алууга укугун коргоо саналат.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына (мындан ары – мамлекеттик билим берүү стандарты) ылайык иштелип чыккан.
4. Балдарды үйүндө окутууну уюштурууда педагогикалык кызматкерлердин эмгегине акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2-глава. Кабыл алуу тартиби жана окуу процессин уюштуруу
5. Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу (мындан ары - үйүндө окутуу) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана оорунун катуу формасы менен ооруган балдардын категориясына кирген 7ден 18 жаш курагына чейинки 1-11-класстын окуучулары үчүн жалпы билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат.
6. Үйүндө окутуу менчигинин түрүнө карабастан бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн бардык баскычтарында уюштурулат.
7. Үйүндө окутуу баланын (мындан ары - окуучу) жашаган жерине жакынкы жалпы билим берүү уюмунда ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) окуучуга үйүндө билим алуу же билим алуунун формасын алмаштыруу зарылчылыгы жөнүндөгү арызынын негизинде ишке ашырылат. Арызга билим берүү системасынын психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациясынын корутундусу, же болбосо билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун аймактык органынын макулдугу боюнча окуучуну аныктоо/ үйүндө окутууга чыгаруу тууралуу саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдук комиссиясынын маалымкаты тиркелет.
8. Дарылоо-контролдук комиссиянын маалымкаты билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталган Оорулардын тизмесинин негизинде берилет. Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын корутундусу психикалык жана дене боюнун бузуулары бар окуучулар үчүн берилет.
9. Окуучуну үйүндө окутуу зарылдыгы жөнүндө көрсөтмөлөрү менен дарылоо-контролдук комиссиянын маалымкаты же психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын корутундусу бир чейрекке, жарым жылдыкка, бирок бир окуу жылынан ашпаган убакытка берилет.
10. Маалымкаттын/корутундунун колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) жалпы билим берүү уюмуна баланы мындан ары да үйүндө окутуу зарылдыгын ырастаган жаңы документти же окутууну күндүзгү формада улантуу тууралуу арызды беришет.
11. Жалпы билим берүү уюму менен ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) ортосунда медициналык көрсөтмөлөргө ылайык окутуунун мөөнөтүн жана формасын көрсөтүү менен билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча үйүндө окутууну уюштуруу жөнүндө келишим түзүлөт.
12. Окуучуну социалдык адаптациялоо максатында жалпы билим берүү уюму ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) макулдугу боюнча жана медициналык көрсөтмөлөргө ылайык баланын мектептеги жана мектептен тышкаркы иш-чараларга катышуусун уюштурат.
13. Жалпы билим берүү уюму үйүндө окутууну уюштуруу жөнүндө буйрук чыгарат, анда:
- окутуунун мөөнөтү жана формасы, ошондой эле бала билим алуучу класс аныкталат;
- үйүндө окутуунун жеке окуу планы, окуу программасы, календардык-тематикалык пландоо жана сабактардын расписаниеси бекитилет;
- окуу процессин ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдар жана предметтер боюнча сааттарды бөлүштүрүү менен мугалимдер дайындалат.
14. Окуу процессинин уюштурулушун контролдоо жалпы билим берүү уюмунун директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарына (мындан ары – директордун орун басары) жүктөлөт.
15. Үйүндө окутууну уюштуруу үчүн директордун орун басары мугалимдер менен бирдикте ар бир окуучу үчүн жеке окуу планын иштеп чыгат, түзөтүлгөн окуу программаларын талдап, керектүү окуу китептерин тандайт, контролдук жана практикалык иштердин минимумун, орто аралык аттестациялоону өткөрүү мөөнөттөрүн аныктайт, окуу сабактарынын расписаниесин түзүп, аларды баланын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашат.
Жеке окуу планы билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын бекиткен Базистик окуу планынын негизинде түзүлөт.
Бир жумалык окуу жүктөмүнүн чеги жана окуу предметтеринин аталышы окутуу программасына жараша (жалпы билим берүү же интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузуулары бар балдар үчүн атайын программа) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
16. Ар бир мугалим өткөрүлгөн сабакты эсепке алуу журналын жүргүзөт, анда өткөрүлгөн сабактын күнү коюлуп, өтүлгөн материалдын темасы жана мазмуну, сааттардын саны, үй тапшырмасы жазылып, баалары коюлат.
Директордун орун басары журналдын өз убагында жана туура толтурулушун дайыма контролдойт.
17. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) үйүндө окутулган баланын жеке сабактары эсепке алынган журналдын мазмуну менен ай сайын таанышып турат.
18. Окуучуларды үйүндө окутуу үчүн жалпы билим берүү уюмдарынан мугалимдерди окуу жүктөмүн эске алуу менен жалпы билим берүү уюмунун администрациясы тандайт.
19. Окуучуларды үйүндө окутууну тиешелүү иш тажрыйбасы бар, орто/жогорку педагогикалык же жогорку атайын педагогикалык билими бар мугалимдер ишке ашырышат.
20. Окуучуларды үйүндө окутууну уюштурууга жалпы билим берүү уюмунун мугалимдеринин мүмкүнчүлүгү болбогон учурда директор эмгек акы фондунун чегинде башка педагогикалык кызматкерлерди контракттык негизде ишке тартууга укуктуу.
21. Мугалим ооруп калган учурда жалпы билим берүү уюмунун администрациясы жети жумуш күндөн кечиктирбей жана кадрдык мүмкүнчүлүктөрдү эске алып, башка мугалим менен алмаштырууга милдеттүү.
Окуучу ооруп калган учурда эмгеги белгиленген ченемдерге ылайык төлөнүүчү мугалим өткөрүлбөгөн сааттарды иштеп берүүгө милдеттүү. Иштеп берүү мөөнөттөрү ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен макулдашылат.
22. Эгерде окуучуну үйүндө окутуу мөөнөтүнөн мурда токтотулса, жалпы билим берүү уюмунун администрациясы билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун аймактык органынын бухгалтериясына тиешелүү буйрукту берет.
23. Окуу сабактары баланын абалын жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен сабактардын бекитилген расписаниесине ылайык күндүн биринчи жарымында өткөрүлөт.
24. Документтерди туура эмес жүргүзүүдө же үйүндө окутууну уюштуруу жөнүндө буйруктун талаптагыдай аткарылбагандыгы боюнча ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) негиздүү кайрылуулары болгон учурда жалпы билим берүү уюмунун директорунун чечими менен жооптуу адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жаза чаралары колдонулат.
25. Каалоосу (жазуу жүзүндөгү арызы) боюнча же ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттарынын эсебинен үйүндө окутуу үчүн окуу планынын каалаган предметин тереңдетип (кеңири) окутуу сыяктуу эле үйүндө окутуу үчүн окуу планына киргизилбеген предметтерди да окутуу каралышы мүмкүн.
26. Экинчи жана үчүнчү баскычтагы класста балага келечектеги коомдук жана эмгек жолун аң сезимдүү тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында класс жетекчи үйүндө окутулган балдар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен анын кесиптик багыты боюнча иш жүргүзөт.
27. Жалпы билим берүү уюму үй-бүлөнүн жана жалпы билим берүү уюмунун болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен улуу курактагы балдар үчүн үйдөгү дистанциялык (компьютердик) окутууну уюштура алат.
4. Билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
28. Билим берүү процессинин катышуучулары болуп окуучулар, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), мугалимдер, жалпы билим берүү уюмунун администрациясы саналат.
29. Окуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик билим берүү стандартынын алкагында билим берүүнүн бардык баскычтарын акысыз алууга;
- адамдын кадыр-баркын сыйлоого, өзүнүн көз караштарын жана ынанымдарын эркин билдирүүгө;
- күч колдонгон жана психологиялык зомбулуктун бардык түрүнөн коргонууга;
- китепкана фондун, билим алуу процессинде зарыл болгон окуу куралдарын жана дидактикалык материалдарды пайдаланууга.
30. Окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жалпы билим берүү уюмунун уставын сактоого;
- ак ниеттүүлүк менен окууга, билим берүү программаларын аң-сезимдүү жана чыгармачылык менен өздөштүрүү үчүн умтулууга;
- мугалимдердин жана жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлеринин ар намысын жана кадыр-баркын урматтоого;
- сабактардын расписаниесин сактоого;
- сабактар үчүн бөлүнгөн сааттарда үйдө болууга;
- жеке сабактардын күндөлүгүн жүргүзүүгө.
31. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө укуктуу:
- баланын мыйзамдуу укуктарын коргоого;
- талаш кырдаалды чечүү үчүн жалпы билим берүү уюмунун администрациясына, же болбосо билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун аймактык органдарына кайрылууга;
- жалпы билим берүү уюмунун администрациясынын уруксаты менен сабактарга катышууга;
- баланын жөндөмүн жана кызыкчылыктарын эске алуу менен сабактардын расписаниесин түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.
32. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жалпы билим берүү уюмунун талаптарын аткарууга;
- баланын мектепке жана билим берүүгө болгон кызыгуусун колдоого;
- мугалимге дарыгердин сунуштоолору, режимдин өзгөчөлүгү тууралуу билдирүүгө;
- билимди өздөштүрүүгө түрткү берүүчү сабактарды өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө;
- бала ооруп калган учурда сабактарды токтотуу жана сабактарды кайра баштоо жөнүндө жалпы билим берүү уюмун өз убагында, бир күндүн ичинде маалымдоого;
- жеке сабактардын күндөлүгүнүн жүргүзүлүшүн, үй тапшырмасынын аткарылышын контролдоого.
33. Мугалим төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик билим берүү программаларын баланын шыгын жана кызыкчылыктарын эске алуу менен аткарууга;
- окуу китеби, маалымдама жана көркөм адабият менен өз алдынча иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө;
- оорунун, режимдин жана үй тапшырмаларын уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн билүүгө;
- ашыра тапшырмаларды бербөөгө, жеке пландарды түзүүгө;
- өткөрүлгөн сабактарды эсепке алуу журналдарын өз убагында толтурууга;
- окуучу тарабынан жеке сабактардын күндөлүгүнүн жүргүзүлүшүн контролдоого жана ага өткөрүлгөн сабак тууралуу кол коюуга (расписание, аттестациялоо, үй тапшырмаларын жазуу).
34. Класс жетекчи төмөнкүлөргө милдеттүү:
- баланы үйүндө окутуп жаткан мугалимдер, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен сабактардын расписаниесин макулдашууга;
- окуучулар жана ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен байланышып турууга, окуучунун адаттарын жана өзгөчөлүктөрүн аныктоого, баланын ден соолугунун абалы жөнүндө билүүгө;
- жеке сабактардын күндөлүгүнүн жүргүзүлүшүн контролдоого.
35. Жалпы билим берүү уюму:
- окуучуну үйүндө окутуу мезгилинде акысыз окуу, методикалык адабият жана окуу куралдары менен камсыз кылат;
- окуу программаларынын аткарылышын, жеке окутуу методикасын, окуучуну аттестациялоону, документтердин таризделишин чейректе жок дегенде бир жолу контролдойт;
- үйүндө окутууну эсепке алуу журналынын жана үйүндө сабак өткөрүүнүн өз убагында жүргүзүлүшүн контролдойт;
- мугалимдерди өз убагында тандоону камсыздайт;
- педагогика жаатындагы адистер менен камсыз кылат, жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүү үчүн керектүү методикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
- орто аралык жана мамлекеттик (жыйынтыктоочу) аттестациялоону күч келтирбеген режимде (окуучунун ишке жөндөмүн эске алуу жана дене тарбия тыныгууларын колдонуу) ишке ашырат;
- мамлекеттик (жыйынтыктоочу) аттестациялоодон өткөндөргө билим берүүнүн тиешелүү деңгээли тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документти берет.
5. Үйүндө окутулган балдарды аттестациялоодон өткөрүү тартиби
36. Окуу чейрегинин жана жылдын жыйынтыктары боюнча үйүндө окутулган балдардын мамлекеттик билим берүү стандарттарын өздөштүрүү деңгээлин контролдоо үчүн мугалимдер класс жетекчинин катышуусунда контролдук иштерди өткөрүшөт.
37. Мугалимдер окуучулардын алган бааларын чейректин (жарым жылдыктын) аягында класстык журналга коюшат.
38. Предметтер боюнча түзөтүлгөн окуу программаларынын аткарылышын талдоонун жана жылдык оң баалардын негизинде балдарды кийинки класска которуу жөнүндө чечим жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңеши тарабынан кабыл алынат.
39. Окуучуларды орто аралык, мамлекеттик (жыйынтыктоочу) аттестациялоо билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жалпы билим берүү уюмдарында мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясын өткөрүүнүн жана окуучуларды класстан класска көчүрүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык баланын ден соолугуна терс таасир тийгизүүгө жол бербеген шарттарда ишке ашырылат.
40. Баланы учурдагы жана орто аралык аттестациялоо жөнүндө, аны класстан класска көчүрүү тууралуу, жыйынтыктоочу аттестациялоонун натыйжалары жана жалпы билим берүү уюмунан чыгаруу жөнүндө маалыматтарды мугалим өз убагында класстык журналга киргизет. Коюлган баалар жана өткөрүлгөн сабактардын күнү жеке сабактардын күндөлүгүндө жазылган жазууларга шайкеш келүүгө тийиш.